Катуу үнөмдөгөнбүз. 1945-жылы Москвадагы парадга кийилчү форма кантип тигилген

© Sputnik / Сергей Лоскутов / Медиабанкка өтүүПарад Победы на Красной площади 24 июня 1945 года
Парад Победы на Красной площади 24 июня 1945 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарыхчынын айтымында, кийимдерди бат жана сапаттуу даярдап берген тигүүчүлөр жетишсиз болгондуктан, иш бир нече сменада жүргөн.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. 1945-жылы Москвада өткөн Жеңиш парадында жоокерлерге формалар абдан үнөмдөлүп тигилип, бирөөсүнө дагы запас кийим даярдалган эмес. Бул тууралуу РИА Новостиге Жеңиш музейинин кызматкери, тарыхчы Александр Михайлов айтып берди.

"Аскердик формага кездеме табуу абдан кыйын болчу, аны өлкөнүн булуң-бурчунан издешкен. Башка мамлекеттерден алдырышкан эмес. Ошон үчүн материалдарды фабрикадан же театрлардан сурашкан. Көбүнчө жүн, пахта жана жибек колдонулган", — деген Михайлов.

Триумфалдык арканын алдындагы город-герой Москва жазуусу бар жылдыз - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы Жеңиш парадына кызуу даярдык. Сүрөттөр
Тарыхчы белгилегендей, параддык форма кийип машыккан аскерлерди тигүүчүлөр кайтарып эле турчу. Себеби кийим айрылып кетсе же бир нерсе болсо дароо калыбына келтиришчү.

15 миң даана параддык форманы тигүү милдети "Большевичка" фабрикасына жүктөлүп, ишке кошумча тигүүчүлөр тартылган. Кийимдерди бат жана сапаттуу тигип бергендер жетишсиз болгондуктан, жумуш бир нече сменада жүргөн. Кол жетпегендиктин башка дагы заводдорго кайрылышкан.

Ал эми аскердик өтүк, мээлей жагынан кыйынчылыктар болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0