Учактын кызматкери иш учурунда. Архив

Миңдеген кыргызстандыктар Россия менен каттамдын ачылышын күтүп жатат

5663
(жаңыланган 23:05 04.08.2020)
Борбор Азия мамлекеттеринде, анын ичинен Кыргызстанда дагы Россия менен аба каттамдарынын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Москва, 4-авг. —Sputnik, Лев Рыжков. Россия 1-августтан тарта үч мамлекет — Улуу Британия, Түркия жана Танзания менен авиакаттамын жандандырды. 11-августтан тарта бардык багыттар боюнча ачылары айтылууда, бирок муну тастыктаган расмтй маалымат жок.

Борбор Азия мамлекеттеринде, анын ичинен Кыргызстанда Россия менен аба каттамдарынын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Чек ара жабылгандан кийин миңдеген адамдар сыртта калып, учурда алардын көбү үйүнө кайтууну көздөп турушат.

Кыргызстанга эл аралык аба каттамдары августта жаңыланабы? Расмий жооп

Кыргызстанда аба жолдору Россия менен бир учурда ачылат. КРдин Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевдин айтымында, республика сентябрдан тарта төрт мамлекет менен аба каттамын ачууга даяр.

КРдин Россиядагы элчилигинин маалыматына караганда, 2020-жылдын март айынан, карантин жарыялангандан тарта мекенине 22 400 жаран кайтып келген. Ал эми Россияда канча кыргызстандык бар экендиги боюнча так маалымат жок.

"Ар күнү чартердик каттам менен жөнөтөбүз жана улам башка жарандар келип жатат. Москвадагы элчиликке эле 10 миңге чукул адам кетебиз деп жазылган. Башка тизме биздин канцелярия жана башкы консулдуктар тарабынан түзүлүп жатат", — деп айтып беришкен элчиликтин маалымат кызматынан.

Россия эл аралык аба каттамын жандантты

Элчиликтин маалыматына караганда. карантиндин башталышы менен 93 чартердик жана автобустук 52 каттам уюшулуп, жарандар ташылган. Анткен менен кете албай калгандар дагы деле бар.

"20-марттан тарта элчиликтин алдында штаб иштей баштады. Эвакуация менен Кыргызстандын РФтеги элчиликтин мекемелери алектенди. Пандемия башталгандан соң Миграция кызмат активдешип, жарандар үчүн иш орундарын издөөнү активдештирдик.

Иш берүүчүлөр менен түз сүйлөштүк. 6000ге жакын иш орун таптык. 3000 кииши орношту. Учурда жагы 3,5 ваканттык орун бар", — деши элчиликтен.

Алты жүз кишини хостелдерге жайгаштырышкан. Жети миңге чукул үй-бүлөгө тамак-аш жагынан Республикалык штабдын, диаспоралардын жана демөөрчүлөрдүн эсебинен жардам көрсөтүлгөн.

5663
Белгилер:
каттам, жаран, автобус, учак, жол, аба, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Кыргызстан жакында үч өлкө менен аба каттамын жандантууну пландап жатат
Лабораториянын кызматкерлери иш учурунда. Архив

"Вектор" борбору коронавируска каршы вакцинасы үчүн патент алды

62
(жаңыланган 18:44 30.09.2020)
Аталган борбор коронавируска каршы вакцинаны жыл башында чыгарып, июндун аягында клиникалык сыноодон өткөргөнүн жарыялаган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россиянын Өндүрүш менчиги боюнча федералдык институту вирусология жана биотехнология жаатында иш алып барган "Вектор" борборунун коронавируска каршы чыгарган "ЭпиВакКорона" вакцинасына патент берди. Бул тууралуу Роспатентке таянып РИА Новости жазды.

Окумуштуулар вирустун бөлүктөрүн камтыган вакцинаны — синтетикалык пептиддик антигендерди иштеп чыгышкан. Алардын негизинде жасалган вакцина COVID-19га каршы иммундук реакцияны жаратат жана иммунитеттин бекемделишине өбөлгө түзөт.

COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет

"Бардыгы болуп үч вакцинага патент берилген, анын ар бири өзүнө вирустун модификацияланган фрагментин камтыйт", — деп айтылат Роспатенттин билдирүүсүндө.

"Вектор" вирусология борбору коронавируска каршы вакцинаны жыл башында чыгарып, июндун аягында клиникалык сыноодон өткөргөнүн жарыялаган.

62
Белгилер:
коронавирус, патент, вакцина, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Вектор" COVID-19га каршы вакцинанын сынала башталчу күнүн айтты
Домодедово аэропортундагы жүргүнчү. Архивдик сүрөт

Чет элдик студенттерге Россияга кирүү шарттары түшүндүрүлдү

90
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү Россия өкмөтүнүн буйругуна ылайык, 20-сентябрдан баштап Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жарандарынын өлкөгө кирүүсүнө коюлган чектөө алынган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россиянын жогорку окуу жайларында билим алган чет элдик студенттер өлкө аймагына кирүүгө чектөө алынгандан кийин гана бара алышат. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Билим берүү жана илим министрлигине таянып кабарлады.

"Россияда билим ала турган чет өлкөлүк студенттердин кирүүсүнө уруксат берүү чектөөдөн көз каранды. Башкача айтканда, кайсы мамлекеттин жарандарына кирүүгө уруксат берилсе, ошол өлкөнүн гана студенттери Россияга кире алышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү Россия өкмөтүнүн буйругуна ылайык, 20-сентябрдан баштап Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жарандарынын өлкөгө кирүүсүнө коюлган чектөө алынган. Ал эми 27-сентябрдан тарта түштүк кореялыктарга уруксат берилген.

5-октябрдан тарта башталгыч класстар мектепке барып окуйбу? Расмий жооп

Россиянын билим берүү жана илим министри Валерий Фальков 12-сентябрга карата коронавирустан улам жогорку окуу жайларда билим алчу 100 миңге чукул чет элдик студент өлкөгө кире электигин айткан.

90
Белгилер:
чектөө, кирүү, студент, окуу, ЖОЖ, Россия
Тема боюнча
Чет элдик биринчи курстун студенттери Россияга сентябрда кире алышат
Россия: чет элдик студенттердин окуганга киришине уруксат берилиши мүмкүн

Москва сахнасында кыргызды даңазалаган залкарлар. Таберик сүрөт

0
(жаңыланган 13:59 01.10.2020)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Дирижер Чанай Жумаканов, белгилүү комузчу Ыбырай Туманов, ырчы Мыскал Өмүрканова, композитор Карамолдо Орозов, актриса Алиман Жангорозова жана улуу манасчы Саякбай Каралаев (солдон оңду карай). 1958-жыл, Москва шаары
© Фото / из семейного архива Орозовых

Солдон оңду карай бала көтөрүп турган хор дирижеру Чанай Жумаканов, белгилүү комузчу Ыбырай Туманов, ырчы Мыскал Өмүрканова, композитор Карамолдо Орозов, актриса Алиман Жангорозова жана улуу манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтү 1958-жылы Москва шаарында тартылган.

Ал жылы Москвада Кыргыз искусствосунун жана адабиятынын экинчи декадасы өтүп, ага кыргыз элинин акын-жазуучу, ырчы, аткаруучу, чыгармачыл инсандары катышкан.

Имараты жок көчөдө калган дымагы күч артисттер. "Туңгучтун" таберик сүрөтү

Ошол учурду КРдин эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаев мындайча эскерет:

"Мен сүрөттөгү инсандарды бала кезимде көрүп калдым. Алардын ортодогу жаштарында айырма бар, бирок замандаштар. Ыбырай аксакал Ысык-Көлдө жашап, ошол жакта турчу. Ал эми Карамолдо Орозов, Осмонкул Бөлөбалаев, Саякбай Каралаев, Молдобасан Мусулманкулов жана менин атам Алымкул Үсөнбаев Фрунзе шаарында жашачу. Алардын бардыгы чогулуп алып шерине жеп, комуз чертип ырдап, бири-бири менен жакшы катышта эле. Алардын төкмөлүгүнө, манас айтканына, комуз черткенине күбө болуп калдым. Булардын ар бири жөнүндө бир айлап айтсак дагы сөз бүтпөйт. Убакыттын өтүшү менен эскерилбей, унутуп бара жатабыз. Мисалы, Карамолдо Орозов менен Ыбырай Тумановду комуздун генийи деп айта алам. Экөө тең үч кыл комузга симфонияны батырган инсандар. Аларды белгилүү бир даталарда эстебей, жаштарга байма-бай айтып турушубуз керек", — деди Үсөнбаев.

Арсен Өмүралиевди атасындай көргөн шакирттер. Таберик сүрөт

Эске сала кетсек, 1958-жылы Москвадагы Кыргыз искусствосунун экинчи декадасынын өтөрүнө үч жума калганда Күлүйпа Кондучалова министр болуп дайындалып, ага 1100дөй кыргызстандык катышып, иш-чара жогорку деңгээлде өткөн.

0
Белгилер:
таберик сүрөт, чыгармачылык, Москва, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Кара жумушта жүрүп киного аралашкан Үсөн Кудайбергенов. Таберик сүрөт
"Мугалимим, биринчи сүйүүм, балдарымдын атасы". "Ак кемедеги" таберик сүрөт
"Жылаңач" эпизодго Москвадан кыз алдырып... Асел Эшимбекованын таберик сүрөтү