РФтин Космостук-аба күчтөрү эмдиги жылы сокку уруучу дрондорго ээ болот

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүУчкучсуз "Орион" учагы. Архив
Учкучсуз Орион учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орто бийиктиктеги учкучсуз "Ориондун" сериялык өндүрүшү 2019-жылдын августунда башталган. Жыл сайын мындай 30 машина чыгаруу пландалууда.

Россиянын Космостук-аба күчтөрү 2021-жылдан тарта көп буталуу сокку уруучу учкучсуз аппараттарды ала баштайт. Бул туурасында Космостук-аба күчтөрүнүн командачылыгынын башчысынын орун басары Сергей Дронов "Красная звезда" гезитине берген маегинде билдирген. Макаланы талдап чыккан аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет дал ушул дрондор тегерегинде ой толгогон.

"Учкучсуз авиацияны пайдалануунун натыйжалуулугу Сирия Араб Республикасындагы атайын операциянын жүрүшүндө тастыкталган. Учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн объектилерин таамай сокку урууну камсыздаган" деп белгилеген аскер жетекчиси ал маегинде.

Россиянын учкучсуз "Охотниги" АКШ менен НАТОну санаага салууда. Себеби

Россиянын Космостук-аба күчтөрүнүн жакын жана орто аралыктагы учкучсуз учуучу аппараттар комплекстери азырынча "экинчи катарда" – тескелүүчү авиациянын тапшырмаларды аткаруу жана мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу үчүн кызмат кылууда. Аскердик учкучтар менен бирдиктүү маалыматтык мейкиндикте учкучсуздардын интеграциясы да өрчүп, келечекте "акылдуу" дрондор олуттуу орун алары бышык.

Россиялык көп буталуу учкучсуздар 2021-жылдан тарта өз алдынча аба чалгындоосун жүргүзүп, зарыл учурда "стратегиялык тереңдикте душмандын объектилерине таамай сокку ура алат".

Генерал Дронов Космостук-аба күчтөрүнүн аскердик курамына жакында кире турган дрондордун "ысымдарын" атабады. Бирок оор "Охотник" өзүнүн операциялык даярдыгына 2024-жылы жетери, ал эми дарамети бийик дагы эки россиялык учкучсуз сыноодо экени белгилүү. 2019-жылы РФ Коргоо министрлиги тарабынан келишим түзүлгөн "Альтиус" жана "Орион" аппараттары Сирияда ийгиликтүү сыноодон өткөндөн бери РФтин Космостук-аба күчтөрүнүн сыноо-эксплуатациялык баскычында турат.

Түпкүрдөгү купуя сыр же касташкандын катыгын берчү "Скиф"

Караандатпас "Орион"

Учкучсуз "Орион" 8000 метрге чейинки бийиктикке көтөрүлүп, кошумча кубаттандырылбастан абада 24 саат бою 250 кг пайдалуу жүк (аппараттын салмагы – 1100 кг) менен жүрө алат. Узундугу 8 метрди, канаттарынын керилиши – 16 метрди түзөт. 1,9 метрлик диаметрдеги АВ-115 эки лопасттуу бурамасы бар АПД-110/120 поршендүү кыймылдаткыч менен жабдылган.

Согуштук пайдалануу радиусу башкаруу принцибине (жердеги оператор же жеке программасына) жараша. Аппарат таамай тийчү ракеталарды ташып, душмандын аймагынын тереңиндеги буталарын талкалай алат.

Учкучсуз конструкторлор койгон сокку уруучу дараметин Сирияда ынанымдуу көрсөтө алган. Аталган республикада дайым ар кыл модификациядагы 80 чакты россиялык дрон жүрөрүн кытайлык "Хуаньцю шибао" басылмасы маалымдаган. Тасмалардын биринде сокку уруучу "Орион" Хама провинциясынын түндүгүндөгү Зака шаарында согушкерлердин таяныч пунктун талкалаганы көрсөтүлөт.

"Ориондун" (дегеле башка россиялык оор дрондордун) ракеталык-бомбалык куралданышы тууралуу ачык маалымат булактарында абдан аз чагылдырылат. Бирок февраль айында "Тактикалык ракеталык куралдануу" корпорациясынын башкы директору Борис Обносов учкучсуз аппараттар үчүн жеңилдетилген арсеналды иштеп чыгуу жөнүндө журналисттерге кабарлаганы бар. Анын айтымында, кеңири колдонууга багытталган чакан көлөмдөгү атайын ок-дарынын салмагы 50-100 кг. чейин түзмөкчү.

Россиянын топ жарышы. Аскердик роботтор адам менен "тил табышат"

Эсептөөчү техниканын кубаттуулугунун өсүшү жана жасалма интеллекттин татаал алгоритминин өнүгүшү менен жакынкы жылдары жеңилдетилген таамай атчу куралдардын натыйжалуулугу кескин артышы ыктымал.

"Орион" учкучсуз учуучу аппараты бир топ иликтенди, иштелди, ийгиликтүү пайдаланууга берилди. "Орион" Россиянын Коргоо министрлигинин буюртмасы менен 2011-жылы башталган, 2016-жылы өзү, ал эми 2018-жылы бомбалык курал жүктөлүп учурулуп сыналган.

Орто бийиктиктеги учкучсуз "Ориондун" сериялык өндүрүшү 2019-жылдын августунда башталган. Жыл сайын мындай 30 машина чыгаруу пландалууда. Ар бир комплекстин курамына коюлган тапшырмага жараша – чалгындоочу же сокку уруучу дрондордон үчтөн алтыга чейинки санда жайгаштырылат.

Мурда өндүрүшчү компания ("Кронштадт" тобу) "Орион" учкучсуз аппаратынын экспорттук варианты сокку уруучу болорун билдирген эле. Бул маалымат аскердик техникалык кызматташуу жаатындагы россиялык өнөктөштөрдүн кызыгуусун жараткан. Албетте, "Ориондун" ийгиликтүү кадам шилтешин аталган державага көзү түз эместердин да көңүлүнөн тыш калбады.

"Искандерлер" РФтин деңиз чегин коргомокчу. Себеби эмнеде?

Автономдуу "Альтиус"

Ыраак аралыктагы "Альтиус" оор турбо-бурамалуу учкучсуз аппараты автоматтык режимде биринчи ирет былтыр августта учурулган. Бул машинанын корпусунун узундугу 11,6 м, канаттарынын керилиши 28,5 метрди түзөт, 12 миң метрге чейин бийиктеп, 10 миң чакырым аралыкка уча алат. Композициялык материалдарды пайдалануу менен курулган дрондун өзүнүн салмагы ар кандай маалыматтарда бештен алты тоннага чейин экени айтылат.

СП-2 инерциялык навигациялык тутуму аппараттын абада душман тарабынан табылышына жол бербейт, радиоэлектрондук таасирлерге кошумча туруштук бере алышын камсыз кылат. Жасалма интеллектке (жыл аягына дейре бардык "акыл-эси" салынып бүтөрү убадаланган) ээ болгондуктан, учкучсуз "Альтиус" оператордун катышы жок да учкучтар башкарган учактар менен автономдуу түрдө өз ара аракетте болууга жөндөмдүү. Мисалга, Су-57 истребителинин кыйла кубаттуу радиолокациялык станциясынын бута көрсөткүчтөрүн кабылдай алат. Ушул тапта аскердик дрон аба жагдайы тууралуу маалыматты штабдан өз алдынча алууга үйрөтүлүүдө. Андан тышкары, болжолдуу душмандын абадан коргонуу аймактарынан буйтап өтүп бутага чейинки багытты салуу, жердеги жана суу үстүндөгү (штабдар, байланыш түйүндөрү, ракеталык орнотмолор, кемелер) буталарды таап, талкалоону, айтор, аскердик кызматтын акыл жете бергис башка тараптарын да өздөштүрүүдө.

Артиллеристтердин кыялы. Талаа-түздө сыналган "Тюльпан" миномёттору

Оор жана өтө акылдуу "Альтиус" Россиянын Космостук-аба күчтөрү жана Аскердик-деңиз флотуна да алынары күтүлүүдө. Аталган аскердик түзүмдөрдүн Башкы штабындагы булактар бир аз мурдараак эле чалгындоо модификациясында "Альтиус" өтө ыраактык

радиолокаторго жана жаңы оптикалык-электрондук жабдууга ээ болорун кабарлашкан. Алардын айтымында, сокку уруучу бул учкучсуз аппарат кемеге каршы ракеталарды да ташый алат. Болжол менен кеп 260 чакырым ыраак аралыктагы, 500 кг салмактагы X-35 жапыз ракета жөнүндө болгон. Бул ракеталардын спутниктик навигациялык тутуму жана активдүү-пассивдүү радиолокациялык өзү мээлөөчү учу бар (мындай учурда "Альтуиске" төрт кемеге каршы ракета илүүгө болот).

Соңку үлгүдөгү учкучсуздун сериялык өндүрүшү Урал Жарандык авиация заводунда жүрүүдө. Бул завод менен Россиянын Коргоо министрлиги 2019-жылдын декабрында "Альтиус-РУ" учкучсуз учуучу аппаратынын сыноочу-конструктордук иштеринин аткарылышы боюнча келишим түзгөн. Мурда чыгарылган "Альтаир" прототиптеринин сыноолорунун жыйынтыгы боюнча бул учкучсуз аппаратты "Альтиус-РУ" деп аташкан. Ал менен катар эле келечектүү авиациялык комплекстер жайгаштырылчу система да жакшыртылууда, демек, бул жүздөн ашуун аэродром бекемделет дегенди туюндурат.

Кургакта да, сууда да… Россиялык флот Бе-200 амфибиялык учагына ээ болду

Абада үстөмдүгү күчөп бараткан ыраак аралыктагы жана узак убакыт уча ала турган бийик дрондор, сокку уруучу-чалгындоочу учкучсуз аппараттардын активдүү пайдаланышы жана "интеллектуалдаштырылышы", аскердик адистердин жана аскердик роботтордун биргелешкен операциялары кайталангыс тенденцияга айланып барат.

РФтин Куралдуу күчтөрүнүн учуучу аппараттар менен жапырт жабдылышы алардын аскердик максатта колдонуу натыйжалуулугун бир топ жогорулатууга мүмкүндүк берет. Болжолдуу агрессордун жолун – абада, кургакта жана деңизде бекем бөгөйт.

Ал ортодо Россия 2022-жылы дагы бир оор учкучсузга "канат тагууну" пландап келет. Кеп абада 40 саатка чейин, 10 миң чакырым аралыкка (саатына 295 чакырым ылдамдыкта) учуп, 12 миң метр бийиктикте бир тонналык пайдалуу жүк ташып жүрө ала турган "Сириус" туурасында...

РФтин Космостук-аба күчтөрүнүн "акылдуу" чалгындоочу-сокку уруучу учкучсуз авиациясынын артыкчылыктуу өнүгүшү азыркы жана келечектеги бардык авиациялык каражаттардын эффективдүүлүгүн бир топ жогорулатып, ички курамдагы жоготууларды азайтууга мүмкүндүк берет.

Анчалык узак эмес келечектеги согуштардын жүрүшү жана натыйжасы учурда тынымсыз жасалып, колдонууга мүмкүн болгон бардык чөйрөлөрдө улам өркүндөтүлүп келе жаткан жасалма интеллект орнотулган аскердик роботтордун натыйжалуулугуна жараша болот. Тоготпос жана талкаланбас роботтоштурулган дрондор учкуч менен башкарылуучу авиациянын көп функцияларын улам өзүнө чегерип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0