Россияда 1-июлдан тарта айдоочулар үчүн жаңы эрежелер иштеп баштайт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОткрытие движения по первой очереди трассы "Таврида"
Открытие движения по первой очереди трассы Таврида - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы эреже боюнча Россиянын аймагына рулу оң тарапта жайгашкан айрым автоунааларды алып келүүгө тыюу салынат.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Россияда 1-июлдан тарта айдоочулар үчүн бир катар жаңы эрежелер күчүнө кирет. Бул туурасында Autonews порталы жазды.

Ага ылайык, оң рулдуу самосвал, курулуш техникаларын, кичи автобустарды, краны бар жүк ташуучу унааларды жана автобустарды Россиянын аймагына алып кирүүгө тыюу салынат.

Кыргызстандагы айдоочулар тууралуу кызыктуу фактылар

Ошону менен катар автоунаага газбаллонду, алдына жана артына машина сүйрөөгө ылайыкталган жабдууларды (лебедка, фаркоп) жана багажникти атайын лабораториянын текшерүүсүнөн кийин гана орнотууга уруксат берилет.

Кыргызстанда автону ортомчу аркылуу каттатууга тыюу салынды

Мындан сырткары, 1-июлдан тарта айдоочулук күбөлүк алуу жана мөөнөтүн узартуу үчүн медициналык маалым кат алуунун шарты дагы өзгөрөт. Эгер анализ тапшырган адамдан наркологдор алкоголдук ичимдиктин же баңгизаттын белгилерин аныктаса, кошумча анализ тапшырууга милдеттендирип, канын же заарасын лабораториялык изилдөөдөн өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0