Эзелки Нерехтанын кенчи. Бир көрбөсө адамды арманда калтырчу калаа

© Фото / Ирина ТолстошееваДостопримечательности города Нерехта в Костромской области России
Достопримечательности города Нерехта в Костромской области России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
XIX-XX кылымдарга таандык чакан үйлөр, байыркы соода катарлары, чиркөөлөр... Нерехтадан туристтердин кабары аз. Андыктан көчөлөрүн жана дайра жээгин жалгыз деле аралай, аралыкты да эч кыйналбай сактоо менен саякаттай аласыз.

Чындыгында ушул тапта Кострома облусуна башка аймактардан келгендер милдеттүү түрдө эки апта обочолонууга тийиш. Бирок бул талап да бир күнү бүтөрү түшүнүктүү эмеспи. Керемет жайлардын бирине саякаттоого биздин өнөктөш РИА Новости агенттигиндеги кесиптешибиз Ирина Толстошеева чакырат. 

Өз доорундагы калыбынан жазбаган шаар

Нерехта дайрасынын жээгиндеги ушундай эле аталыштагы калаа XIII кылымдагы летопистерде камтылат. Костромага чейинки аралык — 40 чакырым. XVIII жүз жылдыктан бери бул – маанилүү соода жана өнөр жай (болотнай мануфактуралары) шаары. Оймолонуп-чиймеленген түстүү эшик-терезелүү имараттарды убагында оокаттуу кол өнөрчүлөр, соодагерлер курган. 

© Фото / Ирина ТолстошееваНерехта Троице-Сыпанов чиркөөсүнүн кире беришиндеги гүлзар
Эзелки Нерехтанын кенчи. Бир көрбөсө адамды арманда калтырчу калаа - Sputnik Кыргызстан
Нерехта Троице-Сыпанов чиркөөсүнүн кире беришиндеги гүлзар

Калаанын чордонундагы Эркиндик аянтында — XIX кылымдан берки таштан тургузулган соода катарлары. Кыйла дурус сакталган, азыр мында дүкөндөр да бар. 

© Фото / Ирина ТолстошееваЭркиндик аянты
Эзелки Нерехтанын кенчи. Бир көрбөсө адамды арманда калтырчу калаа - Sputnik Кыргызстан
Эркиндик аянты

Жанында аймактагы эң бийик имарат – Казань соборунун 60 метрлик коңгуроо мунарасы турат. Жаңы бышкан нандын жыты келсе, таң калбаңыз. XVIII кылымда Петр Iнин Жарлыгы менен курулган имаратты совет убагында нан комбинатына беришкен. Куполасы да, ички жасалгасы да сакталбай калган. XIX жүз жылдыктын 40-жылдары тургузулган коңгуроо мунарасы гана бузулган эмес. 

© Фото / Ирина ТолстошееваКазань соборунун коңгуроо мунарасына алып барчу жол
Эзелки Нерехтанын кенчи. Бир көрбөсө адамды арманда калтырчу калаа - Sputnik Кыргызстан
Казань соборунун коңгуроо мунарасына алып барчу жол

Соода катарларын аралап отуруп, Нерехтанын жээгине чыгасыз. Анын жээгинде – бой тиреген калың камыштар. Дээрлик ар бир үйдөн ал сууга тактайдан жасалган секиче чыгат, балапандарын ээрчиткен өрдөктөрдү көрө аласыз. Мында азыр деле апалардын дайрада кир чайкаганын көрсөңүз чочубаңыз.

Байыркыдан бизге өткөн керемет

Эркиндик аянтында "тумшук-үй" бар, тегеректелген бурчтары жана керилген формаларынан улам ушундай аталган. Ал зыгыр саткан соодагер Хвориновдордун үй-бүлөсүнө таандык болчу. Бул заңкайган үйдө 1798-жылы жолдон аталган калаага токтогон император Павел I уулдары менен бир нече күн жашап кеткен.

Модерн стилиндеги дагы бир үй да өзгөчө имарат. XX кылымда бул жерде дарыкана болгон, ушул тапта анын ордунда край таануу музейи иштейт. Нерехтанын кулуну Елена Дьяконованын элесине арналган экспозиция да бир көрүүгө арзыйт. 

© Фото / Ирина ТолстошееваНерехтанын бир көчөсү
Эзелки Нерехтанын кенчи. Бир көрбөсө адамды арманда калтырчу калаа - Sputnik Кыргызстан
Нерехтанын бир көчөсү

Бай көпөстүн кызы 11 жашынан бери болгон окуяларды сүрөттөп, күндөлүк жазат. Ал кыз дилгирлик менен көп окуп, феминисттик кыймылдын тарыхына кызыккан. Сорбонна юридикалык факультетине тапшырган бийкеч Россиянын айым юристтеринин карлыгачы болмок. Бирок 27 жашында Австрияда түшүнүксүз жагдайда каза табат. Дайынсыз жоголуп, бир айдан кийин буттары сынган, жылаңач денеси тоо булагына жакын жерден табылган. 

© Фото / Ирина ТолстошееваСоода катарлары
Эзелки Нерехтанын кенчи. Бир көрбөсө адамды арманда калтырчу калаа - Sputnik Кыргызстан
Соода катарлары

Елена Дьяконованын сөөгү кичи мекенине коюлган. Дьяконовдордун жайкы дачасы жайгашкан Якушовка кыштагынан бул жакка көчүрүлгөн эки кабат жыгач үй азыр да сакталып калган.

Храмдардын "мончогу"

Байыркы калааны үстүнөн көрүп суктануу үчүн Богоявление чиркөөсүнө барыңыз. Туристтерге анын коңгуроо мунарасына чыгып (эң оор жана өтө ыңгайсыз тепкич менен), жети коңгуроону кагууга уруксат берилет. 

© Фото / Ирина ТолстошееваБогоявление чиркөөсүнүн кышкысын көрүнүшү
Эзелки Нерехтанын кенчи. Бир көрбөсө адамды арманда калтырчу калаа - Sputnik Кыргызстан
Богоявление чиркөөсүнүн кышкысын көрүнүшү

1767-жылы храмды бир тууган ярославдык Шустовдордун артели кооздогон. Чеберлер суу боек менен жаңыдан шыбалган дубалдардын бооруна жана шыпка бир сюжеттеги сүрөт тартышкан. Көз жоосун алган бул кооздуктан узакка көз ала албайсыз. 

© Фото / Ирина ТолстошееваПреображенск чиркөөсү
Эзелки Нерехтанын кенчи. Бир көрбөсө адамды арманда калтырчу калаа - Sputnik Кыргызстан
Преображенск чиркөөсү

Негизи Нерехтада жергиликтүү көпөстөрдүн каражатына Петра Iнин Жарлыгы менен курулган жети таш храм бар. Алардын баары 1930-жылдары бузулуп, бирок 1980-90-жылдары кайра калыбына келтирилген. Чиркөөлөр бири-бирине абдан жакын жайгашкан, андыктан бир-эки саатта кыдырып чыгууга жетишесиз. Айрымдары учурда иштейт. 

© Фото / Ирина ТолстошееваБогоявление чиркөөсүнүн коңгуроо мунарасы
Эзелки Нерехтанын кенчи. Бир көрбөсө адамды арманда калтырчу калаа - Sputnik Кыргызстан
Богоявление чиркөөсүнүн коңгуроо мунарасы

Арасында эң эзелкиси — Владимир чиркөөсү. Ал XVII кылымдын аягында мурдагы Богородин Сретень монастырынын ордуна курулган. Ичине кирүүгө мүмкүн эмес, себеби таш коргон менен курчалган имаратка киши киргизилбейт. 

© Фото / Ирина ТолстошееваВладимир чиркөөсү
Эзелки Нерехтанын кенчи. Бир көрбөсө адамды арманда калтырчу калаа - Sputnik Кыргызстан
Владимир чиркөөсү

Калаа чордонуна жакын эки кабат Воскресение храмы турат. Кеме сымал бир сызыкта курулган. Совет убагында бул турак үй болгон. Преображенский (Ильинский) чиркөөсү москвалык храмдарга түспөлдөштүрүлүп, соңку барокко стилинде тургузулган.

© Фото / Ирина ТолстошееваПреображенский чиркөөсүндөгү сүрөт
Преображенский чиркөөсүндөгү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
1/4
Преображенский чиркөөсүндөгү сүрөт
© Фото / Ирина ТолстошееваТроице-Сыпанов монастыры
Троице-Сыпанов монастыры - Sputnik Кыргызстан
2/4
Троице-Сыпанов монастыры
© Фото / Ирина ТолстошееваТроице-Сыпанов монастырынын көрүнүшү
Троице-Сыпанов монастырынын көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
3/4
Троице-Сыпанов монастырынын көрүнүшү
© Фото / Ирина ТолстошееваВоскресение чиркөөсүнүн кышкысын көрүнүшү
Воскресение чиркөөсүнүн кышкысын көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
4/4
Воскресение чиркөөсүнүн кышкысын көрүнүшү
1/4
Преображенский чиркөөсүндөгү сүрөт
2/4
Троице-Сыпанов монастыры
3/4
Троице-Сыпанов монастырынын көрүнүшү
4/4
Воскресение чиркөөсүнүн кышкысын көрүнүшү

Нерехтадан бир чакырым аралыктагы Троица кыштагында Троице-Сыпанов Пахомо-Нерехтинский монастыры бар. Ал XIV кылымда Сергий Радонежский Пахомийдин шакирти менен негизделген. Бул – азыр аялдардын монастыры, XVII кылымдын аягындагы Троицкий собору жакшы сакталып калган. Мында каалаган киши көрө ала турган Пахомий Нерехтинский булагы жана роза гүлзары бар.

***

Макала жарыяланган маалда Кострома облусунда жергиликтүү тургундар үчүн обочолонуу режими жоюлду. Мындан ары музейлерди ачык асман алдында кыдырып, айрым парк жана скверлерде сейилдеп, кафе-верандаларында сергип, мейманканаларда жашай алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0