Путиндин сунушу, балалык кыял, пандемия менен күрөш. РФ премьери Мишустиндин маеги

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүПремьер-министр РФ М. Мишустин дал интервью телеканалу "Россия-24"
Премьер-министр РФ М. Мишустин дал интервью телеканалу Россия-24 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин "Россия 24" телеканалына маек куруп, өкмөттү жетектөө сунушун кандай кабыл алып, пандемия маалында Россиянын кандайча өнүгө турганын айтып берди.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Михаил Мишустин президент Владимир Путиндин премьер-министр болуп иштөө сунушуна макул болуп жатып кандай кыйынчылыктарга туш болорун элестеткен да эмес. Бул тууралуу ал "Россия 24" телеканалына маек куруп жатып билдирди.

Анын үстүнө ошол маалда коронавирус инфекциясы мынчалык жайылып кетерин эч ким билген эмес. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө жер жүзүндө аталган вирустан 600 миңдей киши көз жумду.

COVID: кол кабыш кылууга Россиядан дагы медиктер келди. Сүрөт түрмөк

Өкмөттү жетектөө сунушу

"Алдыдагы иштин масштабдуулугун элестетүү өтө кыйын. Сунуш Россия президенти Владимир Путинден түштү, мында негизинен анын январда жасаган кайрылуусундагы тапшырмаларды аткарууга басым жасалган", — деди Мишустин.

Ал президент койгон милдеттемелерди аткаруудан тышкары күн сайын пандемияга байланыштуу бейтаптар үчүн орун түзүү, тийиштүү методикаларды, адистерди даярдоо, коргоочу каражаттарды сатып алуу жана өндүрүү сыяктуу иштерди аткаруу татаал болгонун белгиледи.

Мишустин Россия коронавируска каршы күрөшүүдөгү эң оор этапты басып өткөнүнө да токтолгон.

"Жыйынтык боюнча айтсак, биз бул учурдан жакшы көрсөткүч менен өттүк. Бул адам өлүмүнө да, тестирлөө системасына да тиешелүү", — деди премьер.

COVID: Мишустин Россияда жасалган 4 вакцина адамга коопсуз экенин айтты

Балалык кыял

Россия өкмөтүнүн төрагасы Мишустин өспүрүм кезинде медицина институтуна тапшырсам деп кыялданганын айтып берди.

"Апам — тажрыйбалуу медайым. Мындан улам дарыгерлерге бала чагыман бери мамилем жакшы, анткени айланамда дайым апамдын ак халатчан курбулары, тааныштары жүрөр эле. Салык кызматында иштегенге чейин медицина институтуна тапшырам деп ойлочумун", — деди Мишустин.

Коронавирустан дарылануу

COVID-19га ПЦР-тестти Михаил Мишустин апрелдин аягында тапшырган. Дене табы жогорулап, көптө барып айыккан.

"Тез эле айыгып кеттим деп айта албайм. Тилекке каршы, дене табым катуу көтөрүлдү. Бирок кичине өзүмө келерим менен ишке кайттым", — деди ал.

COVID-19га каршы күрөш: Россия ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн тажрыйбасы менен бөлүшөт

Премьердин иштей баштаганы тууралуу расмий маалымат 19-майда, башкача айтканда, үч жумадан кийин чыкты. Мишустин "вирус кызматка карабай турганын" айтып, анын өтө кооптуу экенин кошумчалаган.

"Кайдан жуктуруп алганымды билбейм. Жасап жаткан эмгеги, мээнети үчүн дарыгерлерге ыраазычылык билдиргим келет. Бардык жердеги медиктер россиялык врачтардай иштесе экен деп тилейм", — деди премьер.

Коронавирустун экинчи толкуну тууралуу

"Азырынча биздин адистер менен окумуштуулар бул тууралуу айта элек. Эгер дарыгерлер менен Роспотребнадзордун айтканын айткандай аткарып турсак экинчи толкун болбойт деп үмүт артам", — деди Мишустин.

Россия Кыргызстанга COVID менен күрөшүүгө кандай жардамдарды көрсөткөнү айтылды

Анын айтымында, азыр Россияда коронавируска чалдыккандардын саны азайып жатат. Мындан сырткары, вирустун адамдын өмүрүн алган күчү алсыроодо.

Пандемиянын пайдасы

Мамлекеттердин чек арасы жабылып турган маалда ички туризмге басым жасалат. Мишустин бул багытта Россияда кандай иштер жүрүп жатканына жооп берди.

"Өзүң үчүн өз мекениңди таануу, албетте, сонун. Анткени ажайып кооз жерлер, курорттор бар. Болгону жакшы инфраструктура, инвестиция зарыл. Мындан тышкары, жол киренин арзан болушу кажет", — деди ал.

Элчи: Россия Кыргызстанга пандемияда 2 млн долларлык кайтарымсыз жардам көрсөттү

Эпидемиядан кийинки жашоо

Өкмөттүн төрагасы пандемияга чейинки өлкө бюджетине жыйналган каражат көп санааркатпай турганын белгиледи. Ал коронавирус экономикалык өсүштү жайлатып, элдин кирешесин азайтканы менен өлкөнүн "коопсуздук жаздыкчасы" бар экенине токтолду.

"Буга чейинки макроэкономикалык стабилдүүлүк, бюджетке чогулган акча санаага түшпөй, бейгам жашоону шарттайт", — деди Мишустин.

Жаңылыктар түрмөгү
0