The Lancet Covid-19га каршы россиялык вакцинаны изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялады

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЛабораториянын кызматкери COVID-19 каршы вакцинасын текшерип жатат. Архив
Лабораториянын кызматкери COVID-19 каршы вакцинасын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абройлуу эл аралык The Lancet илимий журналы Covid-19га каршы россиялык вакцинаны клиникалык изилдөөнүн алгачкы эки баскычынын жыйынтыктарын жарыялады.

Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборундагы вакцинаны иштеп чыгуучулар Александр Гинцбург жана Денис Логунов, ошондой эле Россиялык түз инвестициялар фондунун башкы директору Кирилл Дмитриев Sputnik агенттигине аталган макалада кандай маалыматтар камтылганы жана дүйнөлүк илимий коомчулук үчүн анын жарык көрүшү неге мынча маанилүү экенин айтып беришти.

Россияда Covid-19га каршы Sputnik V вакцинасы катталгандан бир айга жетип-жетпей дүйнөдөгү эң таасирдүү The Lancet журналы клиникалык изилдөөнүн алгачкы эки фазасынын жыйынтыктарын жарыялады. Аны россиялык да, эл аралык да илимий коомчулуктун өкүлдөрү чыдамсыздык менен күтүп жатышкан.

Сентябрда дагы бир вакцина даяр болот. Путиндин маегиндеги маанилүү учурлар

Жарыяланган макала чет өлкөлүк эксперттердин сын-пикирлерине толугу менен жооп берет. Россиялык окумуштуулар тарабынан даярдалып, дүйнөдө коронавирус инфекциясына каршы биринчилерден болуп катталган вакцина илдет менен күрөшүүдө натыйжалуу гана тургай, колдонууга да коопсуз экенин айгинелейт.

Макалалар түрмөгүнүн башаты

The Lancet басылмасында биринчи жана экинчи фазалардын жыйынтыктары жарыяланышы, Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборундагы вакцинаны иштеп чыгуучулар белгилегендей, дүйнөлүк илимий журналдарда Sputnik V жөнүндөгү макалалар түрмөгүнүн алгачкы кадамы болмокчу.

"Сентябрда мындан аркы макалалар үчүн вакцинанын жаныбарларга, атап айтканда, сүт эмүүчү айбанаттар, сириялык хомяк, трансгендик чычкандарга жүргүзүлгөн сыноолордун толук иликтөөсүн берет. Вакцина бул изилдөөлөргө 100 пайыз натыйжалуулугун көрсөткөн. Катталгандан кийин башталган 40 миң ыктыярчынын катышуусундагы клиникалык изилдөөлөрдүн алгачкы жыйынтыктары октябрь-ноябрда ачыкталат", — деп такташты Гамалея атындагы илимий борбордогулар.

Тастыкталган коопсуздуктагы вакцина

Аталган илимий борбордун адистери өздөрүнүн илимий макаласында чыгарган негизги бүтүмдөрүнүн бири – Спутник V вакцинасынын коопсуздугу. Клиникалык изилдөөлөрдүн 1 жана 2-баскычтарынын жыйынтыктары боюнча адистер тарабынан эмдөөнүн баалоо критерийлери боюнча эч бир олуттуу жагымсыз көрүнүштөр табылган эмес. Мындай жыйынтык менен талапкер вакциналардын баары эле мактана албайт, алардын айрымдарында олуттуу жагымсыз көрүнүштөрдүн деңгээли 25 пайызга чыгат.

Узакка сакталчу иммунитет

The Lancet макаласында Спутник V вакцинасынын натыйжалуулугунун илимий далилдери да камтылган. Маселен, аны эки баскычтуу саюунун уникалдуу технологиясынан улам 100 пайыз эмделгендердин организминде коронавируска каршы узак мөөнөттүү иммундук жооп түптөлөт.

Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунун илимий иштер боюнча директорунун орун басары Денис Логунов эмделгендердин 100 пайызында гуморалдык да, клеткалык да иммундук жооп болоруна ынандырат. Ал COVID-19дан адамды ынанымдуу коргоого жетиштүү болот.

"Эмделген ыктыярчылардагы антителолордун деңгээли илдеттен айыккандардыкына караганда 1,4-1,5 эсе жогору болду. Салыштырсак, британиялык фармацевтикалык AstraZeneca компаниясында эмделген ыктыярчылардын антитело деңгээли коронавирус инфекциясына кабылып, айыккан адамдардыкына дээрлик барабар эле", — деп белгилешет россиялык адистер.

Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору Sputnik V вакцинасынын клиникалык изилдөөлөрдүн контекстинде ыктыярчылардын баарында CD4 + да, CD8 + клеткалары деп таанылган Т-клеткалык иммунитет пайда болорун тастыктайт. Бул клеткалар коронавируска кабылган клеткаларды таап, жок кылууга жол берет.

Вакцинанын натыйжалуулугу – 100 пайыз

Адатта илимий коомчулук вакциналардын адамдын аденовирустук векторлорунун негизинде пайдаланылышы жаатында кооптонот. Дал ушундай ыкма Спутник V вакцинасында колдонулат. Башкача айтканда, биздин иммунитет организмге тийиштүү санда адамдын аденовирусун тийиштүү санда өткөрбөй коюшу ыктымал деген чочулоо бар эле. Аденовирус вакцинада "такси" функциясын аткарып, клеткага коронавирустун тышкы чел кабыгынын генетикалык материалын жеткирет (мында организмге вакцина менен коронавирустун өзү кирбейт, демек, жугузуп алуу мүмкүн эмес).

Россияда коронавируска каршы вакцина чыгарыла баштады

Адамдар аденовирустарга көп кабылгандыктан (кадимки суук тийгизип алуу), аларда иммунитет жаралат, теорияда бул көрүнүш аденовирустук вакцинанын натыйжалуулугун төмөндөтүп салышы мүмкүн эле. Бирок аталган борбордо алынган жыйынтыктарга таянсак, мурда түптөлгөн иммунитет эмдөөнүн натыйжалуулугуна эч кандай таасир этпейт.

"100 пайыз эмделгендерде, ал түгүл жакында эле аденовирустук инфекциядан айыккандарда да натыйжалуу иммундук жоопту камсыз кыла турган эң ыңгайлуу жана эң сонун коопсуз ченем тандалган. Текшерилбеген бул платформалардын негизинде жаңы вакцина иштеп чыгуунун актуалдуулугун төмөндөтөт", — деп түшүндүрүшөт илимий уюмдагылар.

Андай текшерилбеген платформалар батыштагы айрым компаниялардын адамдын аденовирустарына карата кооптонуулардан улам иштеп чыга башташкан вакциналары болуп саналат. Айрым мындай иштелмелер, мисалга, мРНК (Moderna компаниясынын вакцинасы) же шимпанзе аденовирусу (AstraZeneca компаниясынын вакцинасы) буга чейинки катталган вакциналарды жаратууга эч качан пайдаланылган эмес.

Андай препараттар организмдин репродукциялык иштерине таасир тийгизип же онкологиялык дарттарга кабылта турган жогорку канцерогендик сапаттарга ээ болушу мүмкүн деген кооптонуулардан улам узак убакыт сыналууга тийиш.

The Lancet журналына россиялык окумуштуулар Спутник V вакцинасы негизделген платформанын коопсуздугун изилдөө шилтемелерин берет. "1953-жылдан бери дүйнөдө 250дөн ашуун клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, бул негизде вакцина жана дары-дармектин коопсуздугун тастыктаган 75тен ашуун макала жарыяланган", — деп түшүндүрөт Денис Логунов.

"Адамдын аденовирустук векторлорунун негизиндеги препараттар иш жүзүндө 15 жылдан ашуун мезгилден бери пайдаланылып келет. Атап айтканда, Эболага каршы вакциналар жана ракка каршы "Гендицин" дарысы Кытайда 12 жылдан ашуун убакыттан бери колдонулат".

Эки вектордуу сейрек кездешкен технология

Академик Александр Гинцбург Спутник V вакцинасынын уникалдуу өзгөчөлүгү өзүнчө эки эмдөөдө – 5 жана 26-серотиптеги эки аденовирустун пайдаланылышында экенин айтат. Бүгүнкү күндө кош эмдөө көптөгөн эксперттер тарабынан коронавируска каршы иммунитетти күчтөндүрүүгө жөндөмдүү фактор катары таанылган.

COVID-19: россиялык вакцинанын каршы көрсөтмөлөрү айтылды

Бирок эки эмдөө үчүн тигил же бул векторду колдонуу шартында иммундук система коргоо механизмдерин иштетип, экинчи ийнеде препаратты кабыл албай баштайт. Спутникке V вакцинасында экинчи вектордун колдонулушу башта сүрөттөлгөн нейтралдаштыруучу майнаптуулуктан качууга жардамдаша бул көйгөйдү толугу менен чечет.

Гамалея vs АстраЗенека

Эки эмдөө менен жүргүзүлчү вакцинаны тестирлөө үчүн ыктыярчылардын санынын тартыштыгы боюнча айтылган сындарга жооп катары окумуштуулар бул системаны адамдардын кеңири тобунда сыноого үлгүрүшкөнүн эскертишет. Мисалы, талапкер вакциналарды иштеп чыгуу боюнча лидерлердин бири болгон AstraZeneca компаниясына салыштырмалуу сыноого катышкан ыктыярчылардын саны кыйла жогору болгон.

"Спутник V". Россиялык вакцинага 20 өлкө кызыгууда. Видео

Британиялык фармацевтикалык гигант өз вакцинасынын эки ийнесинин натыйжалуулугун аныктоодо 1-2-фазалар маалындагы ыктыярчылардан төрт эсе аз киши катышкан.

"Россиялык Sputnik V вакцинасынын эки ийне менен жүргүзүлгөн клиникалык сыноолорунун 1 жана 2-фазаларынын катышуучуларынын саны AstraZeneca компаниясында эки ийне сайылган кишилерден төрт эсеге көптүк кылат", — дейт РФПИ башкы директору Кирилл Дмитриев.

Бирдиктүү коопсуз технология

Өткөн аптада АКШнын азык-түлүк жана дары-дармектерди көзөмөлдөө башкармалыгы азыркы эпидемиологиялык кырдаалда талапкер вакциналарды ыкчам каттоо жол-жобосу пайдаланылышы ыктымал деп жарыялаган. Кеп он миңдеген ыктыярчы катыша турган клиникалык изилдөөлөрдүн үчүнчү фазасын өткөрбөстөн каттоо жөнүндө жүрүүдө. Ушундай эле ыкманы колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн Улуу Британия бийлиги да сөз кылган.

Ошону менен катар бул өлкөлөрдө натыйжалуулугун жана коопсуздугун далилдеген вакциналарды гана тез каттоо мүмкүнчүлүгүн белгилешет. Россиялык адистердин пикиринде, бул талаптарга жооп берген препараттар анчалык деле арбын эмес.

"Бүгүнкү күндө ушул критерийлерге төп келген жалгыз технология – адамдын аденовирустук векторунун негизиндеги платформа. Бул нечендеген он жылдыктар аралыгындагы көптөгөн изилдөөлөрдө өз коопсуздугун дадилдеген", — деп эсептейт Кирилл Дмитриев.

The Lancet жарыялаган макала – "соңку жооп"

Россиялык түз инвестициялар фондунун башкы директору Дмитриев The Lancet басылмасына чыккан макала былтыр августта Sputnik V препаратынын катталышынан кийинки "Россияга каршы багытталган суроолордун ушул баскычындагы акыркы жооп" болуп саналарын түшүндүрөт.

"Эми Россия, эң оболу, эл аралык коомчулукка айрым суроолорду бериши мүмкүн. Биз шимпанзе аденовирусу же мРНК негизинде иштелип чыккан вакциналардын узак мөөнөткө сакталарын, канцерогендик тобокелдиги жана аларды колдонууда репродукциялык функцияларга тийгизген таасиринин бар же жогун тастыктаган расмий маалыматтарды ачыктоого чакырабыз. Ошону менен бирге эле эмнеге AstraZeneca жагымсыз кыйыр таасирлери болгон учурда жоопкерчиликтен юридикалык баш тартууну талап кылып жатканын да билсек жаман болбос", — дейт ал.

Россиялык адистер жасаган коронавируска каршы вакцинаны күткөндөр учурда арбын.

Жаңылыктар түрмөгү
0