Путин: Россиянын коронавируска каршы вакцинасын биринчи Беларусь алат

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин. Архив
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын адистери коронавирусту профилактика кыла турчу дүйнөдөгү биринчи вакцинаны жасашты. Ал "Спутник V" деп аталат.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Россиянын коронавируска каршы вакцинасын Беларусь биринчилерден болуп алат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн Беларусь президенти Александр Лукашенко Россияга иш сапары менен келди.

Жээнбеков: Россиядан вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Беларустун президенти Александр Лукашенко менен болгон жолугушууда Россиянын өлкө башчысы бул маселе боюнча буга чейин эки өлкөнүн премьер-министрлери менен саламаттык сактоо министрлери сүйлөшкөнүн эскерткен.

"Беларусь вакцина сыноосунун акыркы стадиясына катыша баштады", — деди Путин.

Россиянын адистери коронавирусту профилактика кыла турчу дүйнөдөгү биринчи вакцинаны жасашты. Ал "Спутник V" деп аталат. Москвада изилдөөдөн өткөн вакцина менен эмдөө башталды. Алардын партиялары аймактарга таратылып жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0