Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров

Лавров: ШКУга мүчө өлкөлөр Ирандын өзөктүк программасы боюнча планды колдойт

102
(жаңыланган 19:56 10.09.2020)
Учурда Москвада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтүүдө.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттер Ирандын өзөктүк программасын жөнгө салуу боюнча Биргелешкен ар тараптуу аракеттердин планын колдой турганын тастыктады. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

РИА Новости агенттиги Лавров ШКУга мүчө өлкөлөр АКШнын Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планынан чыгышына баа берүү боюнча бирдиктүү позициясын билдирүүдөн карманып турганын маалымдаган. Учурда Москвада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтүүдө.

"Бизде Ирандын өзөктүк программасын жөнгө салуу боюнча Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планынан АКШнын чыгышы боюнча жаралган жагдайга бирдиктүү позиция бар. Баарыбыз БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан бир добуш менен кабыл алынган маанилүү документти жактай турганыбызды билдирдик. Ал мүчө өлкөлөрдүн баарында аткарылышы керек", — деп айткан Лавров.

Ошондой эле ал министрлер Афганистандагы жана Сириядагы абалды жөнгө салууну талкуулашканын кошумчалады.

Иран менен алты мамлекет ортосунда 2015-жылы июлда көп жылдан бери чечилбей келген Ирандагы атом маселеси боюнча тарыхый макулдашуу жетишилген. Бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Биргелешкен ар тарапттуу аракеттер планы кабыл алынган. Муну менен мурда БУУнун Коопсуздук кеңеши, АКШ жана Евробиримдик тарабынан Иранга коюлган экономикалык жана финансылык санкциялардын алынышын шарттайт.

Ханзаада жана президент. Путин менен Мухаммеддин алакасын АКШ эмнеге кызганат?

Аталган келишим түзүлгөнүнөн үч жыл өткөндөн кийин 2018-жылы майда АКШ андан бир тараптуу чыкканын жарыялап, Тегеранга каршы катаал санкция киргизген.

ШКУга азыркы тапта Кытай, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Индия жана Пакистан кирет. Москвадагы жыйынга КРдин атынан тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков катышты.

102
Белгилер:
план, Иран, АКШ, Москва, Сергей Лавров
Тема боюнча
Кыргызстан менен Тажикстан жакын арада чек ара маселесин чечет
Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда авиакаттам жанданат
Россиялык алып баруучу Ольга Шелест. Архив

Россиялык алып баруучу аз убакыттын ичинде кантип арыктаганын айтып берди

60
(жаңыланган 09:08 20.09.2020)
Шелесттин айтымында, ал эки айдын ичинде жети килограмм салмак таштаган. Алып баруучу 10 жылдан бери мынчалык арыктай электигин белгилеп, мунун баарын таттуу менен байланыштырды.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Россиялык алып баруучу Ольга Шелест "Телепрограмма" басылмасына маек берип жатып тез убакыттын ичинде кантип арыктаганын айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, социалдык тармактын колдонуучулары алып баруучунун сындуу болуп калганын байкашып, андан кантип арыктаганын сурашкан.

Шелесттин айтымында, ал эки айдын ичинде жети килограмм салмак таштаган. Алып баруучу 10 жылдан бери мынчалык арыктай электигин белгилеп, мунун баарын таттуу менен байланыштырган.

"Бир отурганда эле бир тортту жеп койчумун. Бирок кийин кумшекерден баш тарттым. Эки айдан кийин жети килограмм таштаганымды билдим. Атайын деле "арыктайм" деп максат койгон эмесмин. Анткени өзүмдүн тулку-боюм жакшы эле формада болчу", — деди ал.

Алып баруучу карантинде кокустан "Мен таттууну жакшы көрбөйм" деген китеп окуп калганын айтты. Ошондон баштап анын кумшекер, таттууга болгон көз карашы өзгөргөн.

Дагестан: пенсионер беш саатта 10 килограммга жакын салмак таштаган

"Бул китепте кумшекер кантип жаралганы, адамдар ага эмнеге жакын болуп калганы тууралуу илимий негизде маалыматтар берилген. Ошондой эле биз аталган "жасалма баңгизатты" колдонгондо организмде кандай реакция жүрөрү да айтылган", — деди Шелест.

Алып баруучу кумшекердин ден соолукка тийгизген таасири тууралуу билгенден кийин таттуудан толугу менен баш тартканын кошумчалады.

60
Белгилер:
Кумшекер, арыктоо, алып баруучу, Россия
Тема боюнча
30 килограммга чейин арыктаган. Улгайган аял сыры менен бөлүштү
Арыктоо үчүн күнүмдүк тамакка колдончу азыктар тизмектелди
Манас аэропортундагы учак. Архив

Бишкек Москва каттамы жуманын кайсы күнү аткарылары маалымдалды

396
(жаңыланган 19:34 19.09.2020)
Бүгүн, 19-сентябрда, Россия бир катар мамлекеттер менен аба каттамын жанданта турганы маалым болду. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрынан тарта Бишкек — Москва аба каттамы такай жума күнү аткарылмай болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, борбор калаадан Москваны көздөй жүргүнчүлөрдү Avia Traffic Company авиакомпаниясы ташыйт.

Белгилей кетсек, буга чейин РФ Кыргызстан, Казакстан жана Беларусь менен аба каттамын жанданта турганы айтылып, учактар жумасына бир ирет гана каттай турганы кабарланган.

396
Белгилер:
Москва, Бишкек, аба каттам, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россия Кыргызстан менен аба каттамын сентябрда жандантмай болду
Башкыртстан чек арада калган кыргыз мигранттарына кантип жардам берүүдө. Репортаж
Иран генерал Сулейманинин портрети. Архивдик сүрөт

Иран генерал Сулейманинин өлүмү үчүн Америкадан дагы өч аларын билдирди

0
(жаңыланган 11:01 20.09.2020)
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал декабрдын соңунда АКШнын армиясы Сириядагы жана Ирактагы шииттердин уюмуна сокку ургандан тарта курчуган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ирактагы Американын аскер базаларына сокку уруу менен ирандык генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алып бүткөн жок. Бул тууралуу Ислам революциясын коргоочулар корпусунун (ИРКК) командири Хосейн Салами билдиргенин РИА Новости жазды.

"Америкалыктар биз менен салгылашкысы келсе региондун сыртында эмес, ичинде болушу керек. Алар тыштан туруп согуш жүргүзө алышпайт. Биз алардын оюн ишке ашырбай, бардык аскер базаларын тартып алып, аймакты тазалап коюуга кудуретибиз жетет", — деген Салами.

Ал белгилегендей, Ирактагы Американын базаларына сокку урууда, анын ичинде Айн-аль-Асаддагы операциясы менен эле генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу токтоп калган жок. Бул окуя болгону психологиялык тең салмактуулукту калыбына келтиргени белгленди. ИРКК командиринин айтымында, америкалыктар аскер башчысынын өлүмү үчүн жооп бериши керек, бирок бул аракет али ишке аша  элек.

Иранга каршы санкциялар: АКШнын опузасы суу кечпей калдыбы?

Салами кошумчалагандай, Сулеймани үчүн жалпы америкалыктардан эмес, аны өлтүрүүгө катышкандардан гана өч алууну ойлоп жатышат. Себеби азыркыга чейин АКШнын бул ишке кириптер аскерлери жок кылынган эмес.

Буга чейин Иран бийлиги аталган операцияга катышкан делген 30 кишини, анын ичинде АКШ менен башка чет мамлекеттердин саясий жана аскерий ишмерлерин, ошондой эле Америка президенти Дональд Трампты тизмектеген.

Ал эми Трамп Тегерандын болжолдуу чабуулуна комментарий берип жатып, АКШнын буга жообу "миң эсе масштабдуу" билдирген.

Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал декабрдын соңунда АКШнын армиясы Сириядагы жана Ирактагы шииттердин уюмуна сокку ургандан тарта курчуган.

Мындан кийин "Хезболла" уюмунун тарапкерлери Багдаддагы америкалык дипломатиялык миссияны камалап, андан соң Вашингтондун атайын операциясында ирандык генерал Касем Сулеймани каза тапты. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.

Сулейманинин өлүмүнөн кийин миңдеген ирандыктар митингге чыккан

8-январга караган түнү Иран АКШнын Ирактагы аскерий аба базаларына чабуул жасаган. Тегеран муну генерал Сулаймани үчүн өч алуу деп баалаган.

Трамп сокку урулган база боюнча билдирүү жасап, Иранга каршы курал колдонбой турганын билдирген. Бирок санкциянын жаңы түрлөрүн ойлонуп жатканын айткан.

0
Белгилер:
Чабуул, өч алуу, өлүм, Касем Сулеймани, Дональд Трамп, Америка, Иран
Тема боюнча
Котормочу болуп иштеген. Иранда ЦРУнун тыңчысы өлүм жазасына тартылды
Ирак АКШ аскерлерин аймактан чыгарууну талап кылууда. Пентагон ага каршы
Ирак Сулейманинин өлүмүнөн кийин америкалык аскерлер боюнча чечим кабыл алды