АКШны тынч уктатпаган Су-57 неге мынча бүйүр кызытат?

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОрусиянын Су-57 согушкери. Архив
Орусиянын Су-57 согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ адистеринин Су-57 истребителине кайра-кайра кызыгуусу "Сухой" ишканасынын бардык купуя сырларын билүүгө ашыкканын айгинелеп турат. Америкалык басылма Су-57ге бир нече дооматтарын келтирген, алардын баш сабында истребителдин аскердик артыкчылыгы турат.

Россиялык машинанын радиолокациялык байкалуусу (алардын оюнда "көрүнбөстүк" жаатында америкалык F-22 Raptor аппаратынан артта имиш) жана жаңы муундун кыймылдаткычтары туурасында маалыматтын жоктугу АКШда айрым шек саноолорду жаратып турганы түшүнүктүү. Бирок ай сайын буга макала арналышы "өнөктөштөрдү" бир топ эле түйшөлткөнүнөн кабар берет. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко андай макалаларды талдоо менен бирге Су-57нин артыкчылыктарына да токтолгон.

Америкалык The Drive басылмасы Су-57 истребителинин жасалыш сапаты, ал түгүл "сырткы капталган панелинин чегине" чейин жакшыртылганын жазып чыкты. Ошону менен бирге эле "Сухой" корпорациясы тарабынан жарыяланган сериялык истребителдин сүрөтүнүн ар бир чарчы миллиметрине чейин анализдеген.

Өзгөчө көңүл тумшук бөлүгүндөгү (101КС-В) мээлөөчү инфракызыл тутумуна бурулган. Ал эки кат вертикалык стабилизаторлордун алдыңкы жазы чеги жана абадан май куюучу композиттик зонд негизинде асимметриялык аба топтогучтары менен модификацияланган. Америкалыктардын чочулоосу чын чыгып, Су-57 улам жакшыртылып, The Drive белгилегендей, "эң жогорку технологиялык душманды жок кылууга" жөндөмү артууда.

Мээлегенин алып түшкөн "Прометей". Бутасын 550 чакырымдан кыйратчу жаңы ракета

Су-57 – ыраак жана жакынкы согуштарда абадагы буталардын бардык түрүн жок кылууга, душмандын абадан коргонуу тутумдарын жеңүү менен касташкан тараптардын жердеги, суудагы буталарын кыйратууга, жайгашкан жерден узун аралыктагы аба мейкиндигине байкоо салууга, душмандын авиациясынын аракеттерин башкаруу тутумдарын талкалоого багытталган бешинчи муундагы көп функционалдуу истребитель.

Бул – 15 чакты "аба – аба", "аба – жер бети" тибиндеги кыйратуучу жаңы авиациялык каражат, анын ичинде 250 чакырымга чейинки ыраактыктагы кемеге каршы ракеталар жана гипер үндүү "Кинжал" камтылган күчтүү согуштук комплекс. Ошону менен бирге эле Су-57нин курал-жарак жүк көтөрүмдүүлүгүнүн салмагына катышы төртүнчү муундагы машиналарга салыштырмалуу кыйла жогору.

Жаңы истребитель технологиялык артыкчылыгынын жогорку даражасына жетти, Сириянын аймагында согуштук шарттарда сыноодон өттү. Тегин жерден РФ Коргоо министрлиги биринчи партияда эле эки-үч даана эмес, дароо 76 сериялык Су-57ге буюртма кылбагандыр.

Мыктылыгына чек жок

The Drive басылмасы Су-57нин жогорку технологиялык өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде америкалык бешинчи муундагы F-22 истребителдеринин түшүнө кирбеген мүнөздөмөлөрүн талдаган.

Эң оболу, Х-диапазондогу Н036 "Белка" активдүү фазалык антенналык торчолуу радары учкучка кырдаалды алаканга салгандай көрө алуусун шарттайт, башка истребителдерде мүмкүн болбогон тактикалык ыкмаларды аткарууга мүмкүндүк берет.

Каптал радиолокациялык станциялары Су-57ге буталарды, душмандын радарлары үчүн байкалуунун жаңы даражаларын издөөдөгү жогорку автономдуулукка жетүүсүнө жол берет. Мында бортундагы өз ракеталары үчүн бута көрсөткүчтөрүнүн натыйжалуулугун жоготпойт.

Су-57 истребители абада болуп көрбөгөндөй маневрларды жасоого жол бере турган үч өлчөмдүү тартуучу күчкө ээ. Бешинчи муундагы эч бир учакта мындай касиет жок. Эгер ыраак жана жакынкы согуштарда курал-жарак запасы толук сарпталып калса, "Сухойдун" ылдамдыгы жана маневрдүүлүгү анын аскердик бышыктыгынын ынанымдуу кепилдиги катары кала берет.

Командорго түшкөн россиялык десант жана Анадырдагы Ту-160. "Өнөктөштөргө" жооп

Бекемделген шасси, ири дөңгөлөк жана анын арткы жапкычтары (брызговиктери) бар Су-57нин "жол тандабас" мүнөздөмөлөрү да өзгөчө сыйга татыйт. Бешинчи муундагы мындай истребитель "конуучу тилкени тазалоочу машиналарды" талап кылбастан, оперативдик (грунттук – жер астындагы) аэродромдордун кеңири түйүнүн пайдалана алат.

Су-57нин кошумча күч орнотмосу жогорку автономдуу жайгашуусун, жерде иш аткарууда майды аз чыгымдашын, марштык кыймылдаткычынын ресурстарын үнөмдөөсүн камсыз кылат.

Морт жана машакаты көп америкалык F-22 жана F-35 учактарын пайдалануу үчүн "өнүккөн" аэродромдор (грунттук катмар аларды зыянга учуратып коюшу ыктымал) зарыл. Андай конуучу жайларды Румыния, Польша жана Балтия өлкөлөрүндө курууга туура келет, албетте, аябай кымбат да турат.

Эң көрүнүктүү "Гималаи" радиоэлектрондук күрөш комплекси да – "өнөктөштөрдү" технологиялык жактан кемсинткендей эле көрүнүш. Ал душмандын бешинчи муундагы истребителин төртүнчү муунга айлантып кое алат. Башкача айтканда, F-35 жана F-22 дароо көзгө көрүнүп, андан соң аларды "куралсыздандырат".

Радиоэлектрондук күрөшүүнүн интеграцияланган системасы Су-57нин фюзеляжына жана канаттарына бөлүштүрүлгөн, ошентип, бардык ракурстарында жана проекцияларында бөгөт жаратуу жана учакты өзү мээлөөчү учу бар ракеталардан коргоого мүмкүндүк берет.

"Гималаи" тутумдарынын аракеттеринин ыраактыгы болжолдуу душмандын "аба – аба" тибиндеги ракеталарын пайдалануу радиустарынан ашып түшөт. Балким, ушул эле радиоэлектрондук күрөшүү комплекси россиялык "Охотник" учкучсуз учуучу аппаратына интеграцияланышы мүмкүн. Ага Су-57ни баштап жүрүү ролу табышталган.

РФтин Космостук-аба күчтөрү эмдиги жылы сокку уруучу дрондорго ээ болот

Эволюция жана революция

Америкалык Military Watch Magazine 18-августта "Россия Су-57 жаңы технологияларын өзүнүн тактикалык Ту-22М3М бомбалоочу учагын жакшыртуу үчүн пайдаланат" деп маалымдаган.

Аскердик учактардын башка класстарына, атап айтканда, Ту-22М3М үндөн ылдам бомбалоочу-ракета ташуучу интеграциялана турган, мүмкүнчүлүктөрдүн жаңы деңгээлине чыгарчу Су-57 платформасы "келерки муундун технологияларынын кеңири спектрин – датчиктерден радиоэлектрондук жана лазердик коргоо тутумдарына чейин бириктирери" белгиленет.

Россиянын Космостук-аба күчтөрүнүн мындай типтеги 70 чакты машинасы бар. Аларды модернизациялоо жана 1000 чакырымга чейинки аралыкка аракет эте алчу Х-32 жаңы канаттуу ракеталар менен жабдуу уланууда.

Интеграция мында кептин көркөмдөлүшү эмес, Ту-22М3М модернизациясында маалымат берүүнүн жогорку ылдамдыгына жана энергетикалык натыйжалуулукка ээ Су-57нин коммуникациялык платформасы эбак колдонулуп келет.

Системанын ачык конфигурациясы программалык камсыздоону жаңыртуунун эсебинен техникалык функционалын ыкчам түрдө өстүрүүгө мүмкүндүк берет. Учуш сыноолору жогорку эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн далилдей алган. Жаңы система ошондой эле стратегиялык Т-160М2 бомбалоочу учагына интеграцияланмакчы.

Ошентип, ачык архитектуралуу терең интеграцияланган авиониканын принципиалдуу түрдө жаңы комплекси менен жабдылган, башкаруунун автоматташтырылышынын жаңы деңгээлине жана экипаждын интеллектуалдык колдоосуна ээ Су-57 өзүнүн улуу "муундаштарынын" технологиялык өсүшү үчүн оңтойлуу шарт түзүүдө.

Россиянын учкучсуз "Охотниги" АКШ менен НАТОну санаага салууда. Себеби

Бир аз мурдараак Military Watch сайтында Су-57нин 2020-жылы июнь айында 4 ++ муунундагы Су-35 (булар Россиянын Космостук-аба күчтөрүндө 2014-жылдан бери бар) истребителдери үчүн командалык борбор катарында сыналганы жөнүндө маалымат жарыяланган.

Эксперимент "реалдуу согуштук шарттарда" жүргүзүлгөн. Анда Су-57 синергетикалык аскердик натыйжалуулугун алда канча көбөйтүп, Су-35 менен бирдиктүү маалыматтык мейкиндикте иштей аларын тастыктаган. Эске салсак, Пентагондун жана НАТОнун "түйүндөрүндө" мындай бирге аракет этүү деген жок.

Абадагы үстөмдүк куралдануунун эл аралык рыногундагы дивиденддерин алып келгени андан бетер жакшы эмеспи. Military Watch: "Су-57 жана Су-35тин өз ара аракет этүү мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейтилиши менен алардын согуштук дарамети гана жогорулабастан, жаңы истребитель Су-35 жана Су-30СМ экспортчуларынын да купулуна толот", — деп белгилеген.

Америкалыктар азырынча бешинчи муундагы Су-57 истребителинин негизги жана стратегиялык артыкчылыгын талкуулаша элек. Ал эми кытайлык адистер куралды башкаруу тутумуна интеграцияланган, көптү үмүттөндүргөн жасалма интеллектти эбак байкап коюшту.

Бул аскердик иштеги чыныгы революция: россиялык Су-57 тапшырмалардын 90 пайызын автоматтык режимде аткарууга жөндөмдүү. Ал тургай, алдын ала даярдалган программа боюнча толук автоматтык түрдө аракет эте алат. Эгер учкуч согушта жараланып же өлтүрүлсө, система негизги жана экинчи даражадагы буталарды өз алдынча аныктап, багытты түзүп, сокку уруп, кайра учакты базага кайтарып коет.

Су-35 истребители менен өз ара аракеттешүү мүмкүнчүлүгүн да белгилеп өттүк эле, бирок Су-57нин жасалма интеллекти сокку уруучу оор учкучсуз, өз "мээси" да бар, 5000 чакырымга чейинки аралыкка алты тоннадан ашуун бомба жана ракеталарды ташый алчу С-70 "Охотник" менен биргеликте иштей алат.

Мындай күчтүү жана технологиялык жактан душманды алдастатчу машиналар болжолдуу согуш талаасында F-22 Raptor сымал "аксакалдарды" бура бастырбайт. Ал ортодо россиялык "МиГ" жана "Сухой" фирмалары биргелешип алтынчы муундагы истребителди иштеп чыгууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0