Росавиация 1-августка чейин эл аралык каттамдарга тыюу салды

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАсмандагы учак. Архив
Асмандагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазында өкмөт коронавирус пандемиясынан улам эл аралык дайымкы жана чартердик каттамдарды токтотуп, 15-июлда жанданта турганын айткан болчу.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Аба каттамынын федералдык агенттиги (Росавиация) чет элдиктердин Россияга киришине киргизилген чектөөнү 31-июлга чейин узартты. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Аталган телеграмманы алгандыгын Домодедово аэропорту жана S7 авиакомпаниясы тастыктаган.

Жазында өкмөт коронавирус пандемиясынан улам эл аралык дайымкы жана чартердик каттамдарды токтотуп, 15-июлда жанданта турганын айткан болчу.

Чектөөнүн экспорттук учууларга, жүк, почта, санитардык жана гуманитардык каттамдарга, бош учактарды техникалык кароого алып барууга, өлкө аймагында транзиттик каттамдарга жана өкмөттүн атайын чечими менен аткарылчу каттамдарга, ошондой эле өлкөдөн чыгып кетчү жарандарга тиешеси жок.

Белгиленгендей, эл аралык каттамды ачуу тууралуу чечим кабыл алынганда Росавиация билдирүү таратат.

Россиялык авиакомпаниялар Кыргызстанга каттамын качан жандантарын айтышты

Июнда Росавиациянын башчысы Александр Нерадько өкмөткө чет жакка учуулардын планын жаңыртууну сунуштаган. Анын айтымында, каттамды КМШ өлкөлөрүнөн баштоого болот. Андан кийин эпидемиялык кырдаалга жараша башка өлкөлөр да кошулат. Азырынча анын демилгеси колдоо таба элек.

Буга чейин Транспорт министрлигинин башчысы Евгений Дитрих билдиргендей, баарынан мурда ички каттамдын коопсуздугун текшерип, андан кийин гана чек араларды ачуу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0