Чет элдик биринчи курстун студенттери Россияга сентябрда кире алышат

© Sputnik / Илья Аверьянов / Медиабанкка өтүүСтуденттер. Архив
Студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи этапта Россиянын аймагына биринчи курстун студенттери кирет. Ал эми жогорку курста окугандарга уруксат кийинчерээк берилет.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Россиядагы жогорку окуу жайларга тапшырган чет элдик 1-курстун студенттери өлкөнүн аймагына сентябрдын экинчи жарымында кире алышат. Бул тууралуу РФтин билим берүү министри Валерий Фальков Мамдумадагы "Единая Россия" фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын бул боюнча айткандары аталган фракциянын расмий сайтына жарыяланды.

"Биз түзүлгөн алгоритмдин негизинде сентябрда биринчи курстун студенттерине Россиянын аймагына кирүүгө мүмкүнчүлүк беребиз. Бул жол ачылган мамлекеттерге гана тиешелүү", — деди Фальков.

Министрдин айтымында, федералдык бийлик органдарынын, субъектилердин жана окуу жайлардын атайын алгоритми түзүлдү. Анын арты менен Россияга 25 миңге жакын биринчи курстун студенттери келе алышат. Чечим ушул жумада бекитилет. Ал эми жогорку курстагы студенттерге уруксат кийинчерээк берилет.

Россияда жалпы жонунан 300 миң чет элдик жаран билим алат. Пандемия башталганда 160 миңден ашыгы сыртка чыгып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0