Алла Пугачева Instagram тармагындагы видеосу үчүн сынга кабылды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүРоссиялык ырчы Алла Пугачева. Архив
Россиялык ырчы Алла Пугачева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы өзүн смартфондун алдыңкы камерасына тарткан видеону күйөөсү жарыялаган. Буга көптөгөн комментарийлер жазылып, кескин сындар да айтылган.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Instagram колдонуучулары россиялык ырчы Алла Пугачева тартылган видеону "кызыктай" деп атап, сынга алышкан.

Артисттин жолдошу Максим Галкин Instagram баракчасына кыска видео жарыялаган. Анда Пугачева автокөлүктө бара жатып өзүн смартфондун алдыңкы камерасына видеого тарткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Максим Галкин (@maxgalkinru)

Instagram колдонуучуларынын айрымдары ырчы өзүн жакындан тартканы туура эмес болгонун айтышса, кээ бири анын таанылбай тургандай болуп өзгөргөнүн белгилеген. Дагы бирөөлөрү жаш куракты жашырбоого чакырышса, айрымдары бул видео ийгиликсиз чыгып калган деген пикир жазып, "кызыктай" видео деп сыпатташкан.

Кыялы бир топ аял. Галкиндин Пугачевага канча миллион рубль жумшары айтылды

Ал арада Пугачевадай болуп жаш көрүнгөндү жактаган катталуучулар да чыгышып, жылдыздуу жубайларга бакыт каалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0