Россиядагы коомуналдык кызматта иштеген мигранттар. Архивдик сүрөт

РФте миграциялык каттоого 15-сентябрга чейин баш оорутмай жок. Маанилүү кабар

341
(жаңыланган 09:33 18.06.2020)
Россия президентинин Жарлыгынын аркасында мигранттардын каттоосунун мөөнөтү өтүп кеткен болсо да, 15-сентябрга чейин эскирбейт. Аны узартам деп убара болуунун кажети жок.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. 15-сентябрга чейин Кыргызстан жарандарына карата Россиядагы миграциялык каттоо токтотулгандыгын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Ага ылайык, тиешелүү Жарлыкка 15-июнда Россиянын президенти Владимир Путин кол койгон.

Анын негизинде 2020-жылдын 15-сентябрына чейин төмөнкү документтердин мөөнөтү узартылат:

  • визалар;
  • убактылуу жашоого уруксат (РВП);
  • Россия Федерациясында жашап турууга уруксат (ВНЖ);
  • колдонуу мөөнөтү жөнүндө белгилери бар миграциялык карта;
  • качкындардын күбөлүктөрү;
  • Россияда качкын макамын алуу жөнүндө арызды карап чыккандыгы тууралуу күбөлүк;
  • Россиядагы убактылуу башпаанек жөнүндөгү күбөлүк;
  • Мамлекеттик программанын катышуучусунун сертификаттары.
"Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн документтердин биринин 2020-жылдын 15-мартынан 15-сентябрына чейинки убакыттын аралыгында жарактуу мөөнөтү бүтсө, документ автоматтык түрдө 15-сентябрга чейин узартылат. Жогоруда көрсөтүлгөн документтердин мөөнөтүн узартуу үчүн Россиянын Ички иштер министрлигинин тиешелүү органдарына кайрылуунун кереги жок", — деп айтылат маалыматта.

Мисалы, Кыргызстан жаранынын үстүбүздөгү жылдын 16-мартында миграциялык картасы, убактылуу жашап турууга уруксаты же Россияда жашап турууга уруксатынын мөөнөтү өтүп кеткен болсо, ал автоматтык түрдө 2020-жылдын 15-сентябрына чейин узартылат. РФтин Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнө кайрылуунун кажети жок.

Ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга карата

  • Россияда убактылуу туруу;
  • Россияда убактылуу же туруктуу жашоо;
  • миграциялык каттоого туруу,
  • мекендештерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн көчүрүп келүү программасынын катышуучуларынын (убактылуу жашап турууга уруксаты же Россияда жашап турууга уруксаты бар жарандар) Россиянын чегинен тышкары жерде жүргөн убактысынын (эгер алар Россия Федерациясынын аймагына 6 айлык мөөнөттүн ичинде кире алышпаса) мөөнөтү;
  • Россиянын аймагынан административдик түрдө чыгаруу, депортация же реадмиссия жөнүндө чечим кабыл алынган чет өлкөлүк жарандардын Россиядан ыктыярдуу чыгып кетүү мөөнөттөрү 2020-жылдын 15-сентябрына чейин узартылды.
"Бул категориядагы КР жарандарынын жогоруда көрсөтүлгөн документтердин мөөнөтүн узартуу үчүн Россиянын Ички иштер министрлигинин тиешелүү органдарына кайрылуусунун кажети жок. Эгерде кыргызстандык жарандын миграциялык каттоосунун мөөнөтү 15-марттан 15-сентябрына чейинки убакыттын аралыгында бүтүп калса, каттоо автоматтык түрдө 15-сентябрга чейин жарактуу болот. Россиянын Ички иштер министрлигинин тиешелүү органдарына кайрылып кереги жок", — деп айтылган маалыматта.

Элчилик төмөнкү учурду баса белгилеп, Россияда убактылуу жашаган жеринде каттоо үчүн арыз менен кайрылууну сунуштаган.

"Эгерде миграциялык каттоонун мөөнөтү 15-мартка чейин бүткөн болсо (б.а. үстүбүздөгү жылдын 1-мартында), Россияда жүргөнүңүздү мыйзамдаштыруу үчүн учурдагы кырдаалга жана Россиянын чегинен тышкары чыга албагандыгыңызга байланыштуу Россиянын Ички иштер министрлигине тезинен Россияда убактылуу жашаган жеринде каттоо үчүн арыз менен кайрылууну сунуштайбыз", — деп билдирген элчилик.

Иштөөгө берилген уруксаттын, патенттердин, чет өлкөлүк жумушчуларды тартууга жана пайдаланууга уруксат кылган мөөнөт бүтүп калбай тургандыгын элчилик дагы бир ирет маалымдаган. Тагыраагы, жумуш берүүчү тарап чет өлкөлүк жаран менен, анын ичинде кыргызстандык менен эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүлгөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органынын миграция бөлүмүнө билдирме берүүгө милдеттүү.

"Башкача айтканда, эгерде Кыргызстан жарандары жумушка кирсе, иш берүүчүлөр Россиянын Ички иштер министрлигине жумушка орношуу жөнүндө тиешелүү билдирүүнү жөнөтүшү керек", — деп айтылат маалыматта.

Россия президенти Путиндин жаңы Жарлыгына ылайык, 15-марттан 15-сентябрга чейин чет өлкөлүк жарандарга байланыштуу төмөнкү чечимдер кабыл алынбайт:

  • алардын өлкөдө жашашына же туруусуна мүмкүн эместиги жөнүндө;
  • Россиядан административдик түрдө чыгаруу жөнүндө;
  • депортация же реадмиссия жөнүндө;
  • качкын статусунан же убактылуу баш калкалоодон ажыратуу жөнүндө;
  • мурда берилген визаларды, иштөөгө уруксаттарды, патенттерди, РВПны, Россияда жашап турууга уруксатты, мамлекеттик программанын катышуучусунун күбөлүктөрүн жокко чыгаруу жөнүндө.

Кыргызстандын жарандарына карата жогорудагы чечимдер кабыл алынган учурда элчиликтин консулдук бөлүмүнө кайрылуу керек (дарек: 119017, Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 62, курулуш 2 (Погорельский каптал көчөсүнөн кирүү).

Тел.: +79251032911; +74992383304, +74992301117.
Факс: +74992385069.

341
Белгилер:
документ, патент, узартуу, жарлык, Мигрант, коронавирус, Владимир Путин, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Жогоруладыбы же түштүбү? COVID-19дун Россиядан которулган акчага таасири
Россиядагы элчилик кыргызстандыктар үчүн маанилүү маалымат таратты
Президент Сооронбай Жээнбеков Биринчи радиого маек берип жатканда

Жээнбеков Путин менен жолугар алдында эмне деди. Мамиле, кызматташтык, деңгээл

215
(жаңыланган 16:48 26.09.2020)
Келе жаткан жумада мамлекет башчы иш сапары менен Россияга барат. Маек учурунда Владимир Путин менен бир катар маселелерди талкуулай турганын билдирген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Россия менен эриш-аркак жылынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды аткарууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек берип жатканда айтты.

Журналист мамлекет башчыдан РФ менен бүгүнкү кызматташтыктын деңгээлин кандай баалай турганын жана өлкө ортосунда эриш-аркак жылындагы пландар тууралуу сураган.

Президент Россия менен иштешүүгө чоң маани берилерин жана учурдагы мамиле эң жакшы экенин айткан.

"Эмки жумада, кудай буюрса, Россияга иш сапар менен барып, Владимир Путин менен жолугушам. Бир катар маселелерди талкуулайбыз. Ушул жумада өкмөттөр аралык комиссиянын 22-жыйыны Бишкекте өттү. Бул эриш-аркак жылдын биргелешкен программасынын алкагындагы маанилүү иш-чара. Комиссия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча маселелерди карады. Кээ бир иш-чаралар, тилекке каршы, абалга жараша токтоп турат. Алардын мөөнөтүн өзгөртүү боюнча Россия менен сүйлөшүп жатабыз", — деген президент.

Жээнбеков парламентке канча партиянын келишин каалай турганын айтты

Президент эриш-аркак жылынын жабылыш аземи 2021-жылга жылдырылганын кошумчалаган.

"Кыйынчылыктарга карабастан биз стратегиялык өнөктөшүбүз, союздашыбыз Россия менен эриш-аркак жылынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды аткарууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз жана жумшап жатабыз", — деген Жээнбеков.

Кыргыз-Россия эриш-аркак жылында баш-аягы 200гө чукул иш-чараларды өткөрүү пландалып, бирок пандемиядан улам түрдүү мөөнөттөргө жылдырылган болчу.

215
Белгилер:
иш-чара, Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы, кызматташтык, Сооронбай Жээнбеков, Россия, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы
Тема боюнча
Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу
Искандер-М ракетасы машыгуу убагында полигондо. Архивдик сүрөт

"Ачык каалганы каккылоо". Москва АКШны жаза таюудан сак болууга чакырды

225
(жаңыланган 13:59 26.09.2020)
Россия Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимдин (ДНСВ-3) сакталышын колдоп, Кошмо Штаттарды аны узартууга үндөөдө.

Сүйлөшүүлөр жай мезгилинен бери созулуп келет. Вашингтон документтин кайра каралышын талап кылат, Москва аны өзгөртүүдөн баш тартат. Маселе эмнеде экенин талдап көрүшкөн серепчилер Галия Ибрагимова жана Софья Мельничуктун макаласы РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

"Биз жоопту уга албай турабыз"

"Ыкчам түрдө чечүүгө боло турган, бачым чечилиши зарыл болгон биринчи кезектеги маселе — бул, албетте, Россия Федерациясы жана Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы Россия Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимди узартуу. Анын мөөнөтү аяктаарына өтө аз калды, 2021-жылдын февралында бүтөт. Америкалык өнөктөштөрүбүз менен мындай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз", — деди президент Владимир Путин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 75-жыйынынын ачылышында.

БУУну АКШ ыдыраткысы, Россия куткаргысы бар

Россиялык президент өлкөлөрдү жаңы ракеталык тутумдарды ачууда сабырдуулукка чакырды. Өткөн жылы Кошмо Штаттар Чакан жана орто аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимден чыгып кеткен, андан соң Москва аларды Европага жайгаштырууга мораторий жарыялаган. Путин ал боюнча "Бул АКШ мындай чараларга баруудан карманып турганга чейин. Тилекке каршы, биздин сунушка америкалык өнөктөштөрдөн да, алардын өнөктөштөрүнөн да жоопту азырынча уга элекпиз", — деп кошумчалады ал.

СНВ-3 келишимин узартууну Антониу Гутерриш да бир нече ирет сунуштаган. Ал эми келишимге Кытайды кошуу боюнча АКШнын талабына БУУнун башкы катчысы терс пикирде.

Америкалыктарга "катуу жаза таюудан" сак болууга Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя да эскерткен.

Стратегиялык коопсуздуктун үлкөндөрү

ДСНВ-3 — өзөктүк технологияларды көзөмөлдөө чөйрөсүндө негиз салуучу документ. Ага 2010-жылы кол коюу менен Москва менен Вашингтон стратегиялык арсеналдарды кыскартууга милдеттенме алышкан.

Процесс жетимишинчи жылдардын башында эле башталган. Ал кезде кансыз согуштагы каршылаштар Стратегиялык куралдарды чектөө тууралуу алгачкы келишимди (ОСВ-1) түзүшкөн. Ошондон тарта бул жаатта эки тараптуу келишимге жети ирет кол коюлган.

АКШ аларды аткарууда эч качан шек жараткан эмес, бирок Дональд Трамп тактыга отургандан бери баары өзгөрдү. Ак үйдүн башчысы макулдашууларды учурдагы кырдаалга ылайыктоого умтулат. Келечекте куралдануунун жаңы жарышы аны коркутпайт.

Россиянын учкучсуз "Охотниги" АКШ менен НАТОну санаага салууда. Себеби

Чакан жана орто аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимден чыгуу тууралуу 2019-жылдын августунда жарыялаган чечимин Кошмо Штаттар Россияга карата дооматтары менен түшүндүргөн.

Алардын негизгиси – Москва кыязы, документ тыюу салган SSC-8 ракетасын сынаган имиш (россиялык классификациясы — 9M729). Бирок америкалыктар эч кандай так бир далил келтире алышкан эмес.

Анткен менен бейформал сүйлөшүүлөрдө маселе Москванын кадамдарында эмес экенин моюнга алышкан. Пентагон Кытай чакан жана орто ыраактыктагы ракеталарды чыгарып жатканынан шектенип, кытай бийлигинен стратегиялык куралдануу боюнча сүйлөшүүлөргө кошулууну талап кылган. Пекин Американын андай каалоолорун капарга алган эмес.

2020-жылы майда АКШ Ачык асман боюнча келишимден чыгып, кайрадан Москваны "орустар инспекциялык учуштарга жолтоо болууда" деп айыптаган. Россиянын коргоо министри муну жокко чыгарган. Аталган министрлик америкалыктар космосту активдүү өздөштүрүүгө ниеткер, ал эми бул келишим аларга жол бербегендигин боолголошот.

Өзөктүк паритет

"АКШ жана НАТО Кытайдын өзөктүк программасы тез өнүгүп жатканынан чочулайт. Кыязы, кытайлыктар бул маселеде Вашингтон жана Москва менен теңдештүүгө ниеттенет өңдөнөт", — деп түшүндүргөн ушул жайда куралданууну көзөмөлдөө боюнча АКШнын атайын өкүлү Маршалл Биллингсли.

Лавров: ШКУга мүчө өлкөлөр Ирандын өзөктүк программасы боюнча планды колдойт

Вашингтон Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишим Россиянын тактикалык өзөктүк дараметин чектебегенине нааразы. Биллингсли стратегиялык куралдардын верификациясынын азыркы механизмин да сынга алган эле.

Талкуу баары бир башталды, бирок америкалыктар кезектеги талабын билдирди. "АКШ ачык эшикти каккылай, сүйлөшүүлөргө акыркы үлгүдөгү россиялык куралдарды кошууну талап кылууда", — деп билдирди россиялык министр.

"Жакшы сунуш"

Жолугушуулардын экинчи раунду сентябрда майнапсыз аяктады. АКШнын жаңы талабы — кошумча алкактагы келишимдерди кабыл алуу. Ага америкалыктар стратегиялык гана эмес, тактикалык өзөктүк арсеналдарды да камтууну сунуштоодо. Бир гана Вашингтон сүйлөшүү процессине Кытайды кошуу менен кол коюуну жылдырууга макул болду.

"Биз Россияга жакшы сунуш бердик", — деди Биллингсли.

РФ Тышкы иштер министрлигинен Москва аталган келишимди азыркы гана калыбында кабыл аларын кабарлашты. Анын мөөнөтү бир нече айдан кийин аяктайт, андан бир нерсени өзгөртүүгө убакыт тар. Бул мекемедегилер макулдашуу процессин америкалыктардын өздөрү создуктурганын белгилешти.

"Эгер АКШ кызыкчылыктардын шайкештигинин негизинде кандайдыр жаңы нерсени иштеп чыгууга даяр болсо, анда келишимди кабыл алуу мүмкүн. Бирок убакыт керектелет", — деп мүнөздөйт кырдаалды РФ ТИМ орун басары Сергей Рябков.

"АКШ өзгөчө жеңилдиктерди самайт"

"Альтернатива аз: же Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимди өзгөртүүсүз узартуу же биротоло андан баш тартуу", — деп боолголойт куралданууну көзөмөлдөө көйгөйлөрү боюнча адис Евгений Мясников.

Келишимдин башкы баалуулугу стратегиялык куралдардын верификация системасында деген ойдо ал. "Мурда бири-биринин аракеттерин көзөмөлдөө татаал эле. Тараптар эң кооптуу сценарийге карашкан, бул кезегинде чыңалууну күчөткөн. Эгер система кыйраса, өткөндүн кайталануу тобокелдиги да өсөт", — деп эскертет эксперт.

Жаңы технологиялар жана эл аралык коопсуздук боюнча ПИР-борбордун жетекчиси Вадим Козюлин келишимдин узартылышынан шек санабайт. АКШнын талаптарын ал баа-наркын жогорулатуу оюнундай баалайт.

F-35ти модернизациялоо. АКШнын доо кеткен беделин бийиктетүү аракети

"Трамп баягысындай эле: келишимди түзүүнүн алдында өзгөчө жеңилдиктерди соодалашып алгысы келет. Бирок убакыт келип калды, америкалыктар узартууга макул болот. Жаңы шарттар – кийинки талкуулардын предмети. Ошону менен бирге эле Европадагы тактикалык өзөктүк арсенал жана америкалык курал боюнча Россиянын да сунуштары бар", — деген пикирин билдирет эксперт. Ал Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимге учкучсуз тутумдар кирбестигин, аларды деле өзөктүк куралды ташуучу катары кароого болорун белгилейт.

"Учкучсуздар боюнча Россиянын да көп суроолору бар. Негизи, бул ошол эле канаттуу ракета. Көп жолу пайдаланылышынан улам ал олуттуу коркунуч туудурат. Бирок Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу жаатындагы келишим боюнча кезигүүлөрдүн алкагында Москва бул теманы азырынча көтөрүп чыга элек", — дейт Козюлин.

Анын айтымында, көзөмөл тутумун сактап калуу учурда негизинен АКШга жараша. Эгер Вашингтон диалогго даяр болсо, анда келечегинде ага өзөктүк куралга ээлик кылган мамлекеттерди, атап айтканда, Кытай, Франция, Улуу Британия, Индия, Пакистанды кошуп алууга болот.

225
Белгилер:
божомол, эксперт, өзөктүк курал, келишим, АКШ, Россия
Тема боюнча
АКШ космоско алгачкы ажатканасын орнотууну пландап жатат
"Абрамстарды" жеткиришти. АКШ Беларусь чек арасында эмне баштоодо?
Город Степанакерт самопровозглашенной Республики Нагорный Карабах.

Армения менен Азербайжандын чатагы. Тараптардын бири аскердик абал жарыялады

0
Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Өткөн түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жетти. Мындан улам республика президенти аскердик абал жарыялаганын РИА Новости жазды.

Эртең менен Азербайжандын Коргонуу министрлиги алардын аскерлерине жана бир нече айылга Армения тараптан минометтер менен аткылоо болгонун айтып чыкты. Ал эми Армения өзүнүн Тоолуу Карабахтагы куралдуу күчтөрү Азербайжандын басып кирүүсүнөн коргонуу үчүн ок чыгарганын жар салды.

Эки тарап тең бир нече техникаларынан ажыраганын жана аскерлердин жарадар болгонун айтууда.

Көп өтпөй Армения өкмөтү шашылыш жыйын өткөрүп, өлкөгө аскердик абал жарыялагынын билдирди. https://ru.armeniasputnik.am/politics/20200927/24615204/Pravitelstvo-Armenii-obyavilo-v-strane-voennoe-polozhenie-i-vseobschuyu-mobilizatsiyu.html

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

https://sputnik.kg/world/20200925/1049737843/evropa-liberal-demokratiya-totalitarizm.html

Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда. Ал эми Түркия Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын тарапташы экенин моюндайт. Кыргызстан мүчөлүк кылган Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) абалдын тынчтык жолу менен жөнгө салынышын көздөйт.

Теги: Азербайжан Армения жаңжал чек ара атышуу

Инж: КМШнын абадан коргонуу күчтөрү НАТОнун чагымдарына каршы биригүүгө даярбы? Видео

https://sputnik.kg/video/20200911/1049592016/kmshnyn-abadan-korgonuu-kuchtoru-natonun-chagymdaryna-karshy-tura-alaby.html

0