Шприц кармап турган дарыгер. Архив

Эксперт Россияда коронавируска каршы вакцина алгач кимдерге сайыларын айтты

401
(жаңыланган 13:11 01.07.2020)
Адистин айтымында, вакцинанын айрым адамдарга таасирин билүү үчүн ар кандай курактагы адамдардын тобун түзүп, дарынын таасирин жана антителолордун кандайча пайда болорун аныктоо керек.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Россиянын Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө инстититу даярдап, Коргоо министрлиги тестирлей турчу вакцина сыноодон өткөндөн кийин биринчи кезекте тобокел тобунда тургандарга сайылып баштайт. Бул тууралуу РИА Новостиге геномдук инженерия лабораториясынын башчысы Павел Волчков билдирген.

"Азыр эле белгилүү болуп тургандай, вакцинаны биринчи кезекте улгайган курактагыларга, тагыраагы, 60 жаштын ары-бери жагындагыларга сайып башташат. Эпидемиология жана вирусология тармагындагы көз караштан алганда, бул эң туура чечим", — деген Волчков.

Эксперт белгилегендей, учурда вакцинанын сыноосу орто курактагы ден соолугу чың аскер кызматчыларына жүргүзүлүп жатат.

Коронавирустун пандемиясы абдан күч алууда. ДССУ билдирүү жасады

"Вакцинанын карыларга жана балдарга канчалык натыйжалуу экендигин текшерүү үчүн кошумча клиникалык сыноолор талап кылынат. Ал үчүн ар кандай курактагы адамдардын тобун түзүп, дарынын таасирин жана антителолордун кандайча пайда болорун аныктоо керек. Улгайган адамдардын иммундук системасы таптакыр башкача. Ошондой эле вакцинанын өнөкөт оорусу бар бейтаптарга канчалык жардам берерин да билүү керек", — деди эксперт.

Ошондой эле ал COVID-19дан айыккандарды эмдөөнүн кажети жок экендигин кошумчалаган. Себеби терс жактарын тийгизиши мүмкүн.

Россия: COVID-19га каршы вакцинанын үч прототиби натыйжалуулугун көрсөттү

401
Белгилер:
сыноочу, коронавирус, эмдөө, вакцина, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (956)
Тема боюнча
Вакцинаны акысыз жасоого чакырык салабыз! Нобель сыйлыгын алгандар үн катты
Россия: COVID-19га каршы вакцинанын үч прототиби натыйжалуулугун көрсөттү
Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сергей Лавров . Архивдик сүрөт

Айдарбеков менен Лавров туруктуу авиакаттамдарды жандантууну сүйлөшүштү

170
(жаңыланган 23:14 10.08.2020)
Министр Айдарбеков Россияга коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөтүп жаткан гуманитардык жардамына жана дарыгерлерин жөнөткөндүгүнө ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сергей Лавров эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу авиакаттамды жандандыруу тууралуу пикир алмашышты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун башчылары COVID-19 пандемиясынын кесепетин жеңүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

"Ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары жана келечеги жөнүндө, анын ичинде жакын арада Кыргызстан менен Россиянын ортосунда туруктуу авиакаттамды жандантуу тууралуу пикир алмашышты", — деп айтылат маалыматта.

Министр Айдарбеков Россияга коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөтүп жаткан гуманитардык жардамына жана дарыгерлерин жөнөткөндүгүнө ыраазычылык билдирген.

Кыргызстандан Россияга кетчү каттамдар. Күнү жана шарты

Ошондой эле ТИМ башчылары эки мамлекеттин эриш-аркак жылынын алкагында пландалган бардык иш-чараларды ишке ашырууга жана кыргыз-орус кызматташтыгынын бардык комплексин мындан ары активдештирүүгө үмүт артарын билдиришкен.

Андан сырткары, регионалдык жана эл аралык саясат маселелери боюнча да кеп козголгону белгиленди.

170
Белгилер:
кызматташтык, коронавирус, каттам, сүйлөшүүлөр, Сергей Лавров, Чыңгыз Айдарбеков, ТИМ
Тема боюнча
Эми Кыргызстанга учак менен келип-кеткендер кандай эрежеге баш иет? Алгоритм
Турак жайдагы лифттин баскычтары. Архив

Тамак ташыган лифт официант келиндин башын үзүп кете жаздады. Москвадагы окуя

326
(жаңыланган 22:57 09.08.2020)
Официант тамак ташыган анча чоң эмес лифтинин жанында турган. Ошол мезгилде, сыягы, ал биринчи кабаттагы ашпозчуларды чакырып жаткан.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Москванын түштүк-батыш тарабындагы тамактануучу жайлардын биринде тамак ташыган лифт аз жерден барда иштеген официанттын башын үзүп сала жаздады. Бул тууралуу РИА Новости "Московский комсомолец" басылмасына таянып кабарлады.

Окуя 8-августка караган түнү болгон. Официант келин тамак ташыган анча чоң эмес лифтинин жанында, экинчи кабатта турган. Ошол мезгилде, сыягы, ал биринчи кабаттагы ашпозчуларга бир нерсени кыйкырып айтып жаткан.

"Аял кокустан кнопканы басып алып, лифт биринчи кабатка кетип калган. Токтотуучу системасы иштеп баштаганда ал бир нече метрге өтүп кеткен. Жыйынтыгында официант келиндин мойну эки механизмдин ортосунда калган. Лифтти экинчи кабатка чакырып, эптеп башын тартып алганга үлгүргөн. Учурда моюн омурткасы сынып, реанимацияда жатат", — деп айтылат маалыматта.

Шуулдаган парашют, айланган жер... Россиялык десантчылардын видеосу

Күбөлөрдүн айтымында, ал чарчагандыктан ушундай окуяга кептелген. Жабыркаган аялдын баласы бар, өзү Воронеж шаарынан, аталган барда бир айдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатканы маалым болду.

326
Белгилер:
лифт, окуя, официант, Москва
Тема боюнча
Ажалы жок экен. Кытайда 30-кабаттан кулаган кишинин аман калган видеосу
 Минскидеги массалык митинг. Архивдик сүрөт

Колунда жарылып кеткен. Минскидеги массалык митингде адам өлүмү катталды

0
Элдин толкундоолору өлкөнүн дээрлик бардык аймагында өтүп жатат. Акциялар президенттик шайлоодон кийин жекшемби күнү башталган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Нааразылык акциялар өтүп жаткан Беларустун борбор калаасында адам өлүмү катталды. Бул тууралуу ИИМдин расмий өкүлү Ольга Чемодановага таянуу менен Sputnik Беларусь агенттигинин Telegram-каналы кабарлады.

Чемоданованын айтымында, көз жумган адам эркек киши.

"10-август күнү саат 23.00дөрдө Минск шаарынын Притыций проспектисинде топтолгон эл кыймылды бууш үчүн тосмолорду кое баштаган. Аянтты тазалоо үчүн келген атайын бөлүктүн жоокерлери менен кагылышуу учурунда бир киши аларды көздөй жардыруучу түзүлүштү ыргытууга аракет кылган. Бирок ал колдо жарылып, эркек киши алган жаракатынан улам көз жумду", — деди ИИМ өкүлү.

Эскерте кетсек, нааразылык акциялары 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган. Ушу тапта элдин толкундоолору өлкөнүн дээрлик бардык аймагына жайылды. Милиция митингчилерди таратуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ менен кулак тундуруучу гранаталарды колдонууда.

38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы

Акыркы маалыматтар боюнча тартип сакчылары менен кагылышуудан жапа чеккендер жана кармалгандар көбөйүүдө.

Эл көчөгө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан. Анда азыркы президент Александр Лукашенко бир топ айырма менен атаандаштарынан озуп, дагы беш жылга өлкө башчысы болуп калмакчы.

0
Белгилер:
аянт, милиция, өлүм, митинг, Минск, Беларусь
Тема боюнча
Беларуста митинг токтобой, эл күч менен таркатылып жатат. Видео