Аюулар дронго кол салганда... Сахалинде тартылган видео

© Sputnik / Илья Тимин / Медиабанкка өтүүАюу. Архив
Аюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеографтын аппаратына аюулар эки ирет кол салган. Биринчисинде дронго секирип жетпей калышса, кийинкисинде жерге түшүрүп салышкан.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Сахалиндин тургуну Охотск деңизинин жээгинде аюуларды тартып жатып учкучу жок аппаратынан кол жууду. Фотограф жана видеограф Сергей Любаченко Instagram баракчасына акыркы кадрлары менен бөлүштү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Сергей Любаченко (@sergey_lyubachenko)

Кадрлардан жээкте балыкты жеп жаткан аюу кайсы бир убакта дронду байкап калып, ага секирип жерге түшүргүсү келгенин көрүүгө болот. Бирок видеограф квадрокоптерин алып кетүүгө үлгүрөт.

Любаченконун айтымында, видего бир эле аюу түшүп калган, бирок жанында экинчиси болгон. Роликти болжол менен 300 метр аралыктан тарткан.

Бир үйүр маралдын артынан түшүп, чаарчыгын баса калган аюунун видеосу

"Эртеси дагы бир жолу аюуларды тартканы бардым. Бирок мен бирөөнү тартып жатканда, экинчиси дронду бир шилтеп эле жерге түшүрүп салды. Ошентип бийиктен видео жасаган аппаратымдан айрылып калдым", — деген Любаченко

Жакында АКШнын Аляска штатынын түштүгүндөгү Катмай коругундагы жапайы аюулар жай айында чээнге киргиче эле семирип кеткен эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0