"Беслан" тасмасынын режиссёру: жаңы тарыхта мындай апаат болгон эмес

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТраурные мероприятия, посвященные 10-й годовщине трагедии в Беслане
Траурные мероприятия, посвященные 10-й годовщине трагедии в Беслане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 3-сентябрда, "Россия 1" телеканалында Беслан шаарында мындан 16 жыл мурда болуп өткөн каргашалуу окуяга арналган даректүү иликтөө-тасмасынын бет ачары болду.

"Беслан" тасмасындагы №1 мектептеги террордук басып алуунун күбөлөрүнүн эскерүүлөрү, окуя тууралуу туура эмес пикирлер тууралуу картинанын режиссеру Александр Рогаткин РИА Новости агенттигине маек берди.

— Александр, тасманын бет ачарын көрбөй калгандарга айтсаңыз, анда кандай жаңы нерселер бар?

— 16 жыл мурдагы окуя болсо дагы ушул убакка чейин жүрөк титиретет. Биздин жаңы тарыхыбызда мынчалык жан кейиткен каргаша боло элек болчу. Бул тема ар дайым журналисттерди кызыктырып келет. Бирок акыркы кездерде окуяны бурмалап, болмуштарды кошуп ийип жаткандар көп. Кызыгы, алардын көбү ошол кезде "Родина" фракциясынан депутат, терактыны иликтөө боюнча парламенттик комиссиянын мүчөсү Юрий Савельевдин докладына таянгандар. Ал расмий докладга кол коюудан баш тартып, жети томдон турган өзүнүн докладын басып чыгарган. Анда террорчуларда эч кандай колго жасалган жарылуучу заттар болбогону, ошончо көп адамдын өлүп кетишине спецназдын от бүрккөн курал-жарактары себеп болгону айтылат. Террорчулардын качып кетишин каалабагандар имараттын ичиндегилердин баарын жок кылууну чечишкен имиш. Мына ушул нерсени жергиликтүү оппозициялык ЖМКлар менен Батыш ушунча жылдан бери бетине кармап келе жатат.

— Аны бир топ жолу төгүндөшпөдү беле...

— Прокуратура бул версияны текшерген. Атургай гранатометторду иштеп чыгып, өндүргөн "Базальт" ишканасына тапшырма берилген. Алар Москванын четиндеги полигонго дал ошол мектептин спорт залынын моделин курушкан. Ошол мектептикиндей кирпич, курулуш материалдар пайдаланылган. Адистер гранатомет, пулемет жана башка от бүрккөн курал-жарактар менен атып көрүшкөн. Бири дагы дубалды анчалык талкалай алган эмес. Анын үстүнө адистер ошол учурда дубалды уратып кете турган куралдар дагы болбогонун айтат. Качан гана колго жасалган жардыруучу заттарды коюп көргөндө, дубал мектептегидей болуп талкаланган. Савельевдин ошол докладына негизделген көптөгөн журналисттик иликтөөлөр "Новая газета", "Эхо Москвы", "Радио Свобода" ЖМКларында жарык көргөн. Ошол мифтер көп жылдан бери айтылып келет.

Өмүрүм өткүчө унутпайм! Путин президенттигинин эң оор күндөрүн эске салды

Биз көптөгөн калптарды жокко чыгарууга аракет кылдык. Мисалы, бардыгы Аслан Масхадовдун ("Ичкерия президенти") келишин күтүп, бирок спецназ аны киргизип, баатыр кылбаш үчүн операцияны баштап салгандыгы тууралуу сөз болду.

Ошол эле Савельев окуучулар ары-бери качканда террорчулар аларга ок чыгарган эмес деп айтып жатат. Эшиктин алды бош, эч ким көрүнбөгөн сүрөттөрдү факты катары колдонууда. Бирок барымтадагы кишилер тууралуу башка сүрөттөр абдан көп эмеспи. Савельев шилтеме берип жаткан фотограф деле "террорчулар туткундагы кишилерге ок чыгарган эмес деп айткандар калпты сүйлөп жатат" деп айтканы бар.

Анан, албетте, каргашалуу окуяны өз башынан өткөргөн карапайым кишилердин азыркы турмушу, 16 жыл өткөндөн кийинки жашоосу, үй-бүлөсү, балдары көрсөтүлдү.

— Тартуу процессинде кандай тоскоолдуктар болду?

— Тоскоолдук деле болгон жок. Барымтага алынгандар, сыртта туруп күбө болгондор абдан көп. Албетте, ал күндөрдү эстегиси келбегендер болду, баш тарткандар дагы жок эмес. Ошол эле учурда эсинде калган ар бир мүнөттү төкпөй-чачпай айтып бергендер бар.

Бейруттагы жарылуу: чаңырып эшикке чуркашты. Үйлөнүп жаткандардын качкан видеосу

Июль айында тартып баштаган фильм 3-сентябрь күнү элге тартууланды. Көпчүлүк эмгегибизди жактырды. Атургай профессор Савельевдин позициясын карманган "Матери Беслана" комитетинен дагы өз пикирин айтышты. Менимче, биз көптөгөн суроолорго жооп ала алдык.

— Долбоорду улантасызбы, мисалы, китеп чыгабы?

— Билбейм. Ал тууралуу ойлоно элекмин.

Жаңылыктар түрмөгү
0