Антиторпеда: россиялык фрегаттардын өзгөчөлүгү

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүү"Флот адмиралы Касатонов" аттуу фрегат. Архив
Флот адмиралы Касатонов аттуу фрегат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда кеме куруу жанданууда. Буга НАТОнун активдешүүсү да түрткү болду. Дүйнөлүк океанда Россиянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 22350 долбоорунун ыраак деңиздик аймактын ракеталык кемелери курулуп жатат. Бул суу көлүгүн аскерий баяндамачы Александр Хроленко мүнөздөдү.

22350 долбоорунун "Флот адмиралы Касатонов" аттуу биринчи сериялык фрегатынын Түндүк жана Балтика флотторундагы сыноолору ийгиликтүү жыйынтыкталды. 2020-жылдын июль айынан тарта Россиянын Аскердик-деңиз флотунун курамына кирет. Бул долбоордун көзгө көрүнбөс ракеталык кемелеринин чыгарылышы флоттун мүмкүнчүлүктөрүн сапаттуу түрдө арттырды.

Фрегат он алты "Оникс" же "Калибр-НК" канаттуу ракета менен жабдылган. Душмандын кемелери жана жээк аймактары боюнча бирдей даражада ийгиликтүү "иштей алат". Бортунда "Редут" зениттик ракеталык комплекси, А-192 130 мм артиллериялык орнотмо, "Пакет-НК" кемеге каршы сокку уруучу комплекс жана Ка-27 кемеге каршы тик учагы жайгаштырылган.

Корпусу көзгө көрүнүшүн төмөндөтүү технологиясы менен жасалгандыктан, болжолдуу душман радиолокациялык станция каражаттары менен да кемени кармаш кыйын. Алыскы деңиз аймагынын "Адмирал Касатонов" заманбап күчтүү фрегаты суу үстүндөгү жана суу түбүндөгү кайыктарды издөө жана жок кылуу, кеме жана суднолорду абадан коргоо, ракетага каршы жана кемеге каршы коргоо үчүн, деңиз десанты менен биргелешкен аракеттерди жүргүзүү, жарандык кеме жана өндүрүштүк объектилерди коргоого багытталган.

Россиянын аскер кызматкери машыгуу учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Америка да алсам дейт. Калашников автоматы дүйнөнү багынтууда
Кеменин суу сыйымдуулугу – 5 миң тонна, узундугу – 135 метр, туурасы 16 метрди түзөт. 65 миң а/к кубаттуулуктагы негизги энергетикалык түзүлүшү 30 узелге чейинки ылдамдыкты камсыз кылат. 4500 милге чейин сүзүп, сууда 30 суткага чейин кармалып, 170 кишиге чейинки экипажды батыра алат.

"Советтер Союзунун флотунун адмиралы Горшков" долбоорунун башкы фрегаты 2018-жылдын Түндүк флотунун кемелеринин 43-ракеталык дивизиясынын курамына кирип, океанда өзүн мыкты көрсөтө алды.

2019-жылдын 26-февралынан 19-августуна чейин 35 миң деңиз милдик жол басып, анын ичинде Суэц жана Панама каналдары менен кошо жер жүзүн айланып чыккан. Июндун аягында "Түндүк верфь" кеме куруучу заводунда 22350 долбоорунун дагы эки фрегатынын пайдубалы түптөлөрү күтүлүүдө.

"Адмирал Головко" экинчи сериялык фрегаты курулууда (ал май айында сууга кое берилген). "Советтер Союзунун флотунун адмиралы Исаков", "Адмирал Амелько" жана "Адмирал Чичагов" кемелеринин курулушу дале уланууда.

Уникалдуу курал

Мамлекеттик сыноолордун жүрүшүндө "Адмирал Касатоновдун" бардык долбоордук мүнөздөмөлөрү текшерилген. Кеме механизмдери, радиолокациялык станциялар жана радиоэлектрондук күрөш тутумдары, борттук куралдын бардык комплекси, атомго каршы коргоо жабдыктары, ошондой эле суу алдындагы кайык жана авиация менен өз ара аракеттешүүсүнүн технологиялык чынжыры жана алгоритмдери сыналган.

Ошондой баскычтардын биринде, тагыраагы, 3-июнда жапжаңы фрегатка окуу торпедасы чабуул койгон. Ал эми "Адмирал Касатонов" экипажын коргоо үчүн "Пакет-НК" комплексинин антиторпедасын ийгиликтүү пайдаланган. Абадан коргонуу атмосфералык тутумун эске салган кеменин суу алдындагы коргонуу системасынын дүйнөдө теңдеши жок. "Пакет-НК" комплексинин курамындагы антиторпеда суу түбүндө саатына 50 чакырым ылдамдык менен жылат. Бутасын таамай талкалай алышына инерциялык система жана антиторпеданы кыймылга келтирүүчү акустикалык активдүү-пассивдүү тутуму жардамга келет.

Открытие 10-й международной выставки Russia Arms Expo - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдө Т-15 "Арматанын" теңдеши жокпу? Cууга чөкпөс, отко күйбөс курал
Тротилдик эквивалентте 80 кг кубаттуулуктагы бризанттык-фугастык аскердик бөлүк байланышсыз жардыргыч менен жабдылып, ар кандай жумушчу тереңдикте болжолдуу душмандын торпедаларын таамай жок кылат.

"Пакет-НК" кемеге каршы комплекси кемеге (же субмаринага) жакын аймактагы суу алдындагы кайыктарды жок кылууга багытталган. Башкаруу тутумунан, бута белгилөөчү атайын жасалган гидроакустикалык станциядан кыймылга келтирүүчү орнотмо жана кемеге каршы, антиторпедалык варианттардагы аз габариттүү торпедалардын өзүнөн турат.

"Пакет" автономдук түрдө жана кемеге каршы, торпедалык коргоо кеме контурунун курамында кемелик гидроакустикалык комплекс жана станциялардын маалыматтары боюнча бута белгилөөнү автоматтык режимде камсыз кылат. Чабуул койгон кемелерди автономдук түрдө табуу, алардын классификациясы жана кыймылынын параметрлерин аныктай алышы коргоонун эки эсе бышыктыгын камсыздайт.

Модулдук типтеги кыймылга келтирүүчү орнотмосу аз габариттүү жылуулук торпедалары жана ар кыл комбинациядагы антиторпедаларды алардын аткара турган милдеттерине жараша пайдаланууга мүмкүндүк берет. "Пакет-НК" комплексинин конструкциясында агрессивдик чөйрөдө узак убакыт бою эксплуатациялоо жана күтүлбөгөн гидрологиялык шарттарда колдонуунун өзгөчөлүктөрү эске алынган.

Кемеге каршы коргонуусун бекемдөө менен уникалдуу комплекс кеменин согушка чыдамкайлыгын кыйла жогорулатат. Куралдануунун бул принципиалдуу жаңы тутуму 22350 долбоорунун "Адмирал Касатонов" фрегатынын "беделине чийимдердин" бирөө гана.

Даңктуу иштин башатында

Андреевский туусунун көтөрүлүшүнө саналуу гана күндөр калды. Кубаттуу жана кооз кеменин "бешенесине" он жылдык катаал жана татаал кызмат күн мурунтан жазылган. "Адмирал Касатоновдун" тагдыры дурус нук алууда.

Церемония поднятия флага на корабле Дмитрий Рогачев - Sputnik Кыргызстан
Крымда универсалдуу десанттык кеме курулат. Россиялык "Мистралдын" өзгөчөлүктөрү
Фрегат россиялык "өзөгү", Рыбинскидеги "Сатурн" илимий-өндүрүштүк уюму тарабынан чыгарылган М-55Р дизель-газотурбиндик агрегаты менен болушунча тез курулган

(украиналык өндүрүшчүлөр менен россиялык аскердик-өндүрүштүк комплекстин мамилеси үзүлгөндөн кийин бул абдан маанилүү эле).

Сууга 2014-жылы 12-декабрда салтанаттуу шаң менен Владимир Афанасьевич Касатоновдун уулу, адмирал Игорь Касатоновдун катышуусунда кое берилген. Мындай ийгилик ар бир кемеге эле буйруй бербейт. Салыштыруу үчүн 22350 долбоорунун ыраак деңиз аймагынын негизги фрегатынын курулушу СССР ыдырагандан кийин "технологиялык тынымдан" улам кыйындаган.

2010-жылы сууга коё берилген "Советтер Союзунун флотунун адмиралы Горшков" кемеси суу бетиндеги ири согуштук кемеге айланган (иш жүзүндө – биринчи рангдагы). Ал 21-кылымда Россиядагы кеме куруучу жана ремонттоочу жайда курула баштаган. Адегенде РФ коргоо министри мындай кемеден 20 даана курууну (ар бир флотко бештен) пландаган.

Адистердин эсебинде 22350 долбоорунун фрегаты 400 миллион доллардын тегерегинде турат. Жаңы куралдарды жасоо чыгымдары эсепке алынса, наркы 500 млн. долларга чыгышы ыктымал. Кымбат, бирок коопсуздук менен эгемендиктин баасы ушундай.

Жаңылыктар түрмөгү
0