Бийлик ишенимди актоого болгон күчүн жумшайт. Путин элге ыраазылык билдирди

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия БШКсы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча берилген добуштардын протоколдорун толук эсептеп чыкты.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча добуш берген россиялыктарга ыраазылыгын билдирип, бийлик алардын ишенимин актоо үчүн бардык күчүн жумшарын айтты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Россия БШКсы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча берилген добуштардын протоколдорун толук эсептеп чыкты.

Россиянын Конституциясына түзөтүү киргизүүгө макул болгондор добуш бергендердин 77,92 пайызын түзсө, каршы пикирин айткандар 21,27 пайыз болгон.

Келгендер жалпы добуш берүүчүлөрдүн 67,97 пайызын түзгөн. Мыйзам бузуулар же арыздануулар катталган эмес.

Эл бир апта — 25-июндан 1-июлга чейин добуш берди. Алгач 22-апрелге пландалып, бирок пандемиядан улам кийинки мөөнөткө жылдырылган.

РФтин Баш мыйзамына түзөтүү киргизүү. Жакынкы өлкөлөрдө добуш берүү кандай өттү

Баш мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөрдө президентке, өкмөткө жана ар кыл деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерге талаптар жаңыланган. Жарандарга мамлекеттик социалдык кепилдиктерди бекитүү, парламенттин ыйгарым укуктарын өзгөртүү жана федералдык аймакты ажыратып алууга тыюу салуу, орус тилинин макамын бекемдөө каралган. Андан сырткары, бир беренесинде Кудай эскертилип, россиялык мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшү үчүн мураскерлик туурасында да айтылат.

Ошондой эле учурдагы иштеп турган мамлекет башчысына 2024-жылы кайрадан президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0