Россия өлкөгө кирүү эрежесин өзгөрттү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЭл аралык аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив
Эл аралык аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Михаил Мишустин чет элдиктер Россиянын жарандыгы бар жакын туугандары болсо визаны оңой жол менен ала аларын жарыялады.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Россиянын бийлиги өлкөгө кирүү эрежесин жеңилдетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Өкмөттүн жыйынында премьер-министр Михаил Мишустин чет элдиктер Россиянын жарандыгы бар жакын туугандары болсо визаны оңой жол менен ала аларын жарыялады.

Төрөбөй тургула. Россияда вакцина сайдырып жаткандарга эскертүү берилди

Анын айтымында, жакын туугандарга жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары, чоң ата, чоң энеси же неберелери кирет.

"Мындай тууганы бар адамдар визаны бир жылдык мөөнөткө чейин ала алышат. Ал үчүн чет элдик жарандын тууганы кат менен гана кайрылышы керек", — деди Мишустин.

Мындан сырткары, виза алуу укугун сактап калуу үчүн ар үч ай сайын Россиядан чыгып кайра кирүүнү талап кылган эреже мыйзамдан алып салынмай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0