Россияда коронавирус менен грипптен бирдей коргоочу уникалдуу вакцина жасалууда

© Sputnik / Михаил Киреев / Медиабанкка өтүүБиотехнологическая компания Biocad в Санкт-Петербурге
Биотехнологическая компания Biocad в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча препарат иштеп чыгуу стадиясында турат. Адистер аны жаныбарларга сынап көрүп, башка да клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүшмөкчү.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Россиялык окумуштуулар грипптен дагы, коронавирустан дагы бирдей коргой турган уникалдуу вакцинаны даярдап жатышат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Алмазов атындагы улуттук медициналык изилдөө борборунун директору Евгений Шляхто билдирди.

Анын айтымында, долбоор боюнча адистердин бир нече тобу иштеп жатат.

"Бул бириктирилген вакцина. Курамында грипптен дагы, коронавирустан дагы коргоочу иммунитетти пайда кылган компоненттер бар", — деди директор.

Азырынча препарат иштеп чыгуу стадиясында турат. Адистер аны жаныбарларга сынап көрүп, башка да клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүшмөкчү. Бирок окумуштуулар дары эмитен эле оң жыйынтыктарды бере баштаганын айтууда.

Россияда COVID-19га каршы вакцинаны жаңыча сыноого уруксат берилди

Алгачкы вакцина

Россия дүйнөдө алгачкылардан болуп коронавирусту алдын алуучу дарыны иштеп чыгып каттоого алганын жар салган. Вакцина "Спутник V" деп аталат.

Дарыны өндүрүүдө Россиянын Түз инвестициялар фонду да каржылык жардам көрсөткөн. Анын жетекчиси Кирилл Дмитриев учурда 20 өлкөдөн миллиард доза сатып алуу боюнча суроо-талап бар экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0