COVID: Мишустин Россияда жасалган 4 вакцина адамга коопсуз экенин айтты

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүПремьер-министр РФ М. Мишустин провел совещание с вице-премьерами РФ
Премьер-министр РФ М. Мишустин провел совещание с вице-премьерами РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Михаил Мишустин бүгүн Мамлекеттик Думада сүйлөп жатып азыр Россиядагы бардык илимий-изилдөө мекемелери жаңы вакциналар боюнча иш жүргүзүп жатканын билдирди.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин COVID-19га каршы бул өлкөдө иштелип чыккан төрт вакцина адамга коопсуз экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мишустин бүгүн Мамлекеттик Думада өкмөттүн отчётун берди. Анын айтымында, азыр Россиядагы бардык илимий-изилдөө мекемелери жаңы вакциналардын үстүндө иштеп жатат.

Боронов гриппке каршы эмдөө кимдерге акысыз жасаларын айтты

"Бизге азыр 17 илимий борбордун 26 түрлүү вакцина даярдап жатканы белгилүү. "Роспотребнадзор" мекемесинен билдиришкендей, алардын ичинен төртөөнүн коопсуз экени аныкталды. Эки препарат дээрлик даяр болуп калды. Дагы экөө сыноо алдында турат", — деди Мишустин.

Россиялык вакциналар тууралуу кененирээк Sputnik агенттигинин видеоматериалынан көрсөңүздөр болот

Жаңылыктар түрмөгү
0