Путин кызы COVID-19га каршы вакцина алып, өзүн кандай сезип жатканын айтты

© AFP / RODGER BOSCHБейтапка укол сайып жаткан дарыгер. Архив
Бейтапка укол сайып жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Россиянын дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны каттоодон өткөргөндүгү белгилүү болду.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин кыздарынын бири коронавируска каршы вакцина алгандыгын билдирди. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Мындай маалыматты ал өкмөттүн жыйынында Россия дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы вакцинаны каттоодон өткөргөнү туурасында сөз болгон учурда айтты.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

"Кыздарымдын бири да эмдөө жасатты. Мындайча айтканда, ал экспериментке катышты. Биринчи эмдөөдөн кийин эти ысып, 38 градуска чыкты, эртеси 37 градустан бир аз өйдө болду, бүттү, андан кийин калыбына келди", — деди Путин.

Бүгүн Россия дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны каттоодон өткөргөндүгү белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0