Транссиб сапары. Австриялык фотографтын Россияга саякаты

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүКругобайкал темир жолу. Архив
Кругобайкал темир жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Австриялык фотограф жана дизайнер Георг Валльнер Зальцбургдан поезд менен келип, Транссибирь багыты боюнча узун саякатка чыккан. Анын жол баяны биздин өнөктөш – РИА Новости агенттигине жарыяланган.

Георг он миңдеген чакырым жол жүргөн. Айтымында, купеге караганда плацкартада коопсуз, Россия тууралуу көндүм пикирлери өзгөрдү, ошондой эле айрым сапарлаштар "жашыруун агент" сымал.

Тээ балалыктан бери поезд менен саякаттоону жактырам. Барар жериңе жеткендеги жай ыргак көңүлүмө төп. Учактан чыгып эле жетип калбайсың. Анан да вагондо уктаганды жакшы көрөм, бул таптакыр өзгөчө сезимдерге бөлөйт. Дал ушул себептен, былтыр жайда журналист Марина Дмуховская жана Анюта Прохорова менен биргеликте жол жүрүүнүн ушундай ыкмасын тандаганбыз.

Рязань шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы көздүү козу карындар. Рязань шаарындагы сейил
Марина Зальцбургда Биатлончулардын эл аралык биримдигинин коммуникация боюнча менеджери эле, биздин тааныштыгыбыз ошол жактан башталган. Ал эми Дубайда жашап-иштеп келген Анюта анын курбусу, психологияга кызыгат.

Балалык кыялым машинист болуу эле… Аткарылбай жүргөн, бирок Транссибирь багыты боюнча сапар ошол тилегиме мени жакындатты. Анан да досторумдун бири тамашалагандай, мен үчүн "Россияны багындыруу" ыкмасы болду.

Австриядан Владивостокко чейин поезд алмаштырбай эле жете аласың. Анүчүн Ницца — Москва, андан түз поездге отурасың. Бирок көбүрөөк жер көргүм келип, 13 курамды алмаштырдым. Адегенде Польшага барчу вагонго, андан соң Познань шаарында Берлин — Москва поездине отурдум. Россиянын борборунан чыгып, Транссибге дейре шаардан шаарга жүрүп отурдук.

Австрия менен Россиянын темир жол саякаттары жана анын табияты кескин айырмаланат. Бизде поезддеги төрт саат абдан узак туюлат. Бир суткадан ашык вагондо отурууну элестетүү кыйын! Европада жолдо дайым мобилдик интернет бар. Ал эми Россияда байланыш жокто телефонду салып коюп, сапарлаштар менен баарлашып же терезеге тигиле жол жүрөсүң.

Кээ күндөрү биз поездде эки сутка жол жүрдүк, ырахат алдым. Таңда ойгонуштун кажети жок. Анда-санда шам-шум этип калбасаң эле, керээли-кечке терезени тиктеп отурууга болот. Волга жана Амур өңдүү ири дайралардагы күн батымына карап эле отургуң келет. Көркөмү көз жоосун алат! Жолдогу узун сүргөн тынымдар да ушунчалык жагымдуу. Чыгып тамак сатып аласың, сейилдөөгө убакыт табылат.

Форостогу чиркөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аска бооруна чегилген тарых. Крымдын даңазалуу храмдары
Саякатта биз поездде он жолу түнөдүк. Ал эми Нижний Новгород, Казань, Екатеринбург, Красноярск, Иркутск, Олхон аралында, Улан-Удэ, Благовещенск, Хабаровск жана Владивостокто отелге бардык.

Ар бир калаада кызыктуу окуяларга кабылдык, жагымдуу жолугушууларыбыз болду. Мисалы, мен аскага чыгууга кызыгам. Ошондуктан Красноярскиге жакын чокуну багынтканым катуу таасирлентти.

Жергиликтүү "Столбы" коругундагы альпинист Иринага аябай суктандым. 60 жашта экенине карабай, аска бетинде менден ашып кетип жатты. Англис тилинде жакшы сүйлөй албайт экен, ал эми мен таптакыр орусча билбейм. Бирок экөөбүз тең альпинисттик терминдерди билгендиктен, бир топ нерседен кеп козгодук. Ал эми менин орус улутундагы досторум экөөбүздүн сөзүбүздү түшүнүшкөн жок.

Мамычылардын катарына кошулуп кала жаздадым. Бул – өз субмаданияты бар красноярскилик альпинисттердин эркин коому. Мекенимде коргоочу жабдык менен аскага чыгам. Кээде боулдеринг (альпинизмдин бир түрү) кылам, бул кыска, бирок абдан татаал маршруттар. "Мамыларда" багыттардын көбү бийик, кооптуу.

Кыйла бийик Дед деп аталган аскага чыктык, татаалдыгын, тобокелдүүлүгүн айтпаңыз. Андай бийик чокуну атайын жабдуусуз багындырам деп ойлогон эмес элем! Кайра кайткан жолдо Ирина бизди маркум мамычылардын ысымдары чегилген тоо боорунун жанынан алып өттү. Эсибизге келтиргендей эле болду.

Тульский кремль - Sputnik Кыргызстан
Пряник, самоор жана курал-жарак калаасы. Тула шаарынын кызыктары
Россияда "Нива" ижаралап алып, ырахаттана айдагым келди. Бир жолкусунда чакан кыштакта менин досторум ушул автомобилди көрүп калып, айдап көрүүнү өтүнүштү. Кожойкеси жок дебеди! Укмуш окуя болду мен үчүн! Австрияда машинасын бейтааныш бирөөнө карматып коеру күмөн.

Владивостокто "Заря" заманбап искусство борборундагы иш-чарадан кийин бир жаш жигит жаныбызга келип, досторунан, мыйзамсыз автоунаа жарыштан кеп салды. Ошол түнү эле драгрейсерлердин жолугушуусуна бардым. Ал түгүл жарышка түштүм! Айрыкча, бурулуштар жүрөк үшүн алат. Бирок коркунучунан кызыгы арбын.

Биздин купеге эки сапарлаш отуруп калды. Алардын жумуштары тууралуу айткандарын жаздырууга каршы болушту, ысымдарын аташпады. Дээрлик жашыруун агенттердей эле экен. Бири жол кырсыктары боюнча тергөөчү, экинчиси бир убакта армияда "Космос" ракеталары менен алектениптир. Башка ооз ачпады. Ал эми анын армиядагы ишмердигине азыркыга чейин кызыгуум тарай элек.

Россияга келерден мурда бул укмуш өлкө экенин, бирок чыгышка карай узаган сайын цивилизация азаярын уккан элем. Табияттан да, адамдардан да этият болгон оң дешкен. Мунун баары жалган экен! Балким башкалардын тажрыйбасы бөлөк болгон чыгар. Айрыкча жалгыз саякаттап, тил билбесең кыйындыр. Биз үч шерик, анүстүнө эки россиялык кыз жанымда болгондуктан тил жагынан дегеле кыйналбадым.

Кээде адамдардын кыртышы мени сүйбөгөндөй туюлуп жатты. Бирок чет жерден экенимди укканда баары жылмайып, дароо сүйкүмдүү боло түшүштү. Менимче, дал ушул нерсе саякат үчүн Россиянын жагымдуулугун арттырат. Туристтердин түгөнбөгөн агымынан жапа чеккен бөлөк өлкөлөргө салыштырмалуу бул жакта сырттан келген меймандарга ачык.

Тобольский кремль - Sputnik Кыргызстан
Сибирь саякаты: Распутиндин отургучуна отурган барбы?
"Орустар арак ичет" деген көндүм пикир азыр артта калгандай. Кызуу бир жүргүнчүнү поездден түшүрүп салганына күбө болдук. Россияны кыдыруу абдан коопсуз. Өзгөчө үчүнчү класста (плацкарта — ред. ) жол жүргөн жакшы, көбү үй-бүлөсү менен ушул класста жол жүрөт, сапарлаштар бири-бирин көрө алат.

Mesto47 долбоору адамдардын тоо чокусунда да, чакан кыштактарда да, түнкү поезддердеги да окуяларынын сериясына айланды.

"Бул карапайым адамдар – Россия туурасындагы биз саякаттаган шаарларда капыс кезиккендер, поезддеги сапарлаштардын айткандары аркылуу жазылган ачык баян. Мындай демилге Зальцбургдагы сыраканада жаралган.

Mesto47 — тагдыр чечерлик жолугушуулардын табигыйлыгын белгилеген капысынан тандалган сан, — деп түшүндүрөт Марина Дмуховская. — Купеде үч киши элек, мен журналисттин, Георг креативдүү лидер жана фотографтын ролунда жана менин курбум Анна психолог катары жолго чыкканбыз".

"Коронавирус пандемиясы бүткөн соң кайра кайтууга ниеттенем, Ярославль менен Новосибирскини бир көргүм келет", — дейт Георг.

Мүмкүнчүлүк жаралса эл таанып, жер көрүүгө эмне жетсин.

Жаңылыктар түрмөгү
0