Россия эл аралык аба каттамын жандантты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүү"Аэрофлот" авиакомпанинын учагы. Архив
Аэрофлот авиакомпанинын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, коронавирус пандемиясынан улам 27-марттан баштап аталган мамлекет эл аралык аба каттамдын бардык түрүн токтоткон.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Россия бүгүндөн баштап эл аралык аба каттамын жандантты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы маалымдады.

Эске салсак, коронавирус пандемиясынан улам 27-марттан баштап аталган мамлекет эл аралык аба каттамдын бардык түрүн токтоткон.

"Биринчи кезекте аба каттам Улуу Британия, Түркия жана Танзания мамлекеттери менен жанданган. Бүгүндөн баштап россиялыктар Лондон, Анкара, Стамбул шаарларына жана Занзибар аралына учуп бара берсе болот. Ал эми 10-августтан тарта Анталья, Бодрум жана Даламан шаарларына учактар кете баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан жакында үч өлкө менен аба каттамын жандантууну пландап жатат

1-августка караган түнү Стамбул шаарынан Внуково аэропортуна биринчи эл аралык каттам келгени маалым болду. Аны менен Россияга 50дөй жүргүнчү келгени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0