Кургакта да, сууда да… Россиялык флот Бе-200 амфибиялык учагына ээ болду

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМеждународный авиационно-космический салон МАКС-2019. День второй
Международный авиационно-космический салон МАКС-2019. День второй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Аскердик-деңиз флотуна айтылуу Бе-200 көп багыттуу амфибиялык (сууга да, кургак жерге да коно алчу) учагы кабыл алынды. Бул РФтин аскердик-деңиз авиациясынын операциялык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө жол ачат.

Машина жүк менен ыкчам көтөрүлүү тездиги боюнча жыйырмадан ашуун дүйнөлүк рекордду койгону менен белгилүү. Өз классында буга тең келчү учак жок экенин аскерий баяндамачы Александр Хроленко кезектеги макаласында белгилейт.

Россиянын Аскердик-деңиз флотунун Дүйнөлүк авиациясынын жайкы курамынын Аскердик даярдык жана кайра окутуу борборунда (Ейск калаасында) Россиянын Коргоо министрлиги үчүн курулган Бе-200 "Альтаир" амфибиялык учагын 14-июлда тосуп алышты. Сынамык пайдаланууга берилген.

2018-жылдагы келишим боюнча Аскердик-деңиз флоту быйыл Бериев атындагы Таганрог авиациялык илимий-техникалык комплексинен издөө-куткаруу модификациясындагы дагы башка эки учакты алууга тийиш. Кийин да "Альтаир" серияларын Россиянын Аскердик-деңиз флоту үчүн чыгаруу пландалган.

Саатына 155 чакырым! Аэромобилдик "Стрела" сооттолгон унаасынын арышы

Коргоо министрлиги деңиз авиациясынын амфибиялык отряддарын Балтика, Түндүк, Тынч океан, Кара деңиз флоту жана Каспий флотилиясында түзүүгө белсенди. Бул жоопкерчилик аймактарында аскердик күзөт, издөө-куткаруу операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жол ачат. Россиянын Аскердик-деңиз флоту үчүн Бе-200 башка модификациялардан конструктивдүү жана функционалдуу айырмаланат.

Мурда Бе-200 амфибиялык учактарынан 20 чакты чыгарылып, азыр алар көбүнесе Россия жана Азербайжандын Өзгөчө кырдаал министрликтеринде пайдаланылат. Учактын алты модификациясы бар (издөө-куткаруучу, күзөт, транспорттук, санитардык, жүргүнчү, өрткө каршы), ал эми багытын аталыш аббревиатурасы чагылдырат. Мисалга,

БЕ-200П күзөт үчүн колдонулат, байкоо салуу жабдууларынын көптүгү менен өзгөчөлөнөт. Бул алыс аралыктарда мамлекеттик чек аранын (же экономикалык зонадагы) мыйзам бузгандарды кармоого мүмкүндүк берет.

БЕ-200ПС издөө-куткаруу операцияларында пайдаланылат. Өрт өчүрүүчү БЕ-200ЧС экспортко чыгаруу өндүрүлөт. Мындай учактардын бирин Азербайжан сатып алган. 2016-жылы төрт "учуучу кайыкка" Кытай буюртма берген.

Абадагы алгыр учак! "МиГ-31дин" өзгөчөлүктөрү

Көптү үмүттөндүргөн долбоор

РФ Коргоо министрлиги ушул тапта алты "Альтаирге" келишим түзгөн. Аскердик-деңиз флоту үчүн мунун пайдасы талашсыз. Реактивдүү кыймылдаткычы бар эң чоң заманбап амфибиялык Бе-200 "Альтаир" учагы деңиз чек араларын жана экономикалык зоналарды күзөтүп, издөө-куткаруу функцияларын аткарып, 1500 чакырымдык радиуста, 10 миң метрге чейинки бийиктикте 5 тонна жүктү ташый алат.

Канатынын алдында орнотулган Д-436ТД күчтүү кыймылдаткычы саатына 710 чакырымга чейинки ылдамдыкта учууга мүмкүндүк берет. Учак толкуну 1,3 м чейин көтөрүлгөн деңизге коно алат, ал эми абага көтөрүлүү үчүн кургакта да, сууда да ага күүлөнүүгө 1500 метрлик аралык зарыл.

Бул ачык деңизде Аскердик-деңиз флотунун кемелерине жана суднолоруна жүктү ыкчам жана коопсуз жеткирүү үчүн абдан маанилүү. Бе-200дүн артыкчылыктары катары автономдук жайгашуусу, учуш коопсуздугунун жогорулугу жана кыймылдаткычтарынын бири иштеп чыгып калган учурда сууга конуу мүмкүнчүлүгүн атоого болот. Учак эки жүз милдик жээк аймагында алты саат күзөтө алат.

Россиянын жаңы флоту: бир күндө дароо алты кеменин курулушу башталат

РФ Коргоо министрлигинин "Альтаирди" өздөштүрүү баскычында ал тынч максатта пайдаланылары жарыяланган. Ошентсе да Бе-200 универсалдык аба платформасы атайын жабдуунун кеңири спектрин жайгаштырууга, татаал аскердик милдеттерди аткарууга жол ачат. Күзөт модификациясында Аскердик-деңиз флотуна берилчү учактын бортунда оптика-электрондук табуу системасы жана операторлордун автоматташтырылган жумуш орундары, ошондой эле командалык-тактикалык, радиолокациялык, радиогидроакустикалык, магнитометрдик системалар, радиотехникалык чалгындоо жана куралды тескөө комплекстери орнотулушу ыктымал.

"Альтаир" деңиз, жер жана абадагы объектилердин чалгындоо жүргүзүп, атайын операцияларды камсыздап, кырсыкка кабылган учак, кеме жана суу түбүндөгү кайыктардын экипаждарын издөө милдетин натыйжалуу аткара алат. Мындан сырткары, жеке курамды жана курал-жаракты ташуу, аэродромдук түйүнсүз жээктердеги райондордон (табигый кырсык болгон аймактардан) жарадар жана бейтаптарды коопсуз жайга жеткирет. Платформаны кемеге каршы соккуларга туруштук бергидей куруп жатышкандай. "Учуучу кемеде" заманбап борттук радиоэлектрондук жабдуу, анын ичинде жаңы муундагы пилотаждык-навигациялык комплекс орнотулган. Учак каалаган физикалык-географиялык климаттык шарттарда, күндүзү да, түнкүсүн да, жөнөкөй жана оор метеошарттарда уча алат.

Көп багыттуу Бе-200 "Альтаир" – дүйнөлүк деңгээлдеги учак, адистер анын келечеги кең экенин белгилешет. Жакын арада, 26-июлда Санкт-Петербургдагы Башкы аскердик-деңиз парадына катышмакчы.

Каспий чөйрөсү

Бе-200 алгачкы авиаотрядын Каспийде түзүү пландалууда. Буга чейин эле Россиянын Аскердик-деңиз флотунун Каспий флотилиясынын жеке деңиз авиациясы жок болчу. Чакан авиаотряддар флотилиянын курамына Жарандык жана Улуу Ата Мекендик согуш тушунда гана кирген.

Каспий деңизи "Альтаирди" сыноочу полигонго айлантышы ыктымал. Аны пайдалануу "учуучу кайыктарды" жакшыртууга, тагыраагы, аба платформасын Аскердик-деңиз флотунун милдеттерин аткаруу үчүн ылайыктоого мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге эле бул Россиянын Кавказ, Борбор Азия жана планетанын башка жерлериндеги аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы аймактык союздаштарын жана өнөктөштөрүнүн кызыгуусун жаратышы ыктымал. Бе-200 амфибиялык учагынын экспорттук дарамети чоң, татыктуу атаандашы да жок.

Bombardier канадалык компаниясы 1990-жылы бортуна 5,3 тонна суу ала алган CL-215 "учуучу кайыктардын" өндүрүшүн токтоткон (дүйнөдө андай машинадан 120 даана калган).

Жүк көтөрүмдүүлүгү көбүрөөк (6 тонна суу) эки PW123AF турбовинттик кыймылдаткычы бар (1994-жылкы үлгүдөгү) Bombardier CL-415 жана анын негизинде жасалган көп багыттуу күзөттүк, баасын укканда сатып алуучуларды качырган 415MP (25 жыл ичинде 80 гана 415MP машинасы сатылган) бар. Ошентсе да Bombardier 415 көп көрсөткүчтөрү боюнча "Альтаирден" артта калат.

Америка да алсам дейт. Калашников автоматы дүйнөнү багынтууда

Япониялык US-1A (1971-жылкы үлгүдөгү) жана US-2 (2007-жылдан берки сериядагы) амфибиялык учактарында издөө-куткаруу мүмкүнчүлүгү аз. Бул Күн чыгыш өлкөсүнүн дагы бир ShinMaywa "учуучу кайыгы" бар, бирок, баасы оголе кымбат.

Кытай 1985-1986-жылдар аралыгында көп багыттуу SH-5 амфибиялык учактан төрттү чыгара алган. Алар издөө-куткаруу учактары катары гана колдонулат.

Кытайлык AG600 учагынын олуттуу техникалык кыйынчылыктарга кабылып келет. Тегин жерден Кытай россиялык өрт өчүрүүчү Бе-200 учактарынын партиясына буюртма жасабагандыр. Кыскасы, иш жүзүндө "Альтаир" бардык жагынан дүйнөдө теңдеши жок. Ал ортодо бул учакты өндүрүүчү ишкананын жарым кылымга алдын ала пландалган конструктордук иш көлөмү, Бе-1000 и Бе-2500 перспективдүү экранопландык долбоорлору бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0