Путин: COVID-19га каршы вакцина мыйзам чегинде катуу көзөмөлдө сыналды

© Sputnik / AFK Sistema / Медиабанкка өтүүПроизводство вакцины от COVID-19 на фармацевтическом заводе "Биннофарм"
Производство вакцины от COVID-19 на фармацевтическом заводе Биннофарм - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавируска каршы вакцинанын клиникага чейинки жана клиникалык сыноолору жаныбарларга, өз ыктыяры менен макул болгон адамдарга жасалган.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Коронавируска каршы россиялык вакцина РФтин мыйзамдарынын алкагында андан ары да катуу сыноодон өтүү шарты менен катталгандыгын мамлекет башчы Владимир Путин айтып берди. Бул туурасында "Россия 24" каналына маек берип жатканда сөз болгонун РИА Новости жазды.

"Каттоону өзүнүн шарты менен өткөрүү үчүн зарыл делген бардык нерселерди жасадык. Биз айтып жаткан шарттар — анын массалык колдонуу үчүн андан аркы изилдөөлөрү. Андыктан россиялык мыйзамдардын баарын катуу сактап ишке ашырдык. Ал эми Россия мыйзамдары дүйнөлүк практикага жана башка өлкөлөр колдонуп жаткан нормативдик жөнгө салууга туура келет. Клиникага чейинки жана клиникалык сыноолорду жаныбарларга, өз ыктыяры менен макул болгон адамдарга жасадык", — деди Путин.

Россияда коронавируска каршы вакцина чыгарыла баштады

Россиянын саламаттык сактооо министри буга чейин COVID-19ду профилактика кылган вакцина Гамалея атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология изилдөө борборунун адистери тарабынан Россиянын түз инвестициялары боюнча фонддун көмөгү менен иштелип чыкканын кабарлаган. Анын жетекчиси Кирилл Дмитриев учурда 20 өлкөдөн миллиард доза сатып алуу боюнча суроо-талап бар экенин билдирген. Ал Россия жылына 500 миллион доза вакцина чыгара ала турган беш өлкө менен кызматташууга макулдашкандыгын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0