COVID-19 каршы вакцинаны өндүрүү. Архив

ДССУ Россияга "Спутник V" вакцинасы үчүн ыраазычылык билдирди

176
(жаңыланган 00:17 22.09.2020)
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү РФке коопсуз жана майнаптуу вакцинаны түзгөн эң сонун аракети үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Россия тарапка  коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын иштеп чыкканы үчүн ыраазы болуп жатат. Бул тууралуу аталган уюмдун Европа боюнча аймактык бюросунун директору Ханс Клюге билдиргенин РИА Новости жазды. 

"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Россия Федерациясынын COVID-19га каршы вакцина, тагыраагы, "Спутник V" вакцинасын иштеп чыкканын өтө баалайт. РФке коопсуз жана майнаптуу вакцинаны түзгөн эң сонун аракети үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирип кетким келет", — деп айткан Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен болгон жолугуунун жыйынтыгында.

Россияда COVID-19га каршы вакцинаны жаңыча сыноого уруксат берилди

Россиянын саламаттык сактоо министри буга чейин COVID-19ду профилактика кылган вакцина Гамалея атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология изилдөө борборунун адистери тарабынан Россиянын түз инвестициялары боюнча фонддун көмөгү менен иштелип чыкканын кабарлаган. Анын жетекчиси Кирилл Дмитриев учурда 20 өлкөдөн миллиард доза сатып алуу боюнча суроо-талап бар экенин билдирген. Ал Россия жылына 500 миллион доза вакцина чыгара ала турган беш өлкө менен кызматташууга макулдашкандыгын кошумчалаган.

176
Белгилер:
ыраазычылык, коронавирус, вакцина, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1100)
Тема боюнча
Россияда коронавирус менен грипптен бирдей коргоочу уникалдуу вакцина жасалууда
COVID-19: Россия вакцинаны сыноо мөөнөтүн кыскартууну пландап жатат
Россия президенти Владимир Путин

Владимир Путин алгачкы жолу Кыргызстандагы абал тууралуу пикирин айтты

118
(жаңыланган 00:27 23.10.2020)
Россия лидери постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууга чакырды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Мындай пикирин Россия президенти Владимир Путин "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун 17-жыйынында сүйлөп жатып айтты.

"Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Шайлоолордун арты менен элдик толкундоо келет. Бул эмнеден кабар берет? Көптөгөн өлкөлөр өз мамлекеттүүлүгүнө жаңыдан кадам таштап жатат. Андыктан мен кесиптештериме постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууну айтып келем. Бул өлкөлөрдөгү суверенитеттин калыптанып келе жаткан институттарын бузуп албаш үчүн кеп-кеңештерди айтып ички иштерине кийлигишпөө керек. Эл ич ара мамилени өзү калыпка салышы зарыл”, — деди Путин.

Токаев: Кыргызстандагы абалдын турукташуусуна кубанып жатам

Ошондой эле ал Россия Кыргызстан бутуна туруп кетишине жардам берүү үчүн көп нерсе кылганын, кыргыз экономикасына жана башка тармактарына жүз миллиондогон каражаттарды бөлгөнүн айтты.

“Албетте, биз санаа тартпай коё албайбыз. Бирок биз кеңеш берип же кайсы бир саясий күчкө насаатчы болгон жокпуз. Кыргызстанда абал тез арада турукташып, эки элдин достук мамилеси сакталып калат деп үмүт кылам”, — деди Россия лидери.

Ошондой эле ал мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн элдери менен көптөгөн жылдар бою бир мамлекеттин алкагында жашагандыктан, ар тараптан жакындыктар бар экенин кошумчалады.

118
Белгилер:
пикир, Владимир Путин, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин Коопсуздук кеңеши менен Кыргызстандагы кырдаалды талкуулады
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россияга барды

180
(жаңыланган 14:26 22.10.2020)
Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн, 22-октябрда, Россия Федерациясына барды. Бул тууралуу өлкөнүн РФтеги элчилигинен билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн маселелер талкууланат.

Мындан тышкары, кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди кароо пландаштырылууда.

Буга чейин Казакбаев Россияга эки күндүк иш сапары менен барары айтылган болчу

180
Белгилер:
Сергей Лавров, жолугушуу, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту