Россия бирдиктүү электрондук визаны киргизүүдө

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2021-жылдын 1-январынан баштап Россияга кыска мөөнөттүү электрондук виза менен барууга мүмкүнчүлүк ачылат. Аны болгону төрт күндүн ичинде алса болот. Жаңы эреже кимдер үчүн колдонуларын Sputnik тактап чыкты.

Алексей Стефанов

53 өлкөнүн жарандарына Владивосток менен Алыскы Чыгыш федералдык округуна, Калиниград областына, Санкт-Петербург менен Ленинград областына барууга мүмкүнчүлүк түзгөн электрондук визаларды берүү пилоттук долбоорунун уландысы катары Россия эми өлкөнүн бардык аймагына барууга укук берген электрондук кыска мөөнөттүү визаны алуу мүмкүнчүлүгүн киргизүүдө.

Өткөн жумада Россиянын президенти Владимир Путин 60 күндүк мөөнөткө универсалдуу бирдиктүү электрондук визаны берүүнү караган федералдык мыйзамга кол койду. Дипломаттык, кызматтык, кадимки, транзиттик жана убактылуу жашаган адамдын визасы сыяктуу бул виза өзүнчө категорияга ээ болот.

Бул виза боюнча сапардын мөөнөтү 16 күндөн ашпашы керек. Россия туроператорлор ассоциациясы Sputnik агенттигине түшүндүрүп бергендей, статистика боюнча, чет элдиктердин Россияга сапары орточо алганда бир жумага созулат, ошондуктан каралган мөөнөт жетиштүү.

113 өлкөнүн жарандары: Россия өлкөгө кирүүнү болушунча жеңилдетүүдө

Жаңы визаны 2021-жылдын 1-январынан баштап ала баштаса болот. Россиянын ИИМи билдиргендей, Алыскы Чыгыш федералдык округуна, Калиниград областына, Санкт-Петербург менен Ленинград областына барууга электрондук визаларды берүү эксперименти учурунда айрым маселелер байкалган – талапкерлер арызды жазууда көп ката кетиргендиктен, аларга визалар берилбей калган учурлар болгон. Жаңы визаларды алууда ушундай каталарга жол бербеш үчүн сайт кайрадан жасалып чыгып, аны менен иштөө кыйла жеңилдетилген.

Өзбекстан бай жана билимдүү чет элдиктерди тартуу үчүн жаңы виза киргизет

Жаңы виза кайсы өлкөлөрдүн жарандарына берилери азырынча белгисиз. “Чет өлкөлөрдүн тизмесин Россия Федерациясынын өкмөтү өзүнчө бекитет”, – деп түшүндүрдү Sputnik агенттигине Мамдуманын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча комитеттин мүчөсү Наталья Кувшинова.

“Электрондук кыска мөөнөттүү визаны алгысы келгендердин саны арбын болот деген ойдомун. Жаңы демилге Россияга келген туризмдин агымын өстүрүүгө багытталган, анткени учурдагы эң башкы маселелердин бири ички жана сырттан келген туризм болуп эсептелет. Менин пикиримде, бул айрым өлкөлөрдүн жарандарына Россия Федерациясына саякатка келүүсүнө өбөлгө түзгөн механизмдердин бири болуп саналат”, - дейт Мамдуманын депутаты.

Пилоттук долбоордо камтылган 53 өлкө жаңы визаны алуу мүмкүнчүлүгү бериле турган өлкөлөрдүн катарына кирет болушу керек деп болжолдосо болот. Алардын катарында - Евробиримдиктин өлкөлөрү, Кытай, Япония, Түркия, Индия. Бирок бул тизмекте АКШнын, Канаданын жана Улуу Британиянын жарандары байкалбайт. Бул жолкусунда да аларга жаңы визаны алуу мүмкүнчүлүгу берилбейт окшойт. ИИМ белгилегендей, пилоттук долбоордон айырмаланып, визалар эми акысыз берилбейт, 2021-жылдын январынан баштап виза үчүн төлөм киргизилмекчи. Анын өлчөмү 50 АКШ долларынан ашпайт деген божомол бар.

“Келерки жылы башка визаларга салыштырмалуу жаңы электрондук визага кызыгуу кандай болорун байкап көрөбүз”, — дейт Мамдуманын депутаты Наталья Кувшинова.

Электрондук визаны алуу мүмкүнчүлүгү бериле турган 53 өлкөдөн сырткары дагы 60 өлкөнүн жарандары эки тараптуу эл аралык келишимдерге ылайык Россияга визасыз кире алышат.

Жыйынтыгында 2021-жылдан баштап Россиянын аймагына кагаз визаны албай кирүүнүн жеңилдетилген жолу адамзаттын жарымы – 4 млрд адам жашаган өлкөлөр үчүн колдонулат дейт ИИМ.

Туристтик агым кеминде 30%га өсөт

“Бул өлкөбүзгө кирүү мүмкүнчүлүгүн олуттуу жеңилдетүү болуп эсептелет, бул тууралуу канчалаган туристтер көптөн бери кыялданып келишкен. Эң башкысы, иш жүзүндө да электрондук визаны алуу ойлонуштурулгандай жеңил болушу керек”, - деген пикирин билдирди Россия туроператорлор ассоциациясынын (ОТОА) аткаруучу директору Майя Ломидзе.

Анын айтымында, электрондук кыска мөөнөттүү виза такыр эле болбой калды дегенде туристтердин агымын 30%га өстүргөнгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан, Ломидзенин пикири боюнча, жаңы жөрөлгө утуштарга гана алып келет, “бир гана учурда, эгер убадаланган жеңилдетүү чындыгында эч кандай жеңилдетүү болбой калса, утулууга учурашыбыз мүмкүн”.

Россия 2021-жылы мигранттардын санын кыскартмай болду

Өз кезегинде ОТОАнын вице-президенти Александр Курносовдун эсеби боюнча өкмөттүн бул кадамы туристтик агымды 40, ал эмес 50%га өстүрүшү мүмкүн, “өсүш андан да чоң болушу ыктымал, визаларды такыр алып салган же болбосо аны алууну өтө жеңилдеткен башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, жыйынтыгы андан да чоңураак болушу мүмкүн”.

“Бул чечимдин кабыл алынышы – кубанычтуу жаңылык, өзгөчө азыркы туристтик тармак үчүн оор кезеңде”, — деди ал.
Александр Курносов “визанын мөөнөтү азыркы эки айдан бери дегенде жарым жылга же бир жылга, ал эми узактыгы 16 күндөн 30 күнгө чейин” узартылып, визалык режим мындан ары да жеңилдетилет деген үмүттө.

Ошондой эле Россия туроператорлор ассоциациясынын вице-президенти электрондук визалар бериле турган өлкөлөрдүн тизмеги да кеңейтилерине үмүт кылат, “анткени бул тизмекке Россияга туристтерди көп жиберген өлкөлөр кирбей калган – мисалы, АКШ жана Улуу Британия.

Александр Курносовдун айтымында, бул ишке ашса эң сонун болмок. Бирок маселе саясатка барып такалары бардыгына түшүнүктүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0