Россия 2021-жылы мигранттардын санын кыскартмай болду

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүТеплая погода в Москве
Теплая погода в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чектөөлөр бардык мигранттарга бирдей тиешелүү эмес. Мисалы, Кыргызстандын жарандары мурдагыдай тартипте иштей берет.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Россия келерки жылы эмгек визасы менен кирип иштеген мигранттардын санын 40 миңге кыскартууну пландап жатат. Бул тууралуу мыйзам долбоору нормативдик-укуктук актылар боюнча федералдык порталда жарыяланды.

РФте миграциялык каттоого 15-сентябрга чейин баш оорутмай жок. Маанилүү кабар

2020-жылы Россия эмгек визасы аркылуу иштөөгө 144 миң адамга уруксат берсе, 2021-жылы бул көрсөткүч 104 миңге гана жетти.

  • Жумушчулар кыскартыла турган тармактар:
  • курулуш;
  • токой чарба, отун даярдоо жана жер-жемиш өстүрүү;
  • ичимдик жана чылым саткан дүкөндөрдө иштөө;
  • жүргүнчү жана жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары;
  • имараттарды жана аймактарды тейлөө;
  • соода-сатык, дарыкана тармактарында.
"Бирок бул чектөөлөр бардык мигранттарга бирдей тиешелүү эмес. Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Армения, Молдова, Казакстан сыяктуу визасыз өлкөлөрдөн кирген мигранттар мурдагыдай тартипте иштей алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясынан улам айрым кыргызстандык мигранттар Россиядан мекенине кайтып келүүгө аргасыз болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0