Бейтапты карап жаткан медицина кызматкерлери. Архив

Россиялык окумуштуулар COVID-19 илдетин ИВЛсиз эле дарылоонун жолун тапты

183
(жаңыланган 15:27 11.09.2020)
Сыктывкардагы республикалык ооруканадагы тажрыйбанын бүтүмү оң натыйжа берген. Азыр өндүрүш жүрүп жатканы айтылат.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Гелий-кычкылтек аралашмасы менен дем алгандан кийин коронавируска чалдыккан 50 кишинин ичинен бирөө гана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылып, калганы аталган ыкманын аркасында тез сакайып кеткен. Бул тууралуу Россиялык иммунологдордун илимий коомунун президенти Валерий Черешнев билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Система Комидеги республикалык оорукананын базасында сыноодон өткөрүлгөн.

"Бизде жактан 50 бейтаптын абалы оор болчу. Баары тең сакайып кетишти. Арасынан бирөөсү гана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылды. Сыктывкардагы республикалык ооруканадагы тажрыйбанын бүтүмү оң натыйжа берген. Мындай аралашма менен камсыздаган аппараттарды жасоо иштери жүрүп жатат", — деди Черешнев.

Адис: COVID-19дан кийинки стресс узагыраак болот

Ал өпкөнү жасалма дем алдыруу организм үчүн оор болорун белгилеген. COVID-19дан жайылган пневмониянын тушунда адамдын дем алуусу кескин төмөндөгөн учурда 90-95 градуска чейин ысытылган гелий-кычкылтек аралашмасы жасалма дем алдыруудан кыйла ашып түшөт.

Анын айтымында, микробиологдор алгач мындай дем алуу үчүн колдонулган аппараттарды өркүндөтүп, дем алган жана дем чыгарган абанын өзүнчө системасын жасоону чечишкен.

183
Белгилер:
Россия, дарылоо, Окумуштуулар, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1057)
Тема боюнча
COVID пандемиясынан кийин жүрөк оорулуулар көбөйүшү мүмкүн
Сасык тумоо жана COVID менен бир убакта ооруган канчалык кооптуу? Дарыгердин ою
Президент Сооронбай Жээнбеков аэропортто учактан чыгууда. Архивдик сүрөт

Россия өкмөтү: Жээнбековдун Россияга болчу иш сапарына кам көрүп жатабыз

23
(жаңыланган 17:37 22.09.2020)
Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча 22-жыйыны өттү.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Россия өкмөтү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун РФке болчу иш сапарына кам көрүүдө. Бул тууралуу Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук билдирди. 

Сопредседатель комиссии с российской стороны, заместитель председателя правительства РФ Алексей Оверчук на заседании межправительственной комиссии в Бишкеке. 22 сентября 2020 года
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук

Белгилей кетсек, Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча 22-жыйыны өттү.

Оверчук жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан дагы бекемдей турганына ишенерин айтты.

Жээнбеков быйыл Венгрияга барат. ТИМ Будапештте жолугушууларды өткөрүп келди

Мындан тышкары, Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнө дагы токтолду.

"Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстандын Россияга товар экспорттоосу 4,5 эсеге өстү. Бул Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүдөн пайда көрүп жатканынан кабар берет", — деди өкмөт мүчөсү.

Белгилей кетсек, Оверчук бүгүн КР президенти Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Кубатбек Боронов жана вице-премьер Эркин Асрандиев менен кезигип, бир катар маселелерди талкуулады.

23
Белгилер:
кызматташтык, экономика, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Дүйнө чарчады. Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү
22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды
КР — РФ эриш-аркак жылын жыйынтыктоону 2021-жылга жылдыруу сунушталды
РФ өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук. Архивдик сүрөт

КР РФ эриш-аркак жылын жыйынтыктоону 2021-жылга жылдыруу сунушталды

16
(жаңыланган 17:29 22.09.2020)
РФ вице-премьери пандемиянын айынан пландалган 220 иш-чаранын көпчүлүгү өткөрүлбөй калганын белгилеген.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына арналган иш-чаралардын бир бөлүгү 2021-жылга жылдырылат. Бул тууралуу РФ өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук билдирди.

Бишкекте соода-экономика, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-жыйыны өтүп жатат. Оверчук бүгүнкү сүйлөшүүлөр кыргыз-орус кызматташтыгын жогорку деңгээлге чыгарууга өбөлгө болоруна ишенерин айтты.

Бакашева: эриш-аркак жылдын алкагында мерчемделген 30дай иш-чара жылды

Ал пандемиянын айынан пландалган 220 иш-чаранын көпчүлүгүн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калганын белгилеген.

"Мамлекеттик органдар бул багытта тыгыз иш алып барышыбыз керек. Кырдаалды эске алуу менен эриш-аркак жылынын жабылышын 2021-жылга жылдырууну сунуштайбыз", — деди Оверчук.

Өз кезегинде Кыргызстандын вице-премьери Эркин Асрандиев мындай сунушту колдоп, абал турукташкандан кийин ири иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлөрүнө үмүт артты.

16
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, иш-чара
Тема:
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы
Тема боюнча
Бишкекте Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны башталды
Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын отуруму. Тексттик баяндама
Комуздун коштоосундагы орусча ырлар. Бишкекте Россия күнү белгиленди. Видео