Россиянын президенти Владимир Путин

Путин Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү Жарлыгына кол койду

109
(жаңыланган 19:51 03.07.2020)
Эл бир апта бою добуш берген. Макул болгондор добуш бергендердин 77,92 пайызын түзсө, каршы пикирин айткандар 21,27 пайыз болгон.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча Жарлыкка кол койгонун РИА Новости жазды.

Ага ылайык, өзгөртүүлөр эртең, 4-июлдан тарта күчүнө кирмекчи.

Баш мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөрдө президентке, өкмөткө жана ар кыл деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерге талаптар жаңыланган. Жарандарга мамлекеттик социалдык кепилдиктерди бекитүү, парламенттин ыйгарым укуктарын өзгөртүү жана федералдык аймакты ажыратып алууга тыюу салуу, орус тилинин макамын бекемдөө каралган. Андан сырткары, бир беренесинде Кудай эскертилип, россиялык мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшү үчүн мураскерлик туурасында да айтылат.

Жээнбеков Путин менен сүйлөшүп, жардамы үчүн ыраазычылык билдирди

Ошондой эле учурдагы иштеп турган мамлекет башчысына 2024-жылы кайрадан президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Сунуштарды атайын түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыгып, Путин Мамлекеттик Думанын кароосуна тиешелүү мыйзам долбоорун киргизген. 11-мартта документ эки палатада кабыл алынып, андан кийин региондордун мыйзам чыгаруу жыйындары тарабынан колдоого алынып, 14-мартта президент ага кол койгон.

Бийлик ишенимди актоого болгон күчүн жумшайт. Путин элге ыраазылык билдирди

Эл бир апта — 25-июндан 1-июлга чейин добуш берди. Алгач 22-апрелге пландалып, бирок пандемиядан улам кийинки мөөнөткө жылдырылган. Россиянын Конституциясына түзөтүү киргизүүгө макул болгондор добуш бергендердин 77,92 пайызын түзсө, каршы пикирин айткандар 21,27 пайыз болгон. Келгендер жалпы добуш берүүчүлөрдүн 67,97 пайызын түзгөн. Мыйзам бузуулар же арыздануулар катталган эмес.

109
Белгилер:
жарлык, өзгөртүүлөр, Баш мыйзам, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
РФтин Баш мыйзамына түзөтүү киргизүү. Жакынкы өлкөлөрдө добуш берүү кандай өттү
Ирландиялык Конор Макгрегор жана россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архивдик сүрөт

Нурмагомедов: Гэтжиден кийин Макгрегор менен кармашууга даярмын

179
(жаңыланган 17:43 14.08.2020)
Эки жылдан бери ирландиялык спортчу россиялык мушкерди реванш-беттешке чакырып келген. Бирок Хабибдин менеджери ал Конорду атаандаш катары көрбөй турганын айткан болчу.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Москвадагы маалымат жыйынында америкалык Жастин Гэтжиден кийин ирландиялык Конор Макгрегор менен беттешүүгө даяр экенин жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, Нурмагомедов 24-октябрда Абу-Даби шаарында Гэтжи менен күч сынашат. Ал эми Макгрегорду мындан эки жыл мурун Лас-Вегастагы турнирде уткан. Беттештин аягы ызы-чуу менен коштолуп, эки тараптын командасы массалык уруш чыгарган. Окуядан кийин Нурмагомедов беттештерден четтетилип, ири көлөмдөгү айыпка жыгылган.

Түрдүү ой келет... Хабиб карьерасын жыйынтыктоону ойлогонун моюндады

"Гэтжиден соң ким менен болсо да кармашканга даярмын. Ал Тониби (Фергюсон) же Конорбу (Макгрегор), айырмасы жок", — деген спортчу.

2018-жылдан бери ирландиялык спортчу россиялык мушкерди бир нече ирет реванш-беттешке чакырып, UFC президенди Дана Уайт дагы аны уюштурууга кызыкдар экенин билдирип келет. Бирок Хабибдин менеджери ал Конорду атаандаш катары көрбөй турганын айткан болчу.

179
Белгилер:
реванш, беттешүү, Конор Макгрегор, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Конор мыкты мушкерлерди атап, ага Хабибди кошкон жок. Атаандашынын жообу
Шевченко октагонго кайтты! UFC ал наамын коргой турчу күндү так айтты
Кубанып турам! Кыргызстандык Физиев UFC уюму менен келишимин жаңыртты
Россиялык теле алып баруучу Артур Цветков. Архив

Миграция кызматы КР жараны менен уруша кеткен Цветков боюнча үн катты

215
(жаңыланган 12:19 14.08.2020)
Мурдагы алып баруучу менен кыргызстандык киши элдешкен. Бирок Цветковду социалдык тармак аркылуу коркутуу токтой электиги айтылды.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Мамлекеттик миграция кызматы мурдагы теле алып баруучу Артур Цветковдун кадамдарына байланыштуу кыргызстандыктарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.

Мекеме 11-августта Москвадагы тез тамактануучу жайлардын биринде болгон окуя боюнча үн катты. Эске сала кетсек, ал жакка Цветков бет кап тагынбай келгени үчүн пикир келишпестик чыккан. Ал кыргызстандык Манап Абдразаков менен айтыша кетип, акырында кол көтөргөнгө чейин барган.

13-августта Миграция кызматынын өкүлдөрү ал экөө менен жолугуп, чыр-чатакка чекит коюлганы аныкталды. Тараптар элдешип, жакынкы күндөрү полицияга жазылган арыз артка кайтарылмай болгон.

Россия мигранттар үчүн атайын тиркеме киргизиши мүмкүн. Максаты

"Ошол эле учурда Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү Кыргызстандын жарандарын Артур Цветковду социалдык тармак аркылуу коркутуп, чагымчылдыкка алдырбоого чакырат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мекеме белгилегендей, коркутуулар үчүн Россиянын мыйзамынын чегинде жоопкерчиликке тартуу мүмкүн.

215
Белгилер:
миграция, Артур Цветков, Москва, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанга мигранттардан келген акчанын көлөмү өстү
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды