Россиялыктар 64 млн. рубль маянага дем алышсыз иштөөгө даяр

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүАкча кармап турган аял. Архив
Акча кармап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл бою эс албай иштөө үчүн эркектер 35 миллион, аялдар 89 миллион рубль маянага макул болорун билдирген.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Россиялыктар орто эсеп менен айына 64 миллион рубль маяна төлөп турса жыл бою дем алышсыз жана эмгек өргүүгө чыкпай иштөөгө даяр. Бул туурасында "Известия" басылмасы жүргүзүлгөн изилдөөгө таянуу менен жазды.

Сурамжылоого Россиянын бардык регионундагы 3,5 миң адам катышкан.

Изилдөө учурунда Россиянын тургундары жумуштан сырткаркы бош убакытты жана эс алууну өзгөчө баалай турганы айкын болгон. Ошондуктан мындай мүмкүнчүлүктөн ири өлчөмдөгү сыйлык берсе гана баш тарта аларын айтышкан.

Россиядагы эң көп айлык төлөнүүчү жумуштар аталды

Жыл бою дем алышсыз иштөө үчүн эркектер айына 35 миллион рубль төлөп берүүнү сураса, аялдар 89 миллион рубль маянага макул болорун билдирген. Орто эсеп менен алганда, сумма 64 миллион рублди түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0