Евразиялык өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башчысы Андрей Бельянинов

Бельянинов ЕАӨБ жетекчилигинен кетип жатат. Ордуна ким келери айтылды

184
(жаңыланган 14:53 26.06.2020)
Кыргызстан 2011-жылдан тарта Евразиялык өнүктүрүү банкынын мүчөсү. Анын уставдык капиталы 7 миллиард доллар.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Евразиялык өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башчысы Андрей Бельянинов кызматынан кетип, анын ордуна "Россия почтасы" ишканасынын башкы директорунун орун басары Николай Подгузов келе турган болду.

Маалымат Россия өкмөтүнүн сайтына жарыяланып, премьер-министр Михаил Мишустиндин анын талапкерлигин көрсөттү боюнча тиешелүү буйрукка кол койгону кабарланды.

"ЕАӨБдүн башкаруучулугунун жаңы төрагасын шайлоо маселесин банк кеңешинин кезектеги отурумуна алып чыгышат. Ал 30-июнга белгиленген", — деп айтылган маалыматта.

Евразиялык өнүктүрүү банкы — 2006-жылы Россия жана Казакстан менен түзүлгөн эл аралык финансылык уюм. 2009-жылы ага Армения, Тажикстан, 2010-жылы Белоруссия, 2011-жылы Кыргызстан кошулган. Венгрия менен Молдова банктын жаңы мүчөлөрү болушу мүмкүн. Анын эл аралык уюм деген статусу бар, ишмердүүлүгү эл аралык укуктардын негизинде ишке ашып келет.

Евразия өнүктүрүү банкы КРде 233 млн. долларлык долбоорду ишке ашырууну карайт.

Бельянинов бул кызматта 2017-жылдын декабрь айынан тарта иштеп келет. 2006-жылдан тарта 10 жыл бою Федералдык бажы кызматын башкарган. Подгузов 2017-жылдын июль айынан баштап "Россия почтасы" ишканасын жетектеп, 2020-жылдын февралында анын ордуна вице-премьер Максим Акимов келген. Ал биринчи орун басар кызматын аткара баштаган.

"Росскызматташтыктын" деңгээлин көтөрүү керек. Жаңы жетекчи Примаковдун пикири

Андрей Бельянинов Бажы кызматында туруп Кыргыз-Россия өкмөт аралык комиссиясынын тең төрагасы болгон. Ал Кыргызстанда "Данакер" орденин алган биринчи чет өлкөлүк жаран. Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну өнүктүргөнү жана достук мамилелерди бекемдегени үчүн ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев сыйлаган.

184
Белгилер:
дайындоо, Евразиялык өнүктүрүү банкы, Андрей Бельянинов, Россия
Тема боюнча
Россия 2021-жылы мигранттардын санын кыскартмай болду
Россияда 1-июлдан тарта айдоочулар үчүн жаңы эрежелер иштеп баштайт
Эркин күрөштүн балбаны Муслим Евлоев. Архив

Ингушетиядагы операцияда КРде легионер-спортчу болгон Евлоев жок кылынды

336
Евлоев 2015-жылы легионер катары Кыргызстандын улуттук курама командасына кошулган. Бирок соңку жылдары турнирге катышкан эмес, себеби ал допинг эрежелерин бузганы айтылат.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ингушетияда күч түзүмдөрү жардырууга даярданып жаткан эки кишини жок кылып, дагы бирөөсүн кармаганын РИА Новости Улуттук антитеррор комитетине шилтеме берип жазды.

Агенттикке ишенимдүү адамдын билдиришинче, каза болгондордун бири эркин күрөштүн балбаны Муслим Евлоев. Ал буга чейин Кыргызстандын курама командасына кошулуп, 2018-жылы Азия чемпионатында 74 килограмм салмактагылар арасында чемпион болгон.

Самбо боюнча спорт чебери Бекзат Жаныбеков бычакталды. Окуянын чоо-жайы

Операция болор күнү республиканын укук коргоо органдары согушкерлер Назрань менен Малгобек районундагы Сагопши айылындагы үйдө жашынып жатканын аныкташып, аларды куралын таштап, багынып берүүсүн айтышкан.

"Бирок алар укук коргоо органдарына карата ок чыгаргандыктан, атышуу учурунда эки согушкер жок кылынып, бирөө колго түштү", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерден курал-жарак, ок жана жарыла турчу каражаттарды табышкан. Күз түзүмдөрү менен жай тургундардын арасынан эч ким жабыркаган эмес.

Евлоев 25 жашта болчу. Легионер катары Кыргызстандын улуттук курама командасына 2015-жылы кошулган. Ал Бакудагы Ислам тилектештик оюндарында жана "Яшор Догу" эл аралык турниринде жеңүүчү аталган. Андан кийин 2017-жылы Индиядагы Азия чемпионатында күмүш медаль, 2018-жылы Бишкектеги Азия биринчилигинде алтын байгеге татыган. Айрым маалыматтар боюнча анын организминен тыюу салынган зат табылганына байланыштуу соңку жылдары турнирлерден четтетилген.

336
Белгилер:
өлүм, спорт, теракт, атайын операция, Муслим Евлоев, Ингушетия
Тема боюнча
Өзбек спортчусунун видеокайрылуусун эки өлкөнүн министрлери талкуулады
Россия жарандарын эмгек китепчеси. Архив

Россиядагы эң көп айлык төлөнүүчү жумуштар аталды

300
(жаңыланган 09:55 07.08.2020)
Россияда механик, капитан, тоо кен адиси эң көп акы төлөнүүчү кесиптер деп табылды. Аларга өлкөнүн аймактарында суроо-талаптардын арбын болгону айтылат.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Россияда июль айында эң көп маяна төлөнүүчү жумушчу орундары механик, капитан, тоо кен адиси кызматтары болду. Бул тууралуу Эмгек жана жумушка жайгаштыруу боюнча Федералдык кызматынын маалымат бөлүмү кабарлаганын РИА Новости жазды.

"Работа в России" талдоо системасынын (trudvsem.ru) жалпы Россиядагы ваканттык орундар базасынын маалыматына ылайык, тизмеде 250-300 миң рубль маянасы менен ар кандай кызматтардын механиктери алдыга чыкты.

Аларга Приморье, Якутия, Астрахань, Архангельск, Сахалин, Новосибирск облустарында туруктуу жана вахталык ыкма менен иштөөдө да суроо-талап басымдуу. Мындай адистерге көмүр казуу, балыкчылык компаниялары кызыкдар.

Эң кооптуу делген кесиптер аталды. Быйыл рейтинг өзгөрдү

Капитандардын маянасы 200-250 миң рублге жетет. Аларга Приморье, Камчатка жана Сахалинде жумуш көп. Ал эми тоо кен адистери да 200 миң рублден жогору маяна алышат.

IT адистердин айлыгы 170-200 миң рублге жетет. Буларга өзгөчө Москва, Подмосковье жана Санкт-Петербург шаарларында суроо-талап күч.

Аталган уюм ошондой эле түрдүү адистиктеги дарыгерлер үчүн жумушка орношууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилейт. Москва, Санкт-Петербург, Ямало-Ненецк автономдуу аймагы, Якутия, Камчатка жана Забайкальск крайларындагы шаардык жана менчик бейтапканаларда 100 миң рублдик жумуш орундар арбын экени айтылат. Аларда тиш дарыгери, онкология, терапевт, акушер-гинеколог, анестезиолог-реаниматолог жана башка адистерге суроо-талап бар.

300
Белгилер:
кесип, Россия, жумуш
Ысык-Көл. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:32 07.08.2020)
8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Эртең, 8-августта, күндүз Талас облусунун айрым райондорунда жана Чүйдүн тоо этектериндеги аймактарында өткүн өтөт. Республиканын башка облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас өрөөнүндө +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +33…+38, Ысык-Көл аймагында +24...+29, Нарын жергесинде +25...+30 градус болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +35...+37, Ош шаарында +36 ...+38,  Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтүп турат.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы