COVID менен күрөш: россиялык дарынын алгачкы партиясы ооруканаларга жеткирилди

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүВируска каршы таблеткалары. Архив
Вируска каршы таблеткалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Авифавир" РФ жарандары үчүн ОМС программасынын негизинде акысыз болот. Бүгүнкү күндө ага ондон ашык мамлекет буюртма берген.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Россиянын түз инвестициялар фонду жана "ХимРар" компанияларынын тобу коронавируска каршы чыгарылган "Авифавир" препаратынын алгачкы партиясын өлкө ооруканаларына жеткире баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Дары Москва, Ленинград, Новгород, Киров облустарынын, Татарстан республикасынын жана Екатеринбургдун ооруканаларына келди. Эми айдын аягына чейин "Авифавирдин" 60 миң курсу жеткирилмекчи.

Маалыматта эгер зарылдык жаралса, препараттын курсун жылына эки миллионго чейин чыгарууга мүмкүнчүлүк бар экени айтылат.

Москва шаарындагы кызыл аянт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада коронавирустан улам кирген чектөөлөр качан алынары айтылды
"Авифавир" Data Matrix коду бар. Маркировка — дарынын нак өзү экенин тастыктаган паспорттун аналогу, ал ар бир таңгактын чыккандан баштап дарыканага же медицина мекемесине кандайча келгенин көрсөтүп турат.

"Фавипиравирдин" базасында даярдалган "Авифавир" — дүйнөдө коронавируска каршы каттоодон өткөн эки дарынын бири. Ал клиникалык сыноодон өтүп, өз натыйжалуулугун далилдеген. Май айында препарат Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин каттоосунан өткөн. Азырынча аны дарыканалардан сатып алуу мүмкүн эмес, стационардагы бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө гана колдоно алат.

"Авифавир" РФ жарандары үчүн ОМС программасынын негизинде акысыз болот. Бүгүнкү күндө ага ондон ашык мамлекет буюртма берген. Клиникалык сыноонун жыйынтыгына ылайык, препарат көптү үмүттөндүргөн дары болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0