Россиянын учкучсуз "Охотниги" АКШ менен НАТОну санаага салууда. Себеби

© Фото / Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүПервый полет новейшего беспилотника «Охотник»
Первый полет новейшего беспилотника «Охотник» - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ Куралдуу аба күчтөрүнүн оор учкучсуздары айрыкча "үчүнчү дүйнө" өлкөлөрүндөгү көтөрүлүшчүлөр менен күрөшүүгө багытталган. Ал эми Россия жасалма интеллект, Су-57 менен өз ара аракеттешүүгө жөндөмдүү 5-муундагы бутасын соо калтырбаган истребителдерди даярдоодо.

Россиянын жогорку технологиялык курал чыгаруу тармагындагы ийгиликтери батыштагы "өнөктөштөрүн" тынчын алып жаткан өңдөнөт. Абройлуу каржылык-экономикалык Forbes журналы 7-августта өз темаларынан четтеп, россиялык S-70 Okhotnik (Hunter) оор учкучсузу менен АКШнын ушундай эле аппаратын өзгөчө кооптонуу менен салыштырышы муну айгинелеп тургандай. Макалага жана аталган куралдын мүнөздөмөлөрүн аскерий баяндамачы Александр Хроленко талдаган.

Америкалык басылма АКШ Куралдуу аба күчтөрүнүн "атка жеңил, тайга чак" MQ-9 Reaper аппаратынан айырмалана россиялык чалгындоочу-сокку уруучу дрону көтөрүлүшчүлөр менен күрөшүүгө эмес, толук масштабдуу аскердик жаңжалдарга багытталганын баса белгилейт. Чалгындоо каражаттарын жана 6 тоннадан ашык бомба же "жер – аба" жана "аба – аба" багытындагы ракеталарды 5000 чакты аралыкка ташый алат. "Охотник" ыраактык жана куралдануусунун ар түрдүүлүгү жагынан "болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөргө" ээ.

Түпкүрдөгү купуя сыр же касташкандын катыгын берчү "Скиф"

Сыртынан X-47B Northrop Grumman долбооруна түспөлдөшүп кетет, бирок багыты башка. "Охотник" көзгө анча илинбес сокку урууга багытталган учкучсуз аппаратты иштеп чыгууну алда канча тездетүү пландары жарыяланды. Сериялык өндүрүшү 2024-жылы башталганы турат.

Ушундай эле долбоор АКШда учурда жылбай турат. Америкалык оор БПЛА X-47B аппараты алгач ирет 2011-жылы учурулган (ошол тушта "Сухой" корпорациясы жаңыдан "Охотникти" иштеп чыгып жаткан эле). Пентагон аскердик-деңиз күчтөрү үчүн келечектүү учкучсуз аппаратты адаптациялоо программасын 2013-жылы баштаган. Анда ал машинанын оперативдик даярдыгына 2020-жылы жетишүүнү көздөгөн (долбоорго катышкан төрт компания 15 млн доллардан алган). 2015-жылы эле Аскердик-деңиз күчтөрүнүн адистери палубалык сокку уруучу дрондун натыйжалуулугунан шек санап киришкен. Ошондон уламбы, иш тетири кеткен. UCLASS программасынын алкагында учкучсуздун макамы акырындап сокку ургучтан чалгындоочуга, андан кийин жөн эле учуучу май куйгучка чейин төмөндөтүлгөн.

АКШнын Куралдуу күчтөрү бүгүнкү күндө "ынанымдуу жол көрсөткүч" (loyal wingman) катарында башканы, салыштырмалуу чакан XQ-28 Valkyrie сокку уруучу аппаратын сыноодо. Ал болгону 450 кг. пайдалуу жүк ташыйт (бир-эки бомба же ракета), анан да "стелс" (радиолокациялык станциялардын "көзүнө" чалдыкпас) касиети жок.

"Искандерлер" РФтин деңиз чегин коргомокчу. Себеби эмнеде?

Forbes учкучсуз аппараттар багытында алгачкылардан болуп баштаса да "АКШ Россиядан кийин бүтүрөрүн" белгилөөгө аргасыз болгон. Чындап эле жогорку технологиялык куралдануу жаатында мындай көрүнүш тенденцияга айланып барат.

Аскердик интеллектуал

Бир аз мурдараак америкалык The Drive басылмасы россиялык оор учкучсуз учуучу аппаратка макалалардын бүтүндөй түрмөгүн арнаган эле. Анда "Охотник" истребителге окшош, узундугу 38, канаттарынын керилиши 62 футка, башкача айтканда, 11 жана 19 метрге жетери айтылат. Мындай өлчөмү ичинде курал-жарак жайгаштырууга, ал эми конструкциясы үндөн ыкчам ылдамдыкта учууга, жаңы Су-57 истребители менен эриш-аркак иштей алышына мүмкүндүк берет деп сүрөттөлгөн.

Кызыгуулар мыйзам ченемдүү. Оор чалгындоочу-сокку уруучу, учкучсуз-көзгө чалдыкпастарды чыгарган өлкөлөрдүн чөйрөсү өтө тар. Ал эми 5-муундагы истребителдер менен сокку уруучу учкучсуз аппараттарды интеграциялоо технологиясын азырынча эч ким өздөштүрө элек. Россия бул багытта алгачкы карлыгач болору ажеп эмес.

F-35ти модернизациялоо. АКШнын доо кеткен беделин бийиктетүү аракети

"Охотниктин" так мүнөздөмөлөрү, аскердик багыты, жабдылышы жана куралданышы дагы бир топко чейин купуя сакталат. Белгилүү тарабы – учкучсуз "учуучу канат" схемасы боюнча душмандын радиолокациялык станцияларга көрүнүшүн төмөндөтүүчү композиттик материалдарды колдонуу менен аткарылганы. Тескелүүчү тартылуу вектору бар реактивдүү кыймылдаткыч менен жабдылган, ылдамдыгы саатына 1000 чакырымга чейин чыгат. 5-6 тонна аскердик жүктү ташууга жөндөмдүү. Учуш салмагы – 20 тоннага дейре. Абадан коргонууга каршы туруу шарттарында да иштей алат. Эки жылдан бери уланып келе жаткан сынамык учуштар мына ушул артыкчылыктарын далилдеди.

Андан тышкары, "Охотникке" жана анын "өзүнөн кичине туугандарынын" бүтүндөй катарына жасалма интеллект жалгаштырылууда. Су-57 оор истребителдеринин (РФ Коргоо министрлиги баштапкы баскычта 76 машинага буюртма берген) топторунда "Охотник" учкучсуз учуучу аппаратынын аскердик мүмкүнчүлүктөрү жол салгыч катары кыйла артарын боолголоого болот. Себеби Су-57 аба жана жердеги буталарын 400 чакырымга чейинки аралыктан кармоого, 62 объектиге чейин коштоп, сокку уруучу учкучсуздарга бута көрсөтмөлөрүн жөнөтүүгө жөндөмдүү.

Су-57 бешинчи муундагы америкалык истребителдеринен айныгыс артыкчылыктарын (пилотаждык сапаттары жогору, бортунда 10 тонналык арсенал (гипер үндүү куралды кошо санаганда) уникалдуу негизги радиолокациялык станциясы жана буталарды кармоонун оптикалык-электрондук тутуму) эске алсак, "Охотник" тибиндеги учкуч жана аскердик роботторду натыйжалуу өз ара аракеттешүүсүнүн ири мүмкүнчүлүктөрү жаралат.

Артиллеристтердин кыялы. Талаа-түздө сыналган "Тюльпан" миномёттору

Оор чалгындоочу-сокку уруучу учкучсуз аппараты Россиянын Космостук аба күчтөрү жана Аскердик-деңиз күчтөрүнө кызмат өтөй алат. Ошону менен бирге келечегинен көптү үмүттөндүргөн авиаташуучу "Охотник" кемелери жана модификацияланган Су-57 да бирге жайгаштырылып, аскердик тапшырмаларды чогуу аткара алышат. Келечекте россиялык оор учкучсуз аппаратынын абада аткарчу аскердик иши мол болчудай.

Абада артыкчылыгы арбын

АКШнын Аскердик аба күчтөрү 7-августта Невада штатындагы үч күндүк окуунун аяктаганын жарыялады. Ага F-22 Raptors жана F-35A Joint Strike Fighter стелс-истребителдери, бомбалоочу-көзгө чалдыкпас B-2A Spirit, стелс-дрон RQ-170 Sentinel (өтө жашыруун 44-чалгындоочу эскадрильядан), ошондой эле Аскердик-деңиз күчтөрүнүн "көзгө чалдыкчу" F-15E Strike Eagle истребителдери жана радиоэлектрондук күрөштөгү EA-18G Growler учагы оголе көп санда катышты.

1,4 млн доллар каражат жумшалган бул иш-чара жогорку технологиялык душманына (АКШнын Түндүк жана Түштүк Америкасында болбогон) каршы агрессияга олуттуу даярдык сымал көрүнөт. Машыгууларда учактар эшелондолгон абадан коргонуу аймактарына тымызын кирүү, радиоэлектрондук басуу жана шарттуу душмандан коргонуу каражат жана тутумдарын талкалоо ыкмаларын аткарышкан.

Кургакта да, сууда да… Россиялык флот Бе-200 амфибиялык учагына ээ болду

Эмнеге даярданышканын деле болжош татаал эмес. Былтыр сентябрда АКШнын Европадагы Куралдуу аба күчтөрүнүн командачысы Жеффри Харриган Калининград облусунун көп катмарлуу абадан коргонуу тутумун жырып өтүү боюнча Пентагондун планы бар экенин жар салган, ал эми андан бир ай өтпөй Калининград облусун Польша жана АКШ тарабынан басып алуу планы жарыяланган.

Пентагон Россияны россиялык чек араларда улам катуулай, акылга сыйбаган тейде "ооздуктап" келет. Балтий жана Кара деңиздин үстүндөгү аба мейкиндигинде америкалык чалгынчыларды окко учууга эле коюшкандай. Бул – куралдуу тегиздиктеги концептуалдык жаңжалды трансформациялоо ниетиндеги ачык жана жоопкерчиликсиз чагым. Ал ортодо 2020-жылы Кошмо Штаттардын чалгындоочу учактарынын кармалышы РФтин чек арасына жакын учуп келүүлөрүнүн көп кармалышынын аягы да кайгылуу кесепеттерге кептеши мүмкүн.

The National Interest америкалык журналынын серепчилери бул окуяларга Вашингтонду түз эле айыптаган. Болбосо, Россия реакция кылууга, тагыраагы, сокку уруучу жана коргонуу каражаттарын бардык чөйрөдө – жерде, деңизде, абада да пайдаланууга аргасыз. Горизонтто "Охотник" оор сокку уруучу учкучсуздун пайда болушу да мыйзам ченемдүү жана өз маалында чыгарылганы айкын. Global Firepower маалыматына таянсак, НАТО боюнча союздаштарынын аскердик авиациясын эсептебегенде эле Кошмо Штаттардын 2000дин тегерегиндеги сокку уруучу учагы, Пентагондун 5000ден ашуун учуучу аппараты бар.

Салыштырсак, Россиянын Коргоо министрлигинин 870 чакты истребители, бомбалоочу жана чабуулчусу, жалпы 4000дин айланасындагы учуучу аппараты бар. Балким, Вашингтонду Мексика же Кубанын аймагынан "ооздуктоого" россиялык учактар аздык кылар, бирок Москва андай максатты көздөбөйт.

Саатына 155 чакырым! Аэромобилдик "Стрела" сооттолгон унаасынын арышы

Евразиялык континентте РФтин Аба-космостук күчтөрү коргоо маселелерин гана чечет, сокку уруучу авиациянын мүмкүнчүлүктөрүн Абадан жана Ракетага каршы коргонуу тутумдары жана каражаттары толуктайт. Алар россиялык чек аралар периметрлери боюнча жайгаштырылган.

Невадагы абадан коргонуунун эшелондоштурулган тутумун жырып өтүү планы жана АКШнын Куралдуу-аба күчтөрүнүн "көзгө чалдыкпастарынын" тийиштүү машыгуулары деле майнапсыз жана "реалдуулуктан учуп чыккан" америкалык аскерлердин өмүрү үчүн өтө кооптуу.

Учкучсуз "Охотник" — келечекке чоң кадам, абада үстөмдүк кылууга жетишүүнүн перспективдүү россиялык жүздөгөн инструменттердин бири гана болуп саналат.

Россиянын жогорку технологиялык коргонуу мүмкүнчүлүктөрү күчөп келе жаткан коркунучтарга каршы тура алат жана батыштагы "өнөктөштөрүнүн" эмитен эле жанын жай алдырбагандай эле күчкө ээ. Бул жагынан Пентагон жана НАТОнун сан боюнча артыкчылыгын РФ мындай кубаттуулугу менен теңдеп коёт десек жарашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0