Россияда коронавируска каршы вакцина акысыз болору айтылды

© REUTERS / BAZ RATNERУкол даярдап жаткан дарыгер. Архив
Укол даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин министр Россияда COVID-19га каршы вакцинация октябрь айында башталарын айткан. Препаратты клиникалык сыноолор аяктаган.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Россияда коронавируска каршы вакцина элге акысыз сайылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Михаил Мурашкого шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Биз вакцинага кеткен каражат толугу менен бюджеттен жабылат деп пландап жатабыз", — деди Мурашко.

АКШ коронавируска каршы вакцинанын баасы кандай болорун айтты

Буга чейин министр Россияда COVID-19га каршы вакцинация октябрь айында башталарын айткан. Препаратты клиникалык сыноолор аяктаган. Учурда аны каттоодон өткөрүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0