Путин менен Лукашенко  эмне тууралуу кеп кылышты? Жолугушуунун урунттуу учурлары

© Фото / БелТА / Медиабанкка өтүүБеларусь мамлекетинин башчысы Александр Лукашенко
Беларусь мамлекетинин башчысы Александр Лукашенко  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн башчылары кызматташтык боюнча бир катар маселелерди талкуулашты. Анын ичинде Беларуска насыя берүү, коронавируска каршы вакцинаны жеткирүү маселелери бар.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен Беларусь мамлекетинин башчысы Александр Лукашенко Сочи шаарында жолугушту.

Лукашенко Россияга иш сапары менен барган. Анда эки өлкөнүн башчылары көзмө-көз өздөрүнчө сүйлөшүшкөн. Жолугушууда  бир катар маселелер, анын ичинде Беларустагы кырдаал талкууланганы айтылды.

Амалдуу планбы? Кремль Трамптын тактысын сактоо үчүн Американы "чайпалтабы"?

Өлкө башчыларынын жолугушуусунун урунттуу учурларын сунуштайбыз.

Путиндин сөзүнөн тезистер:

  • Россия Беларусь элинин эч кимдин кеңеши, коркутуусу жок, тынчтыкта бири-бири менен бул кырдаалды чечип алуусун каалайт;
  • Лукашенконун Конституция боюнча жумушту баштоо сунушу логикага туура келет жана азыркы учурда керек;
  • Россия Беларусь менен  түзүлгөн бардык  келишимдердин ишке ашуусуна кызыкдар;
  • Россия Беларустагы эң ири инвестор бойдон калат;
  • Россия Беларуска 1,5 миллион доллар эсебинде мамлекеттик насыя берет;
  • Путин Россия менен Беларусь экономикалык көйгөйлөрдү чечип, коронавирусту жеңет деп ишенет;
  • Беларуста өтүп жаткан аскердик окуулар былтыркы жылы эле пландалган. Тапшырмалар аткарылгандан кийин Россиянын аскерлери кайра ордуна келишет;
  • Россиянын коронавируска каршы вакцинасын биринчилерден болуп Беларусь алат.

Лукашенконун сөзүнөн тезистер:

  • Беларустагы кырдаал Евразия экономикалык биримдик, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги жана Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун деңгээлинде чечилиши керек;
  • Лукашенко Россия президентинин шайлоо учурундагы колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди;
  • Беларусь өлкөдө болуп жаткан кырдаал тууралуу Путинди маалымдап турууга сөз берди;
  • Минск кимдин колу кычышып жатса, алардын колун тырмап берет. Бул Беларустун ички ишине сырттан кийлигишип жаткандарга тиешелүү;
  • Беларусь "улуу агасы менен" (Россия менен — ред.) бардык маселе боюнча тыгыз кызматташат;
  • Россия менен Беларусь сырткы агрессияга каршы туруш үчүн өзүнүн армиясын даярдаш керек;
  • Лукашенко коронавируска каршы вакцина үчүн Россияга ыраазы.
Жаңылыктар түрмөгү
0