COVID-19га каршы күрөштө РФтин башка өлкөлөргө, анын ичинде КРге көмөгү

© Фото / Пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер. Архив
Медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Февраль айынан тарта Россия коронавируска каршы күрөшүүдө 32 өлкөгө жардам берүүдө. Гуманитардык жүктүн жарымынан көбү КМШ мамлекеттерине, Абхазия жана Түштүк Осетияга жөнөтүлгөн.

РФ тарабынан кайтарымсыз колдоо медициналык жабдуу жана дары-дармек менен гана чектелген жок. Sputnik россиялык гуманитардык ишмердикке толук сереп салып, пандемия убагында кайсы өлкөлөргө көмөктөшүп келе жатканын тактады.

Как Россия помогает другим странам в борьбе с COVID. Кыргызстану тоже
COVID-19га каршы күрөштө РФтин башка өлкөлөргө, анын ичинде КРге көмөгү - Sputnik Кыргызстан
Как Россия помогает другим странам в борьбе с COVID. Кыргызстану тоже

Баарын текшеришти

Гуманитардык жардамдын биринчи партиясы чет өлкөгө февралда уюштурулган. Анда Россия коронавирусту аныктоочу тест-системаларды жөнөтө баштаган. Бул туурасында Sputnik агенттигине Роспотребнадзордон билдиришкен.

"19-январда "Вектор" борборунун окумуштуулары тест-система жасап, ал эми 7-февралда анын натыйжалуулугу россиялык адистердин Кытайга болгон сапарында тастыкталган. Мындан кийин Россия чет жактарга жибере баштаган маанилүү аспекти — ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрү менен болгон өз ара аракети болду", — дешет уюмдун маалымат кызматындагылар.

14-июлга карата маалыматтарга ылайык, РФ кайтарымсыз жардам иретинде 734 миң тест жиберген. Анын дээрлик 55 пайызын (402,7 миң) КМШ мамлекеттери, Абхазия жана Түштүк Осетия алган. Тест-системалардын ири партиясы Борбор Азияга: Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанга жөнөтүлгөн.

Жээнбеков мындан аркы абалды болжолдоо үчүн алдыңкы медиктерден жардам сурады

Роспотребнадзордо дал ушул россиялык тесттердин жардамы менен Армения, Беларусь жана Тажикстанда COVID-19дун алгачкы учурлары аныкталганын белгилейт. Бирок тестти жүргүзүп, жыйынтыгын алуу үчүн химиялык реактив зарыл эле. Ошондуктан Россия чет өлкөлөргө изилдөө үчүн 723 миң реагентти да кошо берген. Алардын 440 миңи кайра эле КМШ өлкөлөрүнө, Абхазия жана Түштүк Осетияга жеткирилген.

Тест менен чектелбей...

РФ коңшу өлкөлөрүнө гуманитардык жардам катарында мамлекеттик чек аралардагы өткөрүү пунктуларын жабдуу үчүн байланышсыз өлчөөчү 23 термометр бөлүнгөнүн билдирет Роспотребнадзордун басма сөз кызматы. Он жабдык Кыргызстанга, жетөө Арменияга, алтоо Тажикстанга жеткирилген.

Россия коронавируска каршы күрөшкөн врачтарды окутууга өзгөчө көңүл бөлгөн. Роспотребнадзор 10 онлайн-дарс уюштуруп, анда россиялык врачтар КМШдагы 300 адис менен өз тажрыйбаларынан бөлүшкөн.

"Консультациялар видеобайланыш аркылуу гана өткөрүлбөдү. Россиялык адистер жабыр тарткан өлкөлөргө өздөрү барып жатышат. Мисалы, РФ май айында Тажикстан жана Молдовага баалоочу миссиясы менен барып, вирусту лабораториялык аныктоо боюнча консультация өткөрүштү", — деп маалымдаган басма сөз кызматы.

Жардамга ашыгышат

Пандемияга каршы турууда өнөктөш өлкөлөргө көмөктөшүү үчүн ушул тапта КМШнын бир катар мамлекеттеринде россиялык врачтардын бүтүндөй тобу иштейт. Июль айында Россиянын эпидемиолог жана вирусологдору Казакстан жана Кыргызстанга бет алышкан. Атап айтканда, Казакстанда 55 россиялык врач иштөөдө. Бул өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткендиктен, карантиндик режим 2-августка дейре узартылган. Россия Казакстанга кошумча гуманитардык жүк жөнөттү. "СК-Фармация" департаментинин казакстандык дары-дармек дистрибьюторунун маалыматына караганда, РФтин жардамында 2 790 коргоочу кийим комплекти, дээрлик 22 миң бет кап, фавипиравирден 236 таңгак камтылган. Айдын аягына дейре Россия бул препараттан дагы 700 миң таблетка берет.

Новосибирск: окумуштуулар коронавирусту нейтралдаштырган антитело тапты

Бүгүнкү күндө россиялык врачтардын топтору Закавказьеде да иштөөдө. Армениянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жергиликтүү ооруканаларда коронавируска каршы күрөшүү үчүн 50 медик аттанган. 12-июлда РФ Саламаттык сактоо министрлиги Азербайжанга Сеченов атындагы Биринчи Москва мамлекеттик университетинин врачтарынын бригадасын жолдогон. Алар менен биргеликте Бакуга Москва, Одинцово жана Норильскинин клиникаларында эмгектенген 17 ыктыярчы-доктур жөнөп кетти.

Сербиядан Лаоско карай

Россиянын жардамы КМШга гана эмес, башка өлкөлөргө да таратылууда. Роспотребнадзордон пандемия маалында 32 мамлекетке көмөктөшкөн. РФ гуманитардык миссиясынын географиясы кең. Гвинея, Непал, Коста-Рика, Никарагуа, Палестина, Афганистан, Куба, Лаос, Доминика, Ливан, Сербия, Венесуэла, Египет россиялык ПЦР-тесттерин бекер алган өлкөлөрдүн бери жагы эле.

Ал эми Вьетнамда коронавирусту Биргелешкен россиялык-вьетнамдык илим-изилдөө борбору изилдеп жатат. Анын базасында россиялык адистер COVID-19 козгогучуна эки миңден ашуун изилдөө жүргүзгөн.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

Вируска каршы күрөштө РФ Тышкы иштер министрлиги да алгылыктуу салым кошту. Аталган министрликтин сайтында айтылгандай, Россия Жибутиге медициналык комплекстерди түзүү үчүн чатыр жана тийиштүү жабдууларды, ал эми Камбоджага гуманитардык акциянын алкагында циклоферондун миң таңгагы жиберилген.

Экспорттун көлөмү өсүүдө

Гуманитардык жардам жөнөтүү менен катар эле экспорттун көлөмү да жогорулап барат. Бүгүн россиялык тест-система Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркия, ошондой эле Грузия жана Украинага да сатылып жатканын РФтин Өнөр жай жана соода министрлигинен Sputnik агенттигине кабарлашты.

Ошондой эле тесттер алыскы чет өлкөлөргө, атап айтсак, Австрия, Бангладеш, Болгария, Бразилия, Венгрия, Германия, Индия, Италия, Бириккен Араб Эмирлигине да жөнөтүлүүдө.

"Жалпы 20 миң топтом экспорттолду. Азыр Алжир, Афганистан, Венесуэла, Малайзия, Марокко, Сербия жана Пакистанга жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө", — деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Өпкөнү жасалма дем алдыруучу россиялык аппараттарды экспорттоо да ийгиликтүү болууда. Бул аппараттан 600 бирдик Өзбекстан, Беларусь, Сербия жана Италияга жеткенин билдирген өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров Федерациянын кеңешиндеги сөзүндө. Андан тышкары, Россия дене табын өлчөөчү терминалдарын сатууну АКШ менен талкуулоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0