Россияда коомдук транспортто жүрүү акысыз болушу мүмкүн

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүМетродогу жүргүнчүлөр. Архив
Метродогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт министрлиги адамдарды калк жашаган аймактарда велосипед, самокат жана башка мотору жок транспорт менен жүрүүгө үндөөнү сунуш кылып жатат.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Россиянын Транспорт министрлиги 2025-жылы коомдук транспортто жүрүүнү толугу менен акысыз кылышы ыктымал. Бул тууралуу РИА Новости кабарлаган.

Министрлик даярдаган транспорт стратегиясы боюнча долбоорго ылайык, "колдонуучу төлөйт" аттуу механизм ишке кирет. Бул схема боюнча 2025-жылдан баштап аймактык маанидеги жолдо жүргөн айдоочулардан акы алына баштайт. Ал эми 2035-жылы бардык категориядагы айдоочулар акы төлөйт.

Долбоордун авторлору "колдонуучу төлөйт" механизми транспорт инфраструктурасын каржылоого көмөктөшүп, ири шаарларда жеке автоунаа менен жүргөндөрдүн санын азайтат деп эсептешет.

Россия Кыргызстан үчүн маркалоо тутумун иштеп чыгып каржылайт

Транспорт министрлиги адамдарды калк жашаган аймактарда велосипед, самокат жана башка мотору жок транспорт менен жүрүүгө үндөөнү сунуш кылып жатат. Турак жайлар жыш жайгашкан райондордо дагы метро, жеңил рельстүү транспортту өнүктүрүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0