Путин: коронавирус кырдаалы күтүүсүз багытка бурулуп кетиши ыктымал

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин видеоконференция учурунда
Россиянын президенти Владимир Путин видеоконференция учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери чектөөлөрдү жоюу боюнча айтып жатып, чечимдерди ар тараптан салмактап, адистер менен сүйлөшүп кабыл алууну белгилеген.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Россиядагы COVID-19 кырдаалы турукташып жаткандыгын, бирок абал күтүүсүз багытка өзгөрүп кетиши мүмкүндүгүн айтканын РИА Новости жазды.

"Албетте кыйынчылыктарсыз, көйгөйсүз эч нерсе жок. Бирок мен мурда айткандай, жалпысынан биз болуп көрбөгөндөй азапты жеңип, бул эпидемияга туруштук бердик", — деген президент өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга арналган жыйында.

1-августтан тарта Россия менен Түштүк Корея аба каттамдарын жандантышы ыктымал

Путин белгилегендей, акыркы учурда мамлекетте COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны уламдан-улам азайып баратат.

"Ошол эле учурда кырдаал оор бойдон калууда жана каалаган багытка өзгөрүп кетиши ыктымал. Биздин азыр чогулуп жатканыбыз да бекеринен эмес. Андыктан вируска байланыштуу эреже-тартиптерди эстен чыгарууга негиз жок", — деген Путин.

Ал чектөөлөрдү жоюу боюнча айтып жатып, чечимди ар тараптан салмактап, адистердин сунушун көңүлгө түйүү менен кабыл алууну белгилеген. Аны менен бирге эле оорунун кайрадан өсүшүнө жол бербөөнү эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0