Россиянын Су-27 истребители чет өлкөлүк тыңчы учактардын жолун тороду. Видео

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТренировочные полёты пилотажной группы "Соколы России" в Краснодарском крае
Тренировочные полёты пилотажной группы Соколы России в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык истребитель чет элдик учактарды чек арадан сүрүп чыгарган соң өзү эч кандай эреже бузбастан аэродромго ийгиликтүү кайткан.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Россиялык Су-27 истребители Балтика деңизинин үстүнөн учкан америкалык жана швециялык тыңчы учактарды чек арадан сүрүп чыгарды. Бул боюнча РИА Новости билдирди.

Видеосун ишемби күнү "Звезда" каналы жарыялаган.

Учкучтун кабинкасынан тартылган видеодо истребитель АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн RC-135 жана Швециянын Аскер-аба күчтөрүнүн "Гольфстрим" тыңчы учактарын жандай учуп бара жатканын көрүүгө болот.

АКШ эмнеге РФ жээктерине суу түбүндө жүрүүчү кайыктарын жеткирүүдө? Саресеп

Улуттук коргонууну башкаруу борборунан билдиргендей, россиялык истребитель чет элдик учактарды чек арадан сүрүп чыгарган соң өзү эч кандай чек ара мыйзамын бузбастан аэродромго ийгиликтүү кайткан.

"Су-27 истребителинин ар бир асманга көтөрүлүүсү аба мейкиндигин пайдалануунун эл аралык эрежелеринин чегинде болот", — деп айтылат маалыматта.

Су-27 мындан толук бир ай мурда АКШнын тыңчы учагын кайра кайтарганы маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0