Путин Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча добуш берди

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүВладимир Путин Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча добуш берүү учурунда
Владимир Путин Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча добуш берүү учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Путин өзү каттоодо турган Россия илимдер академиясындагы №2151 шайлоо тилкесине келип добуш берип кетти.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Россиянын Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик добуш берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Бишкекте россиялыктар РФ Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча добуш беришүүдө

Ал бүгүн Россия илимдер академиясындагы №2151 шайлоо тилкесине келип добуш берген.

1-июль Россиянын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча добуш берүүнүн негизги күнү. Алгач 22-апрелге белгиленген эле, бирок коронавирус пандемиясынан улам жылдырылган.

Путин Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча добуш берүүгө чакырды

Эпидемиологиялык кырдаалды эске алып жарандардын коопсуздугу үчүн 25-июндан 1-июлга чейин добуш берүү чечими кабыл алынган. Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын 30-июнь, эртең мененки маалыматы боюнча, аралыктан катышкандарды кошкондо 49,6 миллион россиялык жаран добуш берген. Бул шайлоочулардын 45,7 пайызын түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0