"Армата" экспортко чыгат: россиялык жаңы Т-14 танкын биринчи ким алат?

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүү"Армата" танктар. Архив
Армата танктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия дүйнөдө теңдеши жок үчүнчү муундагы "Армата" Т-14 танкынын үлгүлөрү менен эл аралык курал рыногунда атаандаштарын сүрүп чыгарууда.

Бул россиялык коргонуу-өнөр жай комплексинин ийгиликтүү өнүгүп келе жатканын жана аскердик машинанын технологиялык мыктылыгын тастыктайт. Рыноктогу бул жаңылык жана аталган куралдын артыкчылыгына аскерий баяндамачы Александр Хроленко токтолду.

6-июлда РФтин Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматынын директору Дмитрий Шугаев Москва жаңы Т-14 "Армата" танктарын экспорттоого ниеттенгенин билдирди. Россия куралдын ынанымдуу жана натыйжалуу үлгүлөрүн гана сатат. Аларга сөзсүз суроо-талап күч болуп, атаандаштарын рыноктон сүрүп чыгарары айкын.

Кептин кызыгы, бул — дүйнөдө согуштан кийинки үчүнчү муундагы жападан жалгыз танк экенинде. Ал түгүл Россиянын Коргоо министрлиги да бул уникалдуу сооттолгон техниканын ("Армата" платформасындагы Т-14 жана Т-15 оор аскердик пехоталык машинасы) 132 бирдик алууга келишим түзүүгө үлгүрдү. Келерки, тагыраак, 2021-жылдын аягына чейин министрликтин колуна тиери күтүлүүдө.

Кынтыксыз курал: Россиянын жаңы электромагниттик замбирегинин артыкчылыгы

Сыртка сатуу РФтин Коргоо министрлигинин буюртмалары аткарылып бүткөн соң жана машинанын экспорттук көрүнүшү такталгандан кийин гана башталары болжонууда (чет өлкөгө эмне чыгарын, россиялык күчтөр кандай элементтерди пайдаланарын адистер чечет).

Жогорку технологиялык танктын баасы арзан эмес, бир бирдиги 7 миллион доллар турат. Анткен менен кызыккан көп, маселен, "Арматаны" Египет, Индия, Кытай (алдын ала заявкалар берилген) сатып алууга ниеттенди. Баса, белгилүү четөлкөлүк танктар, атап айтканда, америкалык "Абрамс", француздардын "Леклерк", немистердин "Леопард", израилдик "Меркава" 6 – 12 миллион доллардын айланасында сатылат.

Болжолдуу буюртмачылар

Бир аз мурдараак Египет жаңы россиялык T-90МС танкынан 400 – 500дү сатып алууну чечкен, келечекте Т-14төн да алышы ыктымал. Индия да 1770 заманбап танкты сатып алууну пландоодо. "Арматаны" да карайт, келишимдин суммасы алдын ала 442 млрд рубль деп бааланууда. Кытай дагы бул жаатта четте калбайт окшойт.

Жаңы россиялык танктын жакынкы чет өлкөлөргө экспорттоо көлөмү азырынча анык эмес. Т-14 КМШ өлкөлөрүнүн коргонуу жөндөмүн бекемдээри шексиз. Мурда россиялык өндүрүштөгү сооттолгон техниканы Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан активдүү сатып алган.

Пайдасы жокпу? Америкалык Patriot комплексинин натыйжасыздыгы

Россия дүйнөлүк курал рыногунун үчтөн бир бөлүгүн оңой эле ээлеп койду. "Рособоронэкспорт" портфелинде бүгүн 55 млрд долларга буюртма бар (дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунда). Россиялык курал экспортунун 15 чакты пайызы кургактагы техникага туура келет.

РФ жаңы танктар рыногунда таанылган лидерге айланды. Батышта тегин жерден Т-90 танкын "россиялык коргонуу экспортунун кыйратуучу хити" деп аташпагандыр. Жакынкы жылдары "Уралвагонзавод" буюртмачыларына 2500 чакты Т-90МС танкын тапшырат. Жаңы Т-14 аталган державанын экспорттук жеңиштеринин татыктуу улантуучусу болору бышык.

Технологиялык артыкчылыгы

Т-14 душман менен түздөн-түз бет келишет, мотоаткычтар бөлүгүнүн чабуулун колдойт, душмандын фортификациялык курулмаларын, калкалоочу жайдагы жана ачык жердеги тирүү күчтөрүн жок кылууга багытталган. "Армата" танкы Сирия Араб Республикасынын аймагында согуштук кырдаалда, ал эми июлдун башында учкучсуз режимде ийгиликтүү сыноодон өткөн.

Уникалдуу аскердик машинанын киши отурбаган мунарасы, экипаж үчүн сооттолгон капсуласы, 125 миллиметрлик калибрдеги куралы (НАТОнун танктарынын 120 миллиметрлик замбиректеринен артык), модулдук конструкциясы жана роботтоштуруунун негизи үчүн ачык санарип архитектурасы бар.

"Триумфалдык" келишим: Түркия С-400дү алары бышыкталды

Россияда иштелип чыгып жаткан экипажсыз (учкучсуз) электромагниттик замбиректүү танктар келечекте бекем ордун табат. Т-14тө мээлөөчү оператор жана танктын командири бул курал жабдуусун санарип интерфейстер аркылуу (триплекстер өткөн доордо калды) башкарат. Танктын от кубаттуулугунун негизин 2А82-1М жогорулатылган күчтөгү 125 миллиметрлик жылмакай стволдуу замбирек түзөт (ок-дары комплектинде жаңы муундагы дүрмөттөр жана башкарылуучу ракеталар бар, жалпы 40 бирдик).

Т-14 танкынын эшелондук коргоо тутуму "Афганит" активдүү коргоо комплексин (реактивдүү жана танкага каршы ракеталык ок-дары, броня талкалоочу калибрдик дүрмөттөр менен күрөшүүгө жөндөмдүү дүйнөдөгү бирден-бир түзүлүш), ар кандай багыттоо тутумдары бар ок-дарыдан далдалаган автоматтык тутумун (бардык ракурстарында, анын ичинде жогорку жарым сферасында да), ошондой эле "Малахит" динамикалык коргоо комплексин (кумулятивдик жана кинетикалык ок-дарынын көзөп өтүшүнөн коргойт) камтыйт. Ичи комбинацияланган, четтери көп кат сооттолгон, бурчтары рационалдуу ийилген.

"Армата" – дүйнөдөгү таптакыр жаңы түзүлүштөгү биринчи танк. Ал бардык электромагниттик спектрде байкалышын төмөндөтүүнүн "стелс-технологиясын" да алгачкылардан болуп алган. Машина унифицикацияланган борттук маалыматтык-башкаруу тутуму менен жабдылган, башка тескөөчү системалар менен да жуурулушууга жөндөмдүү.

Башкача айтканда, Т-14түн ар бир экипажы согуш талаасында өзү жалгыз эмес, тактикалык бөлүктүн Бирдиктүү башкаруу тутумунда калат. Мындан тышкары, "Армата" оор категориясынын унификацияланган чынжырлуу базасында технологиялык жактан "окшош" Т-15 аскердик пехоталык машинасы жана Т-16 сооттолгон ремонттук-эвакуациялык машинасы курулган.

Антиторпеда: россиялык фрегаттардын өзгөчөлүгү

Т-14 менен конструктивдик жагынан окшош танк куруу боюнча өнүккөн өлкөлөрдүн адистери жыйырма жылдан бери ойлонуп келет. Алдыга жылыш бар, бирок даяр сериялык түзүлүштү Россия гана сунуштай алат.

Салыштырсак, АКШда унификацияланган Future Ground Combat System (болочоктун жердеги аскердик тутуму) чынжырлуу платформасын жаңыдан гана иштеп чыгууда. Ал эми аскердик сооттолгон, киши отурбаган мунаралуу, дөңгөлөктүү "Страйкер" (MobileGunSystem) аппараты баары бир танк болуп саналбайт.

Дүйнөдө "Арматанын" түз атаандашы же аналогу жок. Былтыр Т-14 эң өнүккөн мамлекеттердин 12 көлүгүнүн ичинен мыкты деп табылган.Танк куруу тармагында Россия ушул технологиялык революцияны жалгыз өзү жасай алды. Андыктан экономикалык жана аскердик-саясий дивиденддерди алууга үмүт артууга акысы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0