Тепловизор. Архив

Жүзүңөн таанып, өзү чечим кабыл алат. РФте бөтөнчө тепловизор иштелип чыкты

173
(жаңыланган 15:07 23.08.2020)
Система оператору жок иштеп, керектүү учурда гана ага эскертүүлөрдү жөнөтөт. Ал рынокко адистер коммерциялык стратегиясын даярдагандан кийин чыгары айтылды.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Россияда коронавирусту алдын алуунун бирден-бир багыты катары адамдарды жүзүнөн таанып, өз алдынча чечимдерди кабыл ала алган тепловизорлор иштелип чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, тепловизордун негизинде иштелип чыккан системага интеллектуалдык жабдык кошулуп, жарандарды көзөмөл менен өткөрөт.

Жаңы системага "Зоркий" деген ат берилген. Бул бренд менен 1948-1960-жылдары Красногорск заводунда кичи форматтагы фотоаппаратар чыгарылганы айтылат.

COVID: россиялык вакцинанын нускамасы жарыяланды

Иштеп чыгуучулардын айтымында, жаңы система бир топ аралыкта туруп иштегенге жөндөмдүү.

"Кызматкерлер базанын ичинде иштей берет. Ага чейин тепловизор кимди өткөрүш керектигин өзү аныктайт. Маселен, жарандарды жынысы боюнча, маска тагынганы-тагынбаганына байланыштуу, кандайдыр бир себептер менен видеого тартуу керектигин жана башка параметрлер боюнча аракеттерди жасайт", — деген компаниянын маалымат кызматы.

Кызматтын автономиясына өзгөчө көңүл бурушкан. Система оператору жок иштеп, керектүү учурда гана ага эскертүүлөрдү жөнөтө алат.

Мындай тепловизорлор рынокко адистер коммерциялык стратегиясын даярдагандан кийин чыгары айтылат.

173
Белгилер:
тепловизор, система, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1070)
Тема боюнча
COVID-19: россиялык вакцинанын каршы көрсөтмөлөрү айтылды
Лабораториянын кызматкерлери иш учурунда. Архив

"Вектор" борбору коронавируска каршы вакцинасы үчүн патент алды

78
(жаңыланган 18:44 30.09.2020)
Аталган борбор коронавируска каршы вакцинаны жыл башында чыгарып, июндун аягында клиникалык сыноодон өткөргөнүн жарыялаган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россиянын Өндүрүш менчиги боюнча федералдык институту вирусология жана биотехнология жаатында иш алып барган "Вектор" борборунун коронавируска каршы чыгарган "ЭпиВакКорона" вакцинасына патент берди. Бул тууралуу Роспатентке таянып РИА Новости жазды.

Окумуштуулар вирустун бөлүктөрүн камтыган вакцинаны — синтетикалык пептиддик антигендерди иштеп чыгышкан. Алардын негизинде жасалган вакцина COVID-19га каршы иммундук реакцияны жаратат жана иммунитеттин бекемделишине өбөлгө түзөт.

COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет

"Бардыгы болуп үч вакцинага патент берилген, анын ар бири өзүнө вирустун модификацияланган фрагментин камтыйт", — деп айтылат Роспатенттин билдирүүсүндө.

"Вектор" вирусология борбору коронавируска каршы вакцинаны жыл башында чыгарып, июндун аягында клиникалык сыноодон өткөргөнүн жарыялаган.

78
Белгилер:
коронавирус, патент, вакцина, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1070)
Тема боюнча
"Вектор" COVID-19га каршы вакцинанын сынала башталчу күнүн айтты
Домодедово аэропортундагы жүргүнчү. Архивдик сүрөт

Чет элдик студенттерге Россияга кирүү шарттары түшүндүрүлдү

94
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү Россия өкмөтүнүн буйругуна ылайык, 20-сентябрдан баштап Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жарандарынын өлкөгө кирүүсүнө коюлган чектөө алынган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Россиянын жогорку окуу жайларында билим алган чет элдик студенттер өлкө аймагына кирүүгө чектөө алынгандан кийин гана бара алышат. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Билим берүү жана илим министрлигине таянып кабарлады.

"Россияда билим ала турган чет өлкөлүк студенттердин кирүүсүнө уруксат берүү чектөөдөн көз каранды. Башкача айтканда, кайсы мамлекеттин жарандарына кирүүгө уруксат берилсе, ошол өлкөнүн гана студенттери Россияга кире алышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү Россия өкмөтүнүн буйругуна ылайык, 20-сентябрдан баштап Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жарандарынын өлкөгө кирүүсүнө коюлган чектөө алынган. Ал эми 27-сентябрдан тарта түштүк кореялыктарга уруксат берилген.

5-октябрдан тарта башталгыч класстар мектепке барып окуйбу? Расмий жооп

Россиянын билим берүү жана илим министри Валерий Фальков 12-сентябрга карата коронавирустан улам жогорку окуу жайларда билим алчу 100 миңге чукул чет элдик студент өлкөгө кире электигин айткан.

94
Белгилер:
чектөө, кирүү, студент, окуу, ЖОЖ, Россия
Тема боюнча
Чет элдик биринчи курстун студенттери Россияга сентябрда кире алышат
Россия: чет элдик студенттердин окуганга киришине уруксат берилиши мүмкүн
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

Айдарбеков Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздар боюнча афган кесиптеши менен сүйлөштү

0
Боордошторго байланышкан долбоорлордон тышкары эки аткаминер инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышкан.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков афганистандык кесиптеши Мохаммад Ханиф Атмар менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөнүн ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-афган мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде Улуу жана Кичи Памирдеги афган кыргыздарын колдоо боюнча долбоорлор талкууланды. Андан тышкары, тараптар инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышты.

ТИМ: Вандык кыргыздар Түркиядагы Кыргызстандын элчисине ыраазычылык билдирди

Айдарбеков 2020-жылдын сентябрында Доха шаарында башталган элдешүү процессин колдой турганын, ошондой эле Афганистанда тынчтыктын орношу үчүн жана бүтүндөй региондук коопсуздукту бекемдөө максатында ал процесстин ишке ашарына үмүт артарын билдирди.

0
Белгилер:
мамиле, Афганистан, Чыңгыз Айдарбеков, Памир кыргыздары
Тема боюнча
Бутумду кучактап "кыргызга салам айт" деп ыйлаган кандаш. Афганчылардын баяны