Россиялык адис: Европа неоулутчулдуктан азырынча чочулабайт өңдөнөт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүРоссия тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин. Архив
Россия  тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сентябрда Россиянын Тергөө комитетинде улутчулдукту калыптандыруу жана тарыхты бурмалоолорго байланышкан кылмыштарды иликтөөчү бөлүм ачылды.

Өзүнчө бир бөлүм эмнеге түзүлдү? Анын зарылдыгы, мындай иштерди иликтөөнүн татаалдыгы эмнеде? Тергөөчүлөр кандай билимге ээ болууга жана Россия аскердик даңк белгилеринин чет өлкөдө кордолушуна эмнеге жол бербөөгө тийиштигин Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин биздин өнөктөш – РИА Новости агенттигине курган маегинде кеңири токтолгон.

— Александр Иванович, жакында эле Тергөө комитетинде улутчулдукту калыптандыруу жана тарыхты бурмалоого байланышкан кылмыштарды иликтей турган жаңы бөлүм түптөлдү. Бул жаңылык маалымат каражаттарында жана социалдык медиада кызуу талкууну жаратты. Мындай бөлүктүн түзүлүшүнө эмне түрткү болду?

— Белгилүү болгондой, Нюрнберг аскердик трибуналы Экинчи дүйнөлүк согуштун себептерин баалоодо маанилүү баскычка айланган. Экинчи дүйнөлүк согуштун тутанышына жана жүрүшүнө жооптуу болгон негизги улутчулдардын жоруктары кылмыштуу деп табылганын эч ким эстен чыгарбоосу абзел.

Анткен менен бүтпөгөн маалымат согушунун шартында өлкө ичинде да, тышта да улутчулдукту калыптандыруу аракеттери арбып барат. Ошондой эле фашизмди жеңүүдөгү РФтин ролу бурмалана бааланып жатканына күбөбүз.

Адилеттүүлүктү калыптандыруу максатында мындай көрүнүштөргө каршы туруу боюнча ишмердикти активдештирүү зарыл. Коомубуздун Мекен коргоочуларынын элесин урматтоого жана тарыхый чындыкты мыйзам менен коргоого умтулуусу эми РФ Конституциясында бекитилди.

— Азыр андай жоруктар кандай жазаланат?

— Улутчулдукту калыптандыруу жөнүндөгү (РФ 354.1-бер.) Россиянын Кылмыш кодексинин беренелеринин жоболору эми улутчулдук символиканы жана фашизм идеологиясын жайылтууга аракет кылгандарга карата колдонулат.

Жапжаңы, мисалы, онлайн "Өлбөс полк" акциясынын жүрүшүнө биздин реакциябыз: Россиянын бир катар субъектилеринин тургундары интернет сайттарга улутчулдардын жана Мекендин саткындарынын сүрөттөрүн жарыялашкан.

Кылмыш иштеринин бир бөлүгү аягына чыгып баратат, айрым фигуранттардын иши сотко өткөрүлгөн. Алардын бири, Перьм калаасынын жашоочусу Даниил Симанов соттолуп, 200 сааттык милдеттүү иштерге тартылды. Сот тарабынан берилген бул жаза кылмыштын коом үчүн кооптуу экенине толук жооп берет. Муну Симановго чыгарылган өкүм айгинелеп турат. Ошол себептен, жазык мыйзамынын бул жобосунун кандайдыр жазалоо инструменти катары колдонулушу айрым билдирүүлөр жана концлагерлер менен маңызы жок салыштыруулар баш катырат.

Германия Алексей Навальныйды үн катпоого мажбурлайт. Саресеп

— Мындай кылмыштарды иликтөөнүн татаалдыгы эмнеде?

— Кылмыштын бул курамында баары айдан ачык жана жөнөкөй туюлат. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Жөнөкөйлүктүн аркасында өз спецификасы жатат. Кылмыш жасоо жагдайларын аныктоодо тарыхый окуяларга карата тигил же бул айтылган сөздүн шайкешсиздик фактысы гана келтирилбейт.

Кеп адамдын кылмышка себебин жана мыйзамга жат аракеттеринин максаттуулугун, ошондой эле кылмыш курамынын объективдүү тарабын аныктоодо. Бул учурда ал СССРдин ишмердиктери тууралуу атайылап жалган маалыматтарды таратуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу улутчулдукту калыптандыруу жөнүндөгү берене боюнча алдын ала тергөөнүн айрым өзгөчөлүктөрү, анын спецификасы, ошондой эле иштелип чыккан иликтөө тажрыйбасы Тергөө комитетинде обочолонгон бөлүктү түзүү зарылдыгын жаратты. Өзүнчө иликтенген фактылардын эл аралык мүнөзү да жөндөмдүүлүк жана билимдин топтомун талап кылат. Кейиштүү, бирок бул көйгөй курчуп барат.

— Тарыхты терең талдоону талап кылган оор кылмыштар да болушу мүмкүн эмеспи. Сиздердин кызматкерлер мындайды иликтей алышабы?

— Жаңы бөлүктүн курамына Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү кирет. Ушундай кылмыштарды иликтөөдө алардын тажрыйбасы бар. Бул кызматкерлер, атап айтканда, юриспруденция, эл аралык укук жаатында гана тургай, тарых боюнча да кеңири билимге ээ.

Алар согуштук жана согуштан кийинки архивдик материалдардын чоң көлөмүн талдап, улутчулдардын кылмыштарындагы башка кылмыш иштерин иликтеп, зарыл учурларда окумуштуулардын да жардамын алышкан.

Мындан тышкары, бул иштер боюнча тийиштүү соттук, анын ичинде тарыхый экспертизаларды жүргүзүүнү камсыздайбыз. Дүйнөлүк деңгээлде аныкталган жана таанылган тарыхый фактылар боюнча лексикалык түзүлүшүн баалоого өзгөчө көңүл бөлүнөт. Бул иш толугу менен кылмыштын бөлүштүрүүчү белгилерин аныктоого багытталат. Ансыз кылмыш жообуна тартуу мүмкүн эмес.

Тергөөчү Нюрнберг аскердик трибуналынын чечимине негизделген эл аралык укуктун жоболоруна таянат. Анан, албетте, бул жаатындагы иш жарандардын илимий-тарыхый ишмердигине эч кандай таасир этпейт.

Улутчулдарды баатырга айлантуу, алардын адамзатка каршы кылмыштарын кубаттоо, элдин мурасын каралоо (кылмыш жазасына тартылчу иш) – өзүнчө кеп, ал эми негизделген илимий ишмердик жүргүзүү – бөлөк сөз.

Кылмыштарды иликтөөдөн сырткары, жаңы бөлүк координациялык борбордун ролун аткарып, кылмыш иштерин иликтөөдө аймактык тергөө органдарына методикалык-аналитикалык жардам көрсөтөт. Ошону менен катар тергөөчүлөрдүн ишмердиктин бул багытындагы тажрыйбасы жалпылаштырылып, мындай фактыларды баалоодо бекемделген укуктук ык-амалы камсыздалат. Иштин бул багыты менен катар башка кылмыштарды иликтөөлөргө байланышкан артыкчылыктарыбыз мурдагыдай эле көңүл чордонунда каларын белгилей кетейин.

Россия Германияга кол суна албайт. Учурдагы жагдайга сереп

— Башка мамлекеттерде да улутчулдук идеологияны жайылтууга байланышкан мындай кылмыштар жазык мыйзамы менен каралабы?

— ФРГ Кылмыш кодексинде конституцияга каршы келген уюмдардын үгүттүк материалдарын таркатуу боюнча жоопкерчиликке тартуу жагы каралган. Ошону менен бирге эле квалификациялоочу белгиси "улутчулдук-социализм идеологияларына байланышкан мазмундагы" материалдарды жайылтууга күчөтүлгөн жоопкерчиликти аныктайт.

Израилде кыргынды танууга кылмыш жоопкерчилиги каралган. Беларусь Республикасында улутчулдукту калыптандыруу аракеттери кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Айтмакчы, ушул тапта Людвигсбургдагы ФРГнын жер юстициясы башкармалыгынын борбордук мекемеси менен кызматташтык жолго коюлууда. Бул кызматташуу мындай кылмыштарды иликтөө боюнча кошумча импульсту берет. Ошол эле учурда Литва, Латвия жана Эстонияда СС бөлүктөрүнүн мурдагы аскер кызматкерлеринин уюмдары кубатталып жатканына күбөбүз. Алардын ишмердигин кезегинде Нюрнберг аскердик трибуналы кылмыштуу деп тааныган. Украинада мектеп окуучуларын жай калкты массалык өлтүрүүгө тиешеси бар улутчулдардын мүрзөсүнө гүлчамбар коюуга алып барышат. Гитлердик Германия менен кызматташкандарды баатыр кылып даңазалашат.

Европада реваншисттер жана неоулутчулдар баш көтөрүүдө. Атап айтканда, алар Австрия, Италия, Испанияда активдешүүдө. Азырынча андай көрүнүштөр бул өлкөлөрдүн жетекчилигин чочулатпайт көрүнөт. Бирок кийин алар коомдун аң-сезимине жаман таасир этиши мүмкүн.

— Чет өлкөлөрдөгү окуялар Россияга кандайдыр таасир эте алабы?

— Улутчулдукту калыптандыруу аракеттери жана Россиянын аскердик даңк символдорун кордоо чет жерлерде да катталууда. Азыркы жазык мыйзамы бизди андай кылмыштарга чара көрүүгө милдеттендирет.

Тергөө комитети Улуттук эстелик украиналык комитетинин төрагасы Владимир Вятровичке карата ишти иликтөөнү улантууда. Ага "октогу" европалык өлкөлөрдүн негизги аскердик кылмышкерлердин соту жана жазалоо үчүн Эл аралык аскердик трибунал чыгарган өкүм менен аныкталган фактыларды системалуу түрдө танышы боюнча айып тагылган. Латвия Республикасынын жараны, "СС Латыш легионунун" ардагери Висвалдис Лациске карата алдын ала иликтөө жүрүүдө.

2017-жылдын ноябрында Ригада анын авторлугу менен "Акыйкат жарыгындагы Латыш легиону" китеби чыккан. Анда "СС Латыш легионунун" полициялык батальону тарабынан жасалган тынч тургундарга каршы аскердик кылмыштарды Лацис туура деп баалаган.

2020-жылдын апрелинде Лацис көз жумду, бирок фигуранттын өлүмүнөн улам кылмыш иши жакын туугандарынын макулдугу менен гана токтотулат. Ошентип, кылмыш ишин иликтөө уланууда.

Быйыл Чехияда Советтер Союзунун Маршалы Иван Коневдин эстелигин кулатуу фактысы боюнча иш козголуп, иликтенүүдө. Ал Россиянын аскердик даңк символдорунун бири болуп саналат.

Жакында эле дагы бир ошондой эстеликти кордоо фактысы Литва Республикасынын Жежмаряй калаасында катталды. Шаарды куткарууда шейит болгон кызыл армиячылардын топ мүрзөсүнүн жанындагы Кызыл Армиянын жоокерлерине орнотулган эстеликке ошондой мамиле жасалды. Бул жагдайлар Россиянын Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү чара көрүүгө негиз болуп берди. Азыр бул факты процессуалдук текшерүүдөн өтүүдө.

— Жыйынтыгында эмнеге жетүүнү көздөйсүздөр?

— Биздин милдет — куткаруучу жоокерлердин, тынч тургундардын, улутчулдуктун курмандыктарынын жылуу элесин сактоо. Согуштан алган сабактарды билип, эстей жүрүү чагыбыздагы апааттардын жана катачылыктардын алдын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу дегенди туюндурат.

Муну эске алуу менен Тергөө комитетинин Издөө жана архивдик иштерин координациялоо боюнча штабын ачтык. Анын курамына башка мекемелердин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Россиянын ТК борбордук аппараты жана иликтөө органдарынын бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери кирди. Анын алкагында "Чектөө мөөнөтү жок" долбоору боюнча архивдик, тарыхый-чалгындоочу жана издөө иштери аткарылат.

Согушка жол бергендери үчүн улутчул кылмышкерлерге жана антигитлердик коалициянын өлкөлөрүнө бирдей жоопкерчилик жүктөө, улутчул кылмышкерлерди жана алардын шыкакчыларын актоо аракеттери тарыхты бурмалоо гана болуп саналбайт. Алар мыйзамга да, моралга да жат, тынчтыкты орноткондордун элесине шек келтирет. Дал ошол себептен, биз тарыхый чындыкты бурмалоого каршы туруп, аны менен бирге кылмыш-укуктук чараларды көрүүгө тийишпиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0