Колуктусунун эски жоруктарын уккан дүйнө чемпиону аны тойдон кууп чыкты

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүРоссиялык эркин күрөш балбаны, 74 килограмм салмактын дүйнө чемпиону Заурбек Сидаков. Архив
Россиялык эркин күрөш балбаны, 74 килограмм салмактын дүйнө чемпиону Заурбек Сидаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балбан тандаган жарынын мурдагы кылыктарын билген соң той жүрүп жатканына караган эмес.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Россиялык эркин күрөш балбаны, 74 килограмм салмактын дүйнө чемпиону Заурбек Сидаков келинчегин үлпөт той болуп жаткан маалда кууп чыкты. Бул тууралуу маалыматты Р-Спорт жазды.

24 жаштагы спортчу Токио Олимпиадасында күрөшмөк. Коронавирус пандемиясынан улам мелдеш кийинкиге жылдырылган. Бул арада ал үйлөнүп, Владикавказда өткөргөн үлпөт тою чыр менен аяктаган.

Той-тамаша кызыган учурда балбанга жана тойдун бир канча конокторунун телефондоруна келиндин мурдагы уят кылык-жоруктары тартылган видеороликтер келген. Жиберип гана токтобостон, белгисиз адам Сидаковдун тандаган жары мурда эскорт-кызмат көрсөтүү менен алектенгенин айткан.

Милиция Жалал-Абаддагы тойдон чыккан мушташтын чоо-жайын айтып берди

Мындан соң жигит кызды чачынан сүйрөп, ресторандан чыгарып салган. Ал эми Сидаковдун өзүн туугандары ар кандай кырсыктан оолак болуусу үчүн шаардан алыс жакка алып кетишкен.

Россиялык маалымат каражаттары жазгандай, ызы-чууну кыздын мурдагы сүйгөнү чыгарган. Ал бөтөнгө турмушка чыккан кыздан ушундай жол менен өч алууну көздөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0