Путин пандемиянын кооптуу баскычынан татыктуу өткөн россиялыктарга ыраазычылык билдирди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери бүгүн элге кайрылуу жасады. Ал өз ден соолугуна, жакындарына кам көрүп, колдоп тургандарды өзгөчө белгилеп өткөн.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин эпидемиянын эң кооптуу убагынан чыдамкайлык менен өткөн россиялыктарга ыраазычылык билдирди.

РФ лидери бүгүн элге кайрылуу жасады. Анын маалымат жыйыны түз эфирден көрсөтүлдү.

"Урматтуу достор, ден соолугуңуздарга жана жакын адамдардын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү мамиле кылганыңыздарга, колдоо көрсөткөнүңүздөргө ыраазычылык айтам. Россиянын жараны катары эпидемиянын эң коркунучтуу баскычын баштан татыктуу кечиргениңиздер үчүн чын жүрөктөн ыраазымын", — деген Путин.

Ошондой эле ал бейтаптардын өмүрү үчүн күнү-түнү күрөшкөн ак халатчандарга таазим эткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0