Кыргызстандан Россияга билим сапары: пандемия учурунда кантип окууга өтсө болот

© Фото / Пресс-служба ЮУрГУ Южно-Уральский государственный университет
Южно-Уральский государственный университет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата-энеси СССРде төрөлгөндөрдүн балдары мекендеш категориясына кирип, россиялык жарандар сыяктуу эле бюджеттик орун үчүн ат салыша алат.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Коронавирус пандемиясына карабастан жогорку окуу жайлар аралыктан иштөөсүн улантууда. Бүгүн кыргызстандык абитуриенттер үчүн Россиянын окуу жайларына тапшыруу үчүн интернет гана керек.

Түштүк Урал мамлекеттик университети (Улуттук изилдөө университети) — россиялык билим берүүдөгү 5-100 долбооруна кирген лидерлердин катарында. Түштүк Уралды агартуу, илимий, маданий жашоонун чордону десек да жарашат.

Окуу жайдын маалымат кызматынын айтымында, бүгүнкү күндө ЖОЖдо Кыргызстандан барган 60 студент билим алат.

"ТУрМУ абитуриенттерди 20-июндан тарта онлайн кабыл алып жатат. Бул үчүн тийиштүү документтерди тиркеп арыз жазып, https://abit.susu.ru/ порталы аркылуу жөнөтүү керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Кирүү экзамендеринин баары аралыктан тапшырылат. Тартиби университеттин сайтында.

Экзаменге катышкандардын биринин документтери, калемдер жана көз айнек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиянын ЖОЖдоруна тапшыруу да, окуу да өз маалында башталат. Жол-жобосу
Ата-энеси СССРде төрөлгөндөрдүн балдары мекендеш категориясына кирип, россиялык жарандар сыяктуу эле бюджеттик орун үчүн ат салыша алат. Мындан тышкары, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары россиялыктар сыяктуу эле жалпы негизде бюджеттик орунга тапшыруу укугуна ээ. ТУрМУнун эл аралык ишмердүүлүк боюнча проректору Ольга Ярошенко ошондой эле акысын төлөп, абитуриенттер аларга кызык болгон бардык багыттар боюнча билим ала алыша турганын белгиледи.

Бүгүнкү күндө окуу жайда 27 000 студент билим алат, алардын арасында дүйнөнүн 56 өлкөсүнөн келген 2000 чет элдик жаран бар.

"ТУрМУда окуунун башкы артыкчылыгы чет элдик студенттердин улуттук, маданий жана илимий иш-чаралардан башка дагы тьюторчулук долбоорун ишке ашырат", - деди Ярошенко.

"ТУрМУнун чет элдик студентинин тьютору" долбоору 2017-жылдан бери биринчи курста көйгөйү бар биринчи курстун студенттеринин чөйрөсүнө көнүп, кошулуп кетүүгө жардам берүү үчүн иштеп келе жатат.

Тьюторлор – Россияда бир топ жылдан бери жашаган ТУрМУнун чет элдик студенттери. Проректор ар бир студент аларга ЖОЖго окууга өтүү, жашоо, студенттик турмуш боюнча суроо бере ала тургандыгын кошумчалады.

Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия ТИМинин алдындагы эл аралык институтка кабыл алуу башталды. Шарты
"Тьюторлор биринчи курска келгендерди аэропорттон, автобекеттен тосуп алып, миграциялык каттоого турууга, жатаканадан бөлмө алууга, медициналык кароодон өтүүгө жана камсыздандыруу полисин алууга жардам берет. Андан сырткары, Челябинск аймагы боюнча экскурсия уюштуруп, киного, театрга, музейге алып барып, университеттеги чет жактан келген студенттердин өз ара таанышуусу үчүн иш-чараларды өткөрөт", – деп айтып берди ал.

ТУрМУда бакалавриатка даярдоодо 80ден, ал эми андан жогорку магистрдик адистиктер боюнча 100дөн ашык программалар иштеп келет. Окуу жайда илимий билим берүүчү ар кыл 40 лаборатория, борборлор, анын ичинен эл аралык деңгээлдеги 12 лаборатория иштейт. Аларды дүйнөлүк деңгээлдеги белгилүү окумуштуулар башкарат.

Стратегиялык багыттагы "Санарип индустрия", "Материалга киришүү" жана "Экология" деп аталган бөлүмдөр иштейт. Бакалавриат жана магистратура боюнча алдыңкы тармактарда жаңы программмалар ачылууда.

Маалымат кызматынан көбүрөөк кызыгууну жараткан Кыргызстандагы "Менеджмент", "Металлургия", "Курулуш", "Экономика", "Электроэнергетика жана электротехника", "Юриспруденция" адистиктери болуп жатканын айтышты.

Учурда ТУрМУ Кыргызстандын 11 окуу жайы менен кызматташуу келишимдерин түзгөн. Маселен, Ош мамлекеттик университети менен ШКУнун алкагында студенттердин академиялык мобилдүүлүгү боюнча кызматташып келет.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров - Sputnik Кыргызстан
Радио
Өмүров: ЖОЖго онлайн тапшыруунун биринчи туру 20-июлда башталат
2020-жылы ТУрМУнун ректору Александр Шестаков Ош мамлекеттик университетинин ардактуу профессору болгон.

Маалымат кызмат ошондой эле мартта ТУрМУ менен ОшМУнун ортосунда "Филология", "Чет элдик дин таануу", "Математика жана комьютердик илим" багыттары боюнча бакалавриаттын билим берүү программаларын биргеликте ишке ашыруу боюнча келишимге кол койгонун эске салды. Учурда 1+1 формасы боюнча магистратура программасын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Аттестат тапшырылып жаткан маалда апам ТУрМУнун кабыл алуу комиссиясы келгенин билип, документ тапшыруумду сунуштады. Мен экзамен тапшырып, өтүп, Челябинск шаарына келдим. Тамак жасаганды жакшы көргөндүктөн "тамак-аш технологу" адистигин тандап алдым", — дейт ТУрМУнун Жогорку медициналык-биологиялык мектебинин 2-курсунун студенти, кыргызстандык Аяна Айыпова.
© Фото / Пресс-служба ЮУрГУ ТУрМУнун Жогорку медицина-биологиялык мектебинин 2-курсунун студенти кыргызстандык Аяна Айыпова
Кыргызстандан Россияга билим сапары: пандемия учурунда кантип окууга өтсө болот - Sputnik Кыргызстан
ТУрМУнун Жогорку медицина-биологиялык мектебинин 2-курсунун студенти кыргызстандык Аяна Айыпова

Студент кыз пандемиядан улам аралыктан окууга өтүү эч кандай тоскоолдук жаратпаганын да айтып берди.

Университеттеги студент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуудан чыгарып салабыз! Контракт төлөй албаган студенттер ара жолдо калабы?
"Бизде башында эле "электрондук ТУрМУ" платформасы бар болчу. Ал жактан үй тапшырма, суроолор, тесттер аткарылчу. Азыр деле зачет, экзамендерди аралыктан тапшырып жатабыз. Мугалимдердин баары абдан түшүнүктүү. Жатаканаларыбызда окуу бөлмөлөрү бар, ал жакта каалаган студент компьютер жана интернет менен камсыз боло алат", — деди Айыпова.

Келечекте студент кыз магистратурага өтүп, Кытай же Чехиядан билим алуусун улантсам дейт.

ТУрМУ 25 рейтингде көрсөтүлөт. Глобалдуу эл аралык Times Higher Education 2020 жана THE Engineering & Technology рейтингдерине киргенине аз эле убакыт болду. Ал эми жаңы түзүлгөн THE Impact Ranking тизмесинде университет 401-600 позициясын ээлесе, QS глобалдуу рейтингинде 801+ деңгээлин сактап калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0