Студенттер лекция учурунда. Архив

Россиянын окуу жайлары кыргызстандык студенттерге кандай жеңилдик берет

(жаңыланган 10:08 29.07.2020)
Россиянын алдыңкы университеттеринде жаңы окуу жылында КМШдан келген абитуриент жана студенттерге кандай жеңилдиктер каралган? Булар туурасында Sputnik агенттигинин макаласынан окуңуздар.

Данара Курманова

РФтин Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта Россияда 297 миң четөлкөлүк студент билим алат. Россиялык университеттер тарабынан COVID-19 пандемиясы күч алып турган маалда сырттан келген студенттер кандай колдоого алынганы жана КМШдан быйыл окууга тапшыра турган абитуриенттерге кандай жеңилдиктер берилерин Sputnik тактап көрдү.

Кам көрүүгө далалат

Россияда обочолонуу режими киргизилген март айынан тарта бардык билим берүү мекемелери аралыктан иштөөгө өтүп, четөлкөлүк студенттерди колдоого багытталган чараларды көрүүгө аракеттенген. Бул жөнүндө Sputnik агенттигине Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Павел Шевцов айтып берди.

Махабат, жумуш жана дартты жеңүү: Россияда билим алган жаштардын "табылгасы"

"Албетте, белгилүү бир бирдиктүү акцияны иштеп чыгууга мүмкүн болбоду, анткени университеттер ого эле көп. Ал эми Россотрудничество алардын негиздөөчүсү эмес, — деп билдирет ал. — Бирок биз консультацияларды жүргүздүк, жардам көрсөтүүнүн жолдорун талкууладык".

Шевцовдун айтымында, көптөгөн россиялык жогорку окуу жайлар кризис да билим берүүнүн сапаттык көрсөткүчү экенин так билишет. Бул өз убагында университеттердин өздөрү үчүн да, студенттер үчүн да мүмкүнчүлүккө айланышы ыктымал.

"Четөлкөлүк студент Россиянын аймагында ага кам көрүлүп, сый мамиле көрсөтүлүп жатканын сезип турса, анын ыраазы болушу студенттердин кийинки толкунун тартат. Мекенге кайткан бүтүрүүчүлөр таасирлеринен жаш муун менен бөлүшөт, алар да Россияда билим алууга умтулушат. Бул өтө маанилүү. Алар бетме-бет отуруп сөзүн тыңдаган адамдардын пикирлерине карап багыт алышат", — деди Шевцов.

Өлкөнү силерге өткөрөбүз! Президент бүтүрүүчүлөргө алтын сертификат тапшырды

Каржы жагынан колдоо

Россотрудничествонун өкүлү билдиргендей, пандемия башталгандан бери россиялык окуу жайлар студент жана абитуриенттер үчүн жеңилдиктердин жекече системаларын даярдаган. Байланыш жана информатика Москва техникалык университетин (МТУСИ) мисалга келтирет. Бул окуу жай бюджеттик орундардын санын көбөйткөн. Ошондой эле бакалавриат жана адистик программалардын акысы 15-20 пайызга арзандатыларын да жарыялаган.

Ошондой эле МТУСИнин жакшы окуган студенттери – жергиликтүү болуп-болбогонуна карабай, жогорулатылган стипендия алары аталган окуу жайдын социалдык медиадагы расмий баракчаларында маалымдалат.

Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетинин бюджеттик бөлүмүнө кирүү сынактарына катыша алышат.

ЖРТдан эң жогорку балл алган Акмарал кайсы окуу жайга тапшырганын айтты

Ушундай эле стратегияны Россиянын дагы бир алдыңкы медициналык окуу жайы – Пирогов атындагы Россиялык улуттук изилдөө медициналык университети (РНИМУ) да тандап алды. Мындан сырткары, университет экзамендердин жыйынтыгына жараша акы төлөө негизинде билим алуучуларга да арзандатууларды караштырган.

Россия эл достугу университети да быйылкы окуу жылынын акысын жогорулатпай тургандыгын жар салды. Бул окуу жайда келишимдик негизде мыкты окуган студенттерге да 20 пайызга чейинки жеңилдиктерди берүү жагы каралган. Университеттин басма сөз кызматы студенттер өздөрүнүн тырышчаактыгы менен окууга төлөнгөн акыны өздөрү азайта аларын билүүгө тийиш экенин белгилейт.

Акыны былтыркы калыбында калтырууну Улуттук өзөктүк изилдөө университетинин Москва инженердик-физикалык институтунун (МИФИ) жетекчилиги да туура көргөн. Ал гана эмес, КМШдан тапшырган студенттер да РФ жарандары үчүн бекитилген өлчөмдөгү суммада төлөшөт. КМШдан тапшырган абитуриенттерге берилчү жеңилдиктер бул менен эле токтобойт. "Ушул тапта биз мындан кийин да арзандатуу маселесин караштыруудабыз", — деп маалымдайт университеттин басма сөз кызматы.

Министрлик: абитуриенттин документинин түп нускасы азыр керектелбейт

Бир катар окуу жайлардан айырмалана Москва мамлекеттик университети кошумча арзандатууларды караган жок. Анткени бул окуу жай КМШнын бир катар өлкөлөрүнөн келген абитуриенттерге да Россиянын жарандары менен бирдей тең укук берилет.

"Бул укукка Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россияда жашап турууга уруксаты бар КМШ жарандары, чет өлкөдө туруктуу жашаган россиялыктар ээ, — деп белгилешет университеттин маалымат кызматындагылар. — Мындан сырткары, РФ жана Азербайжан өкмөттөрүнүн ортосунда маданий жана илимий кызматташтык жөнүндөгү келишим бар. Ал дагы бул университетте билим алууга мүмкүнчүлүк берет".

Үйдөгүдөй камкордук

Университеттердин обочолонуу режимине өткөндүгүнө байланыштуу КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттердин көбү үйлөрүнө кайтууну туура көрүштү. Себеби окуу аралыктан улантылды. Окуу жайлар бул маселеде да каралашууну чечкен. Мисалы, Россия эл достугу университети пандемия маалында мекенине кайткан студенттерден жатакана акысын албады.

Ушундай эле саясатты Санкт-Петербург мамлекеттик университети (СПбГУ) да карманган. Россиялык мамлекеттик гуманитардык университети (РГГУ) жатаканада жашаган студенттери өздөрү жашабаган убактагы коммуналдык кызмат акыларын төлөбөй коюшса болот. МТУСИ бардык студенттерин апрель айындагы жатакана акысынан бошотконун расмий сайтында маалымдаган.

Адис региондордогу балдар ЖРТдан жогорку балл алып жатканынын себебин айтты

Университеттер жатаканада жашап калган студенттерине каралашты. Бауман атындагы МГТУ респираторлор менен жабдыды. Ал эми РУДН кампус аймагында студенттерин бет кап, мээлей жана антисептик менен күн сайын камсыздап турган. Ал тургай студенттерге мындай коргонуучу каражаттар топтомун күн сайын алууга шарт түзүлгөн. МИФИ жаңы окуу жылында россиялыктарга гана эмес, КМШдан келген студенттерге да жатакана берүүнү чечти. Акы алынат, бирок батир ижаралоого караганда арзан түшөт.

Билимди онлайн өркүндөтүү

Обочолонуу маалында көпчүлүк адамдар өз алдынча билим алууну чечишти. Ушундан улам Санкт-Петербург мамлекеттик университети (СПбГУ) 170 электрондук билим берүүчү программа түзүп, Россияда билим алган бардык студенттерге андан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берди. Жалпысынан аларды 89 окуу жайдан 335 миң угуучу бүтүрдү. Бул кадамы менен аталган университет Россиядагы онлайн-курс тармагында алдыңкы сапка чыкты.

Болочок студенттерин колдоого бөлгөн каражат көлөмү жагынан алдыга Россия эл достугу университети чыкты. Ал 20 миллион рубль – магистратурада билим алууга четөлкөлүк студенттер үчүн 190 грант бөлдү. Программага КМШ өлкөлөрүнүн жарандары да катыша алат. Башкысы, 10-августка дейре университетке портфолиолорун жөнөтүүгө үлгүрүү керек.

Өлкөдө окуу жайларга онлайн кабыл алуу башталды. Артыкчылыктары

Эс алуу да унуткарылбайт

Окуу өз нугу менен, обочолонуу режиминде эс алууга да көңүл бурган оң деген ойдо Павел Шевцов. "Четөлкөлүктөр үчүн бул мезгил оңой эмес, жаңы жагдай, анан да бир жакка чыгууга уруксат жок. Ошондуктан биз университеттерге студенттер зерикпегидей ар кыл социалдык, маселен, маданий жана спорттук программаларды иштеп чыгууну сунуштадык", — дейт ал.

Жогорку окуу жайлардын социалдык медиадагы баракчаларына карап талдасак, Россотрудничествонун бул демилгесин бир топ университеттер колго алганы байкалат. Атап айтсак, МИФИ студенттерине онлайн-секция жана клубдарын ачса, РГГУнун спорт жөнүндөгү видеоканалы иштей баштады, РУДНдин баракчасы ар кандай көңүл ачуучу курстарды – поэзия ийриминен каратэ сабактарына чейин бөлүшүп турду.

Илимге мектептен тарта багыттоо. КМШда жакынкы 10 жылда ишке ашчу программа

Жеңилдиктер түгөнбөйт

Студенттерди колдоо жогоруда аталгандар менен чектелбейт. Павел Шевцовдун айтымында, "Россотрудничество" агенттиги чет өлкөдө олимпиадаларды өткөрүп, таланттуу мектеп бүтүрүүчүлөрүн издөөнү улантат. КМШнын көпчүлүк өлкөлөрүндө, Түркмөнстандан башкасында, тандоо аяктап калды.

2020-2021-окуу жылында четөлкөлүктөр үчүн Россотрудничество тарабынан бөлүнгөн орундардын саны өзгөрүүсүз калат. Агенттик кайрадан 15 миң зээндүү студентти кабыл алат. "Бирок ушул тапта Билим берүү министрлиги менен келечекте бул орундарды көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз, — дейт Павел Шевцов. — Документ азыр кароодо. Квотаны көбөйтүүдө КМШ жарандарына өзгөчө басым жасалат".

Белгилер:
жеңилдик, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Россия, билим, окуу
Тема боюнча
Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай
Илимге мектептен тарта багыттоо. КМШда жакынкы 10 жылда ишке ашчу программа
Кара деңиздеги РФтин Каспий флотилиясы

Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?

(жаңыланган 22:31 20.04.2021)
Түштүк-батыш стратегиялык багытка карата кандай коркунуч болбосун ыкчам чара көрүүгө даярдыгын Россия Кара деңиздеги кадамы менен көрсөттү.

РФтин Каспий флотилиясы, Балтия жана Түндүк флотторунун ракеталык, артиллериялык жана десанттык кемелери аталган чөлкөмгө жеткирилди. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет Россиянын ушул аракетине баам салган.

Каспий флотилиясынын 15 кемесинен турган топ 17-апрелдин таңында Керчен кысыгы аркылуу Крым көпүрөсүнүн алдынан сүзүп өтүп, Кара деңизге карай багыт алды. Ошол эле күнү Босфор булуңунан Кара деңизге РФтин Түндүк флотунун ири десанттык кемелери – "Александр Отраковский" жана "Кондопога", андан соң Балтия флотунун ушундай эле "Калининград" жана "Королёв" кемелери жөнөдү.

Жети десанттык ири кемени кошкондо Кара деңизде россиялык мындай жети бирдик бар, штаттык курал жана зооттолгон техника (100 танктан өйдө) үч миң чакты деңиз пехотачыларын бортуна жайгаштыра алат. Ошону менен бирге эле десанттык катерлерди да унутта калтырган болбойт.

Каспий флотилиясынын, Балтия жана Түндүк флотунун күчтөрү Кара деңиз флоту менен биргеликте жоопкерчилик жүктөлгөн аймактагы катаал жагдай эске алынып уюштурулган ири машыгууларга катышат. "Калибр" канаттуу ракеталары менен 2000 чакырымдык радиустан "ливиялык сценарийди" же "чөлдөгү бороонду" уюштуруп, башкача айтканда, европалык өлкөлөрдүн аймагындагы агрессорду кыйратып коё алчу дараметке ээ.

Ошондой эле Кара деңиз флоту жана Каспий флотилиясынын деңиз пехотасы жана жээктеги күчтөрүнүн бөлүктөрү да тартылган. Россиянын түштүк-батыштагы чек араларына аталган мамлекеттин жалпы күчтөрүнүн эки армиясы жана аба-десанттык күчтөрдүн үч дивизиясы, Түштүк аскердик округунун сокку уруучу авиациясы да жеткирилген. Крым тобу кургакта, деңизде жана абада болжолдуу душмандын деңиз жана аба десанттары менен "айыгышкан кармашка" машыгууда.

Батыштын кысымына жооп

Чыгыш Европада 26 өлкөдөн 30 миң жоокер катыша турган Defender Europe 21 машыгуусунун Кара деңиздеги активдүү фазасы май айына коюлган. Ал убакка дейре британ аскердик кемелери, атап айтканда, эсминец жана кайыктарга каршы фрегат келет. Негизинен алар ракетага каршы коргонуучу америкалык "Гарпун", аэродинамикалык бутасын 80 чакырымга чейинки аралыктан кыйратуучу Sea Wolf зениттик ракеталык комплекстери менен жабдылган. Кара деңиз акваториясында британиялык аскердик-деңиз күчтөрүнүн кемелери Жер ортолук деңиздеги "Королева Елизавета" авиа ташуучусунун бортунан көп буталуу F-35 истребитель-бомбалоочуларын колдойт.

Донбасста курчуп турган абалдан улам РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев АКШ жана анын союздаштары Украинаны Крымга карата чагымчылыкка шыкактап жатканын билдирген эле.

Россиянын быйыл 21-апрелден 31-октябрга чейин пландалган аскердик окуулары Кара деңиздеги бир нече районду чет өлкөлүк аскердик-деңиз күчтөрү үчүн жабат. Кеме өтүүчү үч тилке, атасак, Крымдын түштүк жээги (Севастополдон Гурзуфка чейинки), Керчен жарым аралындагы жээктеги жана Крымдын батышында деңизге малынып турган чакан тилкеде ушундай бөгөт коюлган. Эске салсак, бардык чектөөлөр РФтин территориалдык сууларынын ичинде гана, ошону менен бирге эле эл аралык эрежелерге шайкеш, Керчен кысыгындагы жарандык кемелердин өтүшүнө жолтоо болбойт.

Украинанын куралдуу күчтөрү жана НАТОнун стандарттык окууларына Россия Крымдын жээктериндеги таамай тийчү канаттуу ракеталар менен сокку уруучу күчтүү кеме тобун, Кара деңиз флоту жана Түштүк десанттык округдун "аба армадасын" түзүү менен жооп кылып, жабдылбаган жээкке жеткирүү менен өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүдө.

Мурдараак Кара деңиз акваториясын Түштүк аскердик округунун авиациясынын жана Кара деңиз флотунун Деңиз авиациясынын биргелешкен ири машыгуулары башталып, анда фронттук Су-24М жана Су-34 бомбалоочу учактары, көп буталуу Су-27СМ жана Су-30СМ болушунча пас бийиктиктеги деңиз буталарын карай ракета кое берүү жана бомбалоого машыгып, ошондой эле Кара деңиз флотунун кемелерин калкалап жана коштоо менен алек болушат.

Кара деңиздеги Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн катаал үстөмдүгү шартында "Европанын коргоочулары" күч жана каражаттардын машыгуусунда кескин түрдө чектелген. Defender Europe 21 окуусунун пландарына түзөтүү киргизилери шексиз, антсе НАТО боюнча "улук өнөктөштөрдүн" кадыр-баркы түшөт. Пентагондун "кеме өтүүдөгү эркиндиктин" кыйрашы жөнүндөгү кооптонгон билдирүүлөрү ушундай жагдайдан улам экени түшүнүктүү. Кантсе да октябрь айында аймактагы кырдаал калыбына келип калары айкын.

Белгилер:
десант, НАТО, Россия, аскер-деңиз флоту, Кара деңиз
Тема боюнча
"НАТОнун иши": россиялык чек араларда эмне башталмакчы? Сереп
Россиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архив

Дональд Трамп: Путин мага, мен ага жакчумун

(жаңыланган 12:56 20.04.2021)
АКШнын экс-президенти убагында Россиянын лидери менен жакшы мамиледе болгонун айтып, бул жаман эмес көрүнүш экенин белгилеген.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Россиянын лидери Владимир Путин менен болгон мамилеси жөнүндө айтып бергенин РИА Новости жазды.

Трамп Путинге жагарын белгилеген.

"Менин Путин менен мамилем абдан жакшы болчу. Мен ага, ал мага жакчу. Бул нерсе жаман эмес, тескерисинче, жакшы көрүнүш", — деген Трамп.

Москва менен Вашингтондун мамилеси 2016-жылдын соңунда, Дональд Трамп президент болуп шайлангандан кийин начарлаган. Себеби шайлоонун жүрүшүнө Москва кийлигишти делген маалыматтар тарап кеткен. Прокурор Роберт Мюллер "Россиянын кийлигишүүсү" жөнүндөгү божомолду эки жыл бою иликтеген. Кийин ал "кийлигишүү" болгонун билдиргени менен расмий Москва менен Вашингтон аны төгүндөгөн.

Белгилер:
Дональд Трамп, президент, АКШ, Россия
Тема боюнча
Байден Путиндин фамилиясын туура эмес айтып алды
Ооруканада палатадагы капельница. Архив

Бишкекте уу коргошунга ууланып төртүнчү бейтап ооруканага түштү

(жаңыланган 22:48 20.04.2021)
Учурда бейтап Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу экени айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ушуну менен борбор калаада уу коргошунга ууланган төртүнчү бейтап катталганы маалым болду. Бүгүн аталган ооруканага 71 жана 67 жаштагы жубайлар түшүп, алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлган.

Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады. 

Уу коргошун чуусу

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду

Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.

Белгилер:
Бишкек, уулануу, бейтап, оорукана, Ысык-Көл тамыры, уу коргошун
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун ичкендерден кагаз жүзүндө уруксат алган эмеспиз. Министрдин маеги